Майрамкан Абылкасымова:«CҮЙҮШТҮК, БИРОК ЖЕТПЕДИК»

Акын-жазуучулар жаратылыш кооздугун, аруулукту, сулуулукту, акылга баш ийбеген сүйүүнү ырга же көркөм чыгармага айлантышат эмеспи. Биз кеп кылчу бүгүнкү чыгарма элдин көбүнө тааныш, кулагына сиңип калган. Керим Турапов, Кубаныч Сатаев аткарган «Сагынам» аттуу чыгарма атактуу акын Майрамкан Абылкасымовага арналган экен, анда кеп учугун акын өзү уласын.

Сагынам
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Колума кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.

Алыстан суунун шарынан,
Айтылып сырлар абдан.
Ар дайым бирге болууга,
Антташкан күндү сагынам. 

Сагынам, жаным, сагынам,
Алыссың кантем жанымдан,
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.

«ФИЛАРМОНИЯНЫ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТОЛТУРУШЧУ»
– 7-классты бүтүп келип, Маяковский атындагы училищеде окуп калдым. Анда 3-курсту аяктап, анан институтка өтчүбүз. Мектепте жалаң «5» деген баага окуп, ыр-хор ийримдерин уюштуруп, дубал гезитин чыгарып активисттердин активисти элем. Мындай күндөр менен жашаган жаным училищеде тынч жүрмөк белем.
Биздин окуу жай Дзержинский сейил багынын жанында болчу. Филармонияга артисттер концерт бергенде залы толбой калчу. Анан студенттерди айдап барып кишинин санын көбөйтүп коюшчу.

«ЫР ТУУЛГАН АЙЫЛЫМ АЛМАЛЫДА ЖАРАЛГАН»
– Бир жолу концертте Жапар Чабалдаев «Сагынам», досу Ормонбек Асанов «Айнагүл» деген ырды аткарышты. «Айнагүл» менден 2 курс жогору окуган кызга арналганын баарыбыз билчүбүз. Ал эми концерттен кийин «Сагынам» мага арналганын угуп жатпаймынбы. Ал, көрсө, мындайча болуптур.
Филармониянын артисттери айлап-жылдап жер кыдырып концерт беришчү. Ошентип Ашыралы Айталиев баштаган топ Кеминге караштуу мен туулуп-өскөн Алмалы айылына да келишет. Аты айтып тургандай, биздин айыл алма-бактуу эле. Илгери Чүй боорунда алманын түрү биздин гана айылда өстүрүлүптүр, калгандары кийин тигишкен экен. Концерттен кийин артисттерди биздин колхоздун жетекчилери аябай сыйлашыптыр. Ошондо сөзү Жапар Чабалдаевге, обону Бейшеке Жандаровго таандык «Сагынам» деген ыр жаралган экен. Жапар экөөбүз ошол кезде жакшы тааныш элек. Менин алмалылык экенимди билгенден кийин «Сагынам» сага арналат» деген.

«КУРБУЛАРЫМ ДА, ЧОҢ АТАМ ДА АЙНЫТЫШТЫ»
– Жапар Чабалдаевде мага сезим болгон. Сезими жактыруу гана эмес, ысык болчу. Ошон үчүн чакырбасам деле «сенин ийримиңе барып ырдайм» деп, мени көрмөккө келе берчү. Мен да аны жактыргам. Аябай жакшы ырдачу. Ырдагандарды азыр деле жакшы көрөм. Курбу кыздарым «Артистти күйөөм дебе» дейт, булар сүйүүгө туруксуз келишет. Үй-бүлө күткөндөн кийин деле басып кетишет» деп буза беришчү. Ал аз келгенсип, чоң атам да кийлигишкен. «Артисттер барган айылында эле кайсы кыз жагып калса «бул ыр сага арналат» дей беришет, сен ишенбе. Артист да болбойсуң, артистке да тийбейсиң. Андан көрө Калыгул атаңдай акын бол» деп жини келген. Чоң атамдын сөзү мен үчүн мыйзам эле. Анткени ошол кишинин колунда чоңойгом. Өз атамды байке деп чакырчумун. Ошентип сүйүштүк, бирок жетпедик.

«САГЫНАМ» МОСКВАДА ДА ЖАҢЫРГАН»
– Жапар ата-энесинин жалгыз уулу эле. Ошондон улам «алыс кетпей эле туугандардын кызын алып берели» дешип, өздөрүнүн жээнин алып беришкен. Аялын сүйбөсө, артист болсо, үйүнө тийип-качып жүрүп, төрт балалуу болгондон кийин ажырашып кеткен.
Жапардын ырдаганын радиодон угуп калса жолдошум «сүйгөнүң ырдап жатат» деп тийишип калчу. Азыр бул ырды Дүйшөн Үкүев дал Жапардын өзүндөй аткарат да, «ыр Майрамкан Абылкасымовага арналган» деп айтып коёт.
1950-жылдары Москвада кыргыз маданиятынын күндөрү өткөн. Ошондо кароо-сынактардын негизинде «Сагынам», «Айнагүл» деген ырлар Москвада ырдалмак болгон. Ушул 2 ыр тең ошол маалда өтө популярдуу эле. «Айнагүлдү» ырдаган Ормонбек Асанов Москвага кетчү топтон эмнегедир 2 күн эрте учмак болгон. Кырсык шаштырды белем, учак асманга көтөрүлгөндө жарылып каза тапкан. Келбеттүү жигит эле, жаш да кетти, аябай жаман болдук. Эки күндөн кийин маданият өкүлдөрү кетишкен. Ошентип «Сагынам» Москвада да жаңырган.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
EMILI
2013-10-15 00:01:36
Эже айткан Ормонбек Асанов биздин айылдан Аксылык болот.Айылыбыздагы 2 кабаттан турган маданият уйу ушул адамдын ысмын алып журот.1 ай мурун туулган кунумо карата иш чара откорулду.Эже айткандай келишимдуу,уну кооз,накта онор ээси болгон экен.
+1
Сары
2013-10-17 15:09:43
Сөзү: К.Алмазбековдуку
Обону: Б.Жандаровдуку

Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Жумуштан иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.

Көрүшкөн жандай жаңыдан,
Кете албай алыс жаныңдан.
Кылчактап улам кайрылып,
Кыйылган күндү сагынам.

Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр багынан.
Колума кызыл гүл а
0
Сары
2013-10-17 15:10:59
2012ж К.Алмазбеков агабыздын эскеруу кечээсине келгенде ушул эжекебиз сахнага чыгып алып Какен мага арнап чыгарган ушул ырды деп айтты эле.Кайсы созуно ишенсе болот?
0
Сары
2013-10-17 15:14:47
Сөзү: К.Алмазбековдуку
Обону: Б.Жандаровдуку

Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Жумуштан иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.

Көрүшкөн жандай жаңыдан,
Кете албай алыс жаныңдан.
Кылчактап улам кайрылып,
Кыйылган күндү сагынам.

Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр багынан.
Колума кызыл гүл а
0
Сары
2013-10-17 15:20:58
Какен Алмазбеков агабыздын эскеруу кечесинде Керим Турапов агабыз келип "Сагынам" ырын аткарып берген эле.
0
kgul
2013-10-21 00:13:11
Артист эмесби кимди жактырса ошого арнап кое беретда
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан