Күүгүм. Акылай атасынын жумуштан келер маалын жакшы билчү. Адаттагыдай эле кубанып алдынан тосуп чыкты да, атасынын моюнуна артыла:
– Ата, мага бүгүн эмне алып келдиңиз?- деди шаша-буша.
Атасы кызынын бул жоругуна бир бырс күлүп алды да, алаканын ачып:
– Мынакей, сага алтын данек алып келдим,- деди.
– Алтын? Бул чын эле алтынбы?
– Ооба.
– Бирок апамдын шакегиндей болуп жалтырабайт экен го...
– Кызым, жалтырагандын баары алтын боло бербейт. Мына чыныгы алтын.
Ошентип, атасы экөө баягы данекти топурак толтурулган карапага салып көмүп коюшту. Арадан күндөр өттү. Данек өнүп, топуракты жарып чыгат. Айлар өтүп, ал бутак байлап
чоңоёт. Анан атасы менен кызы экөөлөп аны сырттагы бакчага отургузушат да, күнүгө суу куюп карай башташты. Бир нече жылдан кийин баягы бак шагы ийилип мөмө берди. Ошондо атасы кызын чакырып:
– Кызым, айтчы, бул шагы ийилген алма багы биздин бакчада кантип пайда болду?
– Сиз алып келген алтын данектен.
– Көрдүңбү, артынан көп жакшылыктарды алып келген нерсенин баарын алтын деп атоого болот. Ал тургай сен да алтын деп аталууга татыктуусуң. Анткени сен кичинекей данектен минтип чоң бакты өстүрдүң.
– Ооба, атаке, мен эми түшүндүм. Мен алтындан жасалган буюмдарды гана баалуу деп жүрчү турбаймынбы. Сизге рахмат!- деп ыраазычылыгын билдирип, дагы көп бактын түрлөрүн өстүрүүгө сөз бериптир.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg