Болот Шамшиев менен Айтурган Темированын уулу Чыңгыз Шамшиев:«6 ЖАШЫМДА ТАСМАДА АПАМДЫН КИЧИНЕКЕЙ ЧАГЫН ОЙНОГОМ»

«Атасынан ашса ашат, кем эмес». Бул сөз бүгүнкү биздин каарманыбызга тиешелүү. Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев менен айтылуу актриса Айтурган Темированын уулу Чыңгыз Шамшиевдин бейнесине чогуу сапар алалы. Учурда 35 жашта. Жаш болгонуна карабай Чыңгыз Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматын аркалап келет.

– Саламатсызбы? Артта калган балалык күндөрүңүзгө кайрылалы дедик...
– Саламатчылык. Атам мен төрөлгөндө 38 жашта болгон, жумуштун майын чыгарып, турмуштун ачуу-таттуусун айырмалап калган учуру дегендей. Күнү-түнү иштеп эжем экөөбүзгө аз көңүл бурса да, өтө көптү үйрөттү. «Максат коё билиш керек, бир иш баштаса аягына сөзсүз чыгыш керек» деген сапаттарым атамдан берилген. Ата-энем күчтүү билим, татыктуу тарбия берди. Экөөнө тең ыраазымын.

– Эжеңиз Сүйүүтай менен өтө ынак болуп өссөңүз керек?..
– Эжемди сыйлачумун, жакшы көрчүмүн. Азыр дагы эң жакын адамдарымдын бири. Ата-энебиз съёмка менен көп убакытка кеткенде мени эжем карап калар эле. Кичине кезибизде үйгө дайыма окуганы же иштегени айылдан туугандар келишчү, биз алардын көзөмөлүндө болчубуз. Ата-энем съёмкага айлап, жылдап көп кеткендиктен көнүп калгам, «ии, кетишти, бир күнү келишет» деп койчумун. Ал эми Сүйүүтай эжемди көрбөй калсам аябай сагынчумун. Эсимде, бир жолу эжемди көпкө көрбөй сагынганымдан ата-энемдин диктофонго бизди жаздырганын кечке тыңшагам.

– Кайсы мектепте окудуңуз?
– Борбордогу №6-мектептен билим алгам. Бул мектеп француз тилин үйрөтүүгө багытталган. Абдан күчтүү мектеп эле, атам өзү да ошол мектепти бүткөн. Атама сабак берген мугалимдер мени да окутушту. Алтын медаль менен аяктоого эки сабагымдан жетпей калгам. Эжем борбордогу №5-кыргыз мектепте окуп, алтын медаль менен аяктаган.

– Кичинеңизде киного тартылган учур болдубу?
– Болгон. Эң биринчи жараткан ролум «Эрте келген турналардагы» эпизод. Эсиңерде болсо, согушка кетип жаткан адам жаңы төрөлгөн баласын өөп коштошот. Ошол ымыркай мен экем. Экинчи ролум, «Бөрү зындандагы» Саматтын баласы Бектур. Атамдын образын Талгат Нигматулин, апамдыкын өзүмдүн апам Айтурган Темирова жараткан. Мен анда болгону 4 жашта элем. Бир көрүнүштү эле 20 жолу тартышкан, аябай чарчап, аягында тажап да кеткем.
Үчүнчү тартылган тасмам казактардын «Көзгө атар» фильми. Мында апам башкы ролдо болчу. Анын кичине кезин аткарганга ылайыктуу кыз таба албай жатканда атам «Чыңгызга кыздын көйнөгүн кийгизип тарталы» деген. Мен алгач макул болбой качкам. Акырында башка вариант жок экенин сезсем керек, «Сөйкө такпагыла, калганына макулмун» дегем. Анда 6 жашта болчумун. Эч качан актёр болгум келген эмес, ошондуктан апамдын кичинекей кези менин акыркы ролум болду.

– Сүрөттү жакшы тартат деп уктум...
– Ооба, сүрөтчү болом деп кичинемде катуу «ооругам». 2 жашымдан тарта сүрөткө кызыктым. Мектептен үйгө сүрөт тартам деп шашып келчүмүн. Жамбул Жумабаев деген белгилүү сүрөтчү бар эле, ал, Сүймөнкул Чокморов атамдын жакын достору болчу. Алар үйгө келген сайын менин сүрөттөрүмдү талкууга алышып, «Эмнеге сен минтип ойлодуң, эмнеге мындай тарттың?» деп мени менен чоң адамдардай сүйлөшүп, кеңештерин беришчү.
Мектептин дубал гезити үчүн мен жооп берчүмүн. Завуч менен класс жетекчим чакырып тапшырма бергендери али да эсимде. Андан кийин пластилинден мультфильм каармандарын жасоого кызыгып калгам. Атам эмгегимди карап туруп профессионал катары сындарын жаадырчу. «Эң башкысы, өңдөрүн туура танда» деп көп айтчу. Клипмейкер, мультипликатор болом деген оюм Союздун урашы менен кошо урады. Дегеним, ата-энем экөө бирдей жумушсуз калды. Искусство ишмерлеринин бардыгы ушундай мезгилге туш келишти.

– Бала кезде тарткан сүрөттөрдөн эстеликке калгандары барбы?
– Албетте, бар. Айрымдары сүрөт альбомдо сакталуу. Сизге бир окуя айтып берейин. 1990-жылдары өлкөдө ар кандай багыттагы компаниялар каттоодон өтүп, иштей баштаган учур эмес беле. Аларга логотип керек болду. 90-жылдары 400 доллар чоң акча болчу да. Таңкы төрткө чейин иштеп жүрүп төрт логотип жасап 400 долларга саткам. Бирөө азыркыга чейин колдонуп келе жатышкан Көк бөрү федерациясынын эмблемасы.

– Көп нерсе билүүгө кызыккан ынтызар бала болгонуңуз байкалып турат...
«Бул эмне, эмнеге, кантип?» деген суроолор күнүгө ата-энеме жүздөп берилчү. Ушундай суроолордон улам мага бир жакшы идея келгенин дайыма айтып келем. Америка кошмо штаттарын башкарган президенттер тууралуу маалыматтарды, сүрөттөрдү чогултууну максат кылып алгам. Ошентип жүрүп 13-президентти кошпогондо 40 президенттин аты-жөнүн жатка билип алгам. Ошол маалда АКШнын СССРдеги элчиси Жек Мэтлок Кыргызстанга иш сапары менен келип калды. Атам да жолугушууга бармай болуп, «Мына сага мүмкүнчүлүк. Чыныгы эркек бол, тартынбай, билбей жаткан президентиңди сура» деп мени ээрчитип алды. Тиги жерге барганда калтырап-титиреп, коркуп туруп калдым. Ошондо атам элчиге «Менин балам АКШнын бардык президенттери жөнүндө маалымат чогултуп жатты эле, 13-президент ким болгонун билбей жатат, айтып коюңузчу» деди. «Аа, ошондойбу, менин да эсимден чыгып турат, Америкага барганда сага атайын китеп салып жиберем» деген. Чындыгында, ал кишиге караганда мен көптү билет экем.

– Ата-энеңиз сиз эс тартканда эле ажырашып кетишти окшойт да?..
– Мен ал кезде 15 жашта болчумун. Албетте, мага абдан катуу тийди. Бирок турмуш экен. Үйлөнүшөт, ажырашат. Бул боюнча ата-энемди күнөөлөбөйм.

– Кайсы окуу жайдын босогосун аттагансыз?
– Мектепти аяктап Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетинин экономика жана башкаруу бөлүмүнө тапшырдым. 2-курсту аяктагандан кийин, 19 жашымда Франциянын Гренобль шаарындагы Пьер Мендес Франс атындагы университетке которулуп кеттим. Француз тилин мектептен эле жакшы билчүмүн дебедимби. Ошентип Францияда 13 жыл болдум. Экономика илимдери боюнча докторлугумду жактадым. Ал эмгегим эң жакшы диссертациялардын катарын толуктап, мен курактагылардын ичинен эң жаш окумуштуу болдум. Мага ал жактын эмнеси жакты? Шамшиевдин, Темированын баласы экенимди эч ким билбейт. Бардыгына өз күчүм менен жеттим. Бүгүнкү күнгө чейин өзүм окуп бүткөн университеттин илимий кызматкеримин.

– Францияда калып калуу оюңузга келген жокпу?
– Калып калуу оюма келди, катуу ойлондум. «Кетишим керек болсо азыр кетишим керек. Калсам, анда кете албайм» дедим. Чет өлкөгө барган жаштар менен «Келечекке пландар кандай?» деп сүйлөшсөң, сөзсүз ондун тогузу «калам» дешет. Муну жашырбастан моюнубузга алышыбыз жана бир чара колдонушубуз шарт. Жаштардын баары кете берсе мамлекет кайдан өнүгөт?!
Акыры өз мекениме кайтып келүүнү чечтим. Келген соң Улуттук стратегиялык изилдөө институтун башкардым. Анан Атамбаев чакырып, Президентке караштуу мамлекеттик академиянын ректорлугун сунуштады.

– Кыргызстан канткенде өнүгүү жолуна түшөт?
– Биринчиден, саясатта бир аз тынчтык болсо, митинг, пикет болбосо экономикада жок дегенде 5-6 пайыз өнүгүү болот. Экинчиден, иштеш үчүн жакшы шарттарды түзүү керек. Мисалы, интернет, таза суу, транспорт, жарык, укук коргоо органдары, соттор, кыскасы, бардыгы өз орду менен жана таза иш алып барышы зарыл. Анткени булардын бардыгы инвесторлор үчүн маанилүү. Эгер мен кафе, дүкөн ачсам, мени коргогон эч ким болбосо, эртең бирөө тоноп кетиши мүмкүн да, туурабы? Үчүнчүдөн, бала бакча, мектеп, училище, техникум, ЖОЖдор, бардыгына реформа керек. Пол жуугуч, ашпозчудан тарта өз ишин мыкты билген адамдар иштеши керек.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Үй-бүлөм бар. Уулдуу болгом.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик!

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кыргызстанга өз салымымды кошуу үчүн келдим" дейт Чыңгыз Шамшиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Eliza83
2013-10-14 11:48:58
Сиздей чыгаан уулдар кыргызымда коп болсун!Ишинизге ийгилик!
+4
Aitunuk
2013-10-15 18:58:04
"Аккан арыктан суу агат" деген ушу. Ата-энеңыз - кыргыз искусствосунун калыптанышына эң зор эмгек сиңирген инсандар. Ал адамдар кыргыз тарыхында 20- кылымдын улуу инсандары катары калат. Сиз 21-кылымдын татыктуу уулу болуңуз. Ийгилик.
+4
jonsons
2013-10-16 14:12:17
Абдан карапайым адам экенин билем. француз лектор менен суудай суйлошот экен деп оозум ачылган корсо Францияда окуган экен да. молодец соз жок ушундай жигиттер коп болсун Аминь
0
alirun
2013-10-16 16:11:00
Реформа кылам деп элдин баарын жумуштан алды. Озунун кишилерин эле алып келди. Бул деле баягылардын бири.
0
Asus84
2013-10-17 14:12:30
коп адамды иштен алып салып кууратты, мына канчасы иш издеп таппай атат ушу кунго чейин кыйналып келатышат, анан кайдагы онукконду айтат бул бала, кыйын болсо уйротпойбу жумуштан албай бул да акчанын кулу да бир, аз калды бул да депутат болот анан курсагы жерге тийет жаман корсон жарманды бербей кой
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан