БАКЛАЖАН – КАБЫКТУУ ДАРЫКАНА
Убагында «акылдан адаштырган алма» деп эсептеп, жегенден коркуп келишкен баклажанды бүгүн дүйнө эли жактырып жешет. Мекени – Индия. Жашылча катары колдонула баштаганына 1500 жылдан ашты.
Чыгыш өлкөлөрүндө баклажанды «баклажан – кабыктуу дарыкана» деп аташат. Анткени бул жашылчанын курамынан Менделеевдин таблицасындагы бардык заттарды табууга болот. Тактап айтканда, А, С, РР жана В витаминдеринин топтомуна, кальций туздарына, фосфор, темир, калий, ошондой эле ичеги-карындын иштешин жөнгө салуучу клетчаткага бай. Дарыгерлердин айтымында, баклажанды жеп жүргөн адам канындагы холестериндин санын 50 пайызга чейин азайта алат. Себеби бул жашылчадан пектин затынын көп өлчөмүн табууга болот.
Баклажан кош бойлууларга, бала эмизген энелерге, карыларга, бөйрөк, боор оорулары менен жабыркагандарга да пайдалуу. Анткени курамындагы жез жана темир кандын гемоглобинин көтөрүп, органдардын иштешин жакшыртат. Ал эми РР витамини тамекини таштоого өбөлгө боло алат.
КОСМЕТОЛОГИЯДА
Эскертүү! Баклажан маскасын жумасына бир жолу гана жасоо сунушталат.
АШКАНАДА
Баклажан ашканада эттин ордун толуктай алат. Анткени айрымдар анын даамын эттикине, айрымдар козу карындын даамына окшоштурушат.
Тандоо. Жаңы үзүлгөн баклажандын салмагы оор болот. Ал эми жашыл сабагы анын жаңы экендигинен кабар берип турат. Өтө чоңоюп, уруктап кеткен баклажанды алуудан качыңыз. Анткени бул учурда курамында соланин заты көбөйүп кетет. Ал ууланууга алып келиши мүмкүн.
Колдонуу. Пайдалуу сапаттары сакталсын десеңиз, даярдоо алдында 20-30 мүнөт туздуу сууга салып же туздап коюңуз. Мындай ыкма менен аны ачуу даамынан арылтасыз.
Сактоо. Бул жашылчаны консервалоо, тоңдуруу жана кургатуу жолдору менен сактоого болот. Эгер тоңдуруу жолу менен сактайм десеңиз, баклажанды кесип, тузду сууга 5 мүнөт кайнатып, суусун сарыктырып, муздагандан кийин целлофан баштыкка ороп сактасаңыз болот. Кургатуу үчүн аны жууп-тазалап, кесип, жипке тизип, шамалдуу жерге илип коюу керек.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg