Нурлан Насип:«ТЕХНИКА МЕНЕН АЯЛДАРГА ИШЕНИП БОЛБОЙТ»

Өткөн орду Спорт Ордосу
Башталышы
(20:15) 1 сааттан ашык кечикти
Көрүүчүлөр
Залдын 100 пайызы
Мыкты номер Нурландын аккордеондун коштоосунда ырдаган «Чабалекей» ыры

Алпаруучулар
Нурзат Токтосунова, Нурзада Жолдошова
Билет баасы 300-700 сом

4-5-октябрь күндөрү Нурлан Насип күйөрмандарынын черин ырлары менен жазды. Концерт туура бир сааттан ашык күттүргөнү менен, жүрүшү кечиккенин жууп кетти. Алдын ала ырчы тууралуу кыскача слайд-шоу даярдалып, балакай Нүкүдөн тартып азыркы Нурлан Насип болгонго чейинки сүрөттөрү көрсөтүлдү. Андан соң жарк этип Нурзат менен Нурзада сахнага чыгып, нурлуу концертти ачык деп жарыялашты.
Концерт башталарда сахнага жык толгон элди көрүп «бир кездеги Султан, Мирбектердин доорун сүрүп жаткан экен Нурлан» деп койдум. Анткени азыр ырга эмес, митингге ыктаган элди эки күн катарынан чогултуп концерт коюш оңой иш эмес. Концертте коноктор ырдап, баары эле өз нугу менен келаткан, бир маалда Нурлан Малика-Динаны колунан жетелеп сахнага алып чыкканда аппаратура өчүп калбаспы. Көрүүчүлөр бул учурда бир сыйра уу-дуу болуп, кыйкырып-ышкырып, кол чаап Нурланды жакшы колдоп турушту. Негизи ырчы болгон соң аспаптарда кол ойноткон жакшы эмеспи. 2000 кишиге оңой менен үнү жетпей, унчукпай туруп калган Нурланга дароо аккордеонду алып чыгып бере салышты эле, чыныгы концерт ошондо башталды. Досун жалгыз калтырбайлы дештиби Аваз Акимов, Данияр Эрматов, алпаруучулар чогуу кол чаап, ырчыны сүрөп турушту. Чоң сахнанын ортосунда кичинекей болгон Нурлан Бек Борбиевдин «Cуктанам» аттуу ырын аткарууга киришкенде эл кадимкидей жандана түштү. Буга чейин «кол чаппайсыңарбы» деп улам убара тартып жаткан ырчыга эл сурантпай кол чаап, кошулуп ырдап киришти. Баары бир дүңкү-дүңккө караганда аккордеон, комуз деген кулакка да угумдуу эмеспи. Ошентип эки ырдан соң «техника менен аялзатына ишенип болбойт» деп тамашалаган Нуке кайра концертти улантып кетти.
Коноктордон Бек Борбиев, Данияр Эрматов, Аваз Акимов, Чыңгыз Турдубеков, Асел Кадырбекова куттуктап өттү. Анан да, кызыгы, аягында Нурлан кайсы суйкайган кызды жетелеп чыгып сүйүүсүн билдирет экен деп бир нече көз күтүп калса, кооз сөздөр менен арзуусун элге арнап салбаспы. Ошентип Нурландын ырларына канып, жолубузга түштүк.

Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип сүйүүсүн ачыкка чыгарды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
aiza11.3
2013-10-15 00:46:18
Очуп калбай ырдап журо бер эми
0
gulay78
2013-10-15 11:06:14
Азамат Нурлан ийгилик сага
+1
Merry
2013-10-15 14:44:33
вооот ушул баланы ырчы десе жарашат, сонун жигит)) ырлары да уну да соонун))
+1
Ханбийке
2013-10-15 15:16:56
Нурлан азаматсын, ийгилик сага, талантын тоо суусундай ташкындай берсин!
0
4ok4oloi
2013-10-15 18:05:55
Азаматсын! сенин ырларыны апам да жакшы коруп угат
0
Samat-89-kg
2013-10-15 18:18:23
ЭЭ туугандар Ар кимдин ырын ырдаганы менен Нурлан Насиптин талантынааа тазиим эттим.. мен жандуу ырдай албаса керек дегенмин...Нурлан ийгилик сага!!!
+1
sanzhar83
2013-10-16 16:40:00
Толик сынчынын ким экенин билип албадымбы.....
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-10-16 17:20:47
Азамат. Ийгилик сага. Атайын корбодумбу жандуу ырдаганын угайын деп.
0
bemaKG90
2013-10-17 02:12:16
Rumyanany olturo boyopturgo betine
0
aygesha
2013-10-18 12:23:51
bemaKG90, Сага эмне ал да жарашканга жарашат,ииииии ушул силерди сынатып эле койсо.
0
Asus84
2013-10-17 11:41:32
мен кордум концертин оло сонун болду да катырды да катырды, супер соз жок 5 саат болду концерт урааа
+1
Aizat_1991
2013-10-18 00:15:20
Менин жердешим да, Нурлан азаматсын! Ушул Толик сынчы сындаганда эт жебесем да шорпо ичкендей болуп жарпым жазыла тушот да:-)
0
Ramina
2013-10-18 17:58:14
Соонун болуптур концерт, баргандай эле болдум
0
A.Aliev
2013-10-19 16:45:09
абдан чон кетпе насип сенда очосун шамга окшоп
-1
asylzat_meka
2013-10-19 18:05:18
Нурлан Насип чындыгында эле заманыбыздын мыкты ырчы мырзасы! Концертине 1000000000+ деген баа бердим) Азаматсыз)Бар болунуз) Сиздин ырларыныз биздин жан дуйнобуздун азыгы)Мыкты ырларды жарата бериниз) Сизди колдоп-коштоого дайым даярбыз, суйуктуу ырчы мырзабыз------Нурлан Насип!
0
Adik74
2013-10-21 03:46:00
Нурик молодец!!!
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан