ШОУ-БИЗНЕСТИН ЭЛПЕК КҮЙӨӨ БАЛДАРЫ

Сулуулук курмандыкты талап кылгандай эле атактуулукка жетүү да оңой эмес. Арабызда сахнаны таштабай үйбүлө, бала-чакага да жетишип, эл оозунан түшпөй келе жаткандар бар. Албетте, кыздарыбыздын шоу-бизнести дүңгүрөтүп жаткандарына күйөөлөрүнүн салымы чоң. Башкача айтканда, аты аталган айымдар үйбүлө чылбырын жолдошу менен тең тайлаша кармап, айрымдары «рулга» да отуруп алышкан.


Анжелика

Көргөндө жигиттердин жүрөгүн дүкүлдөткөн Анжелика сулууну ким билбейт?! Дал ушул кызыбыз артынан ээрчиген бийлиги, байлыгы башынан ашкандарды карабай, жүрөгү сүйгөн таластык жигитке турмушка чыккан. Токтоо мүнөз күйөө балабыз Урмат Анжелика үчүн баарына даяр. Анткениөзүнүн ажыга барып келгенине, беш убак намаз окуганына карабай, жубайын Барби куурчактай кылып сахнага чыгарып келет. Балким, күйөөнү башынан деген мыйзамды Анжелика катуу кармап келет чыгар. Же болбосо, Урмат сүйүктүүсү үчүн баарына даярдыр. Кантсе да экөөнү бактылуу болушсун дейбиз.


Айчүрөк

Күйөөсү Таалайдан бир канча жылга эрте көйнөк жырткан Айчүрөк Иманалиева сахна, үйбүлө деген кошөгүздүөйдө карай сүйрөп келе жаткан айым. Минтип атактуулук сапарына аттангандардын арасындаөгүзүөлүп,өзү талаада калгандар да жок эмес. Жаштар менен теңтайлашып сахнадан түшпөй, үйдө отургандар менен атаандашып үч бала төрөгөнгө жетишти. Эжебиздин эки жакка бирдей жетишип жатканына Таалай жездебиздин Айчүрөк дегенде ичкен ашын жерге коюп, колдогону себептир. Балким, бул үйбүлөнүн «пульту» эжекебиздедир. Эмнеси болсо да Таалай универсал күйөө. Анткени мыкты күйөө, мыкты продюсер, жеке айдоочу, кыскасы, Таалай жездебиз Айчүрөк айым каалаган инсандын ролун так аткарып келет.


Назира

Тили менен буудай кууруган Назира Айтбекова да бизди күйөө балалуу кылып, келиндик доорду сүрүп жаткан кези. Бул кызыбыз турмушка чыккандан кийин эле ачылгандан ачылып, чачылгандан чачылып кетти. Демейде турмушка чыккандан кийин токтолуп, ашыкча сүйлөбөй калышат эмеспи. А Назира болсо декреттик эс алууга чыккыча “Браводон” сөз сандыгын каалаганча чачып, күйөрмандарына ой-да эркелеп алды көрүнөт. Ай-күнү жетип турган бул кызыбыз эркелигин койбой, дагы деле той-топурдун көркүн ачып жүргөн кези. Балким, Назира «шоу-бизнеске күйөө бала» болгон Искенди «баланы жашынан, күйөөнү башынан» дегендей “башынан сүзүп алайын” деп жаткандыр. Эмнеси болсо да кызыбыздын аман-эсен көз жарып алышын тилейбиз.


Гүлзинат

Кыргыз сахнасында гана эмес, Орусиянын сахнасында ырдаганга жетишкен Гүлзинат азербайжан жигитинин жүрөгүн багындырган. Бул кыздын ал жигитке турмушка чыгып,өзү азербайжанга айланбай, тескерисинче, күйөөсүн кыргыз кылып алганын көр. Ырчы үйдө кыргызча сүйлөп, кыргыз тамактарын жеп, кыргызча жашайт. Башында таптакыр кыргызча билбеген Ралисти беш-алты жыл аралыгында кыргызча сүйлөткөн ырчы кыз кыйын. Бул үйбүлөдө Гүлзинаттын сөзү Ралис үчүн мыйзам экен. Биздин кыздын сулуулугуна арбалган күйөө бала Гүлзинат үчүн баарына кайыл.


Асема

“Боз салкын” тасмасынан кийин популярдуулукка жетишкен Асеманы бардык эле жигиттер билет болушу керек. Ошол маалда актрисанын “курсу” долларга көтөрүлгөн эле. Жылдызы жанып, бул кызыбыз көп эле жигиттердин арзуусуна татыды. Ошентсе да актриса далай жигиттин арасынан баткендик жигит Акжолду тандаган. “Менин күйөөм баткендик эмес, түркиялык кыргыз” деп тамашалай коюп, сөзүнөн жаңылган эле. Эмнеси болсо да жаш үйбүлө бактылуу болушсун.


Айжамал

Сахнанын көркүн ачкан “Кыз-Бурактын” кылыктуу кызы Айжамал да бир жигиттин багын ачып, сүйкүмдүү жар болду. Ширин кыздын энеси болууга жетишкен бул ырчы бир аз тыныгуудан кийин кайрадан сахнаны гүлдөтөм деп турган кези. Күйөө бала да “Кыз-Бурактагы” бажаларынын жолун жолдоп, ырчыны сахнага чыгарууга каршы эмес. Каршы болуп эле көрсүнчү?! Эмне, 376 күйөө балага тилиөткөн Гүлшайыр эженин бир Айжамалдын жолдошуна тилиөтпөй калыптырбы? Гүлшайыр эжеге күйөө бала болуу да, болгондон кийин кутулуу да оңой эмес. Эми “Кыз-Бурактын” музыкасына бийлеп, “жан, жан, жолуктуң кайдан?” деп ырдап коюп жашай берет да Азамат. Бул эки жашка да бакыт тилейбиз.


Ий бетим

Микаэль асманда калып...

Кыздар сүйгөн Микаэльөткөн жумада Ысык-Көлдө эс алып келди. Ырчынын бул эс алуусу эстен кеткис болуптур. Анткени көлгө түшүп, күнгө кактанып, балыкка тоюп эле тим болгон жок. Көлдүн жээгиндеги аттракциондорго түшүп жыргаптыр. Эс алууга көмөк берген “америкалык аттракционго” түшүп, ырчынын жүрөгү оозуна кептелгенин эч унутпас болуптур. Бирде асманды, бирде жерди карап айланып жатканда капысынан светөчүп калып, ырчынын башы жерди караган бойдон токтоп калат. Ошол калыпта бир сааттай асылып, башы ылдый карап турганга аргасыз болуптур. Жарык күйүп, аттракцион иштеп баштаганда ырчынын муундары калчылдап, жерге түшкөндөн кийин даөзүнө келе албай туруптур. Ошентип, «америкалык аттракционго» таарынган Микаэль «мени коркуткан мындай нерсеге экинчи түшпөймүн» дейт.


Ильяз тойго барып «лажа» болгондо...

Таланттуу ырчыбыз Ильяз Абдыразаковду жактырган күйөрмандары тойго көп чакырышат. Ошондой заказдардын биринде акчасын, убактысын, кайсы кафе экенин сүйлөшүп тактап алган ырчы, той болор күнү айтылган саатта кафеге кирип барат. Кирип эле сүйлөшүлгөн боюнча 3-4 ыр ырдап, элдин батасын алып чыгып кетип бара жатса, телефону чырылдап калат. Алса эле баягы сүйлөшкөн тойдун ээси. “Качан келесиң? Биз сени күтүп жатабыз” дейт. “Азыр эле ырдап чыкпадымбы?” десе “жок, сен келген жоксуң, кандай сөзүңө турбаган баласың?” деп жиндене баштайт. Көрсө, ал барган кафенин астыңкы кабатында да, үстүңкү кабатында да той болуп жаткан экен. Ошентип, ырчы экинчи кабаттагы тойго да барып ырдаганга аргасыз болуптур. Эртеси күнү бизге жолугуп “ушинтип “лажа” болбодумбу” деп каткырып айтып берди.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 356, 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан