Өткөн жылдын август айында Талас облусунда Мира Жуманалиева аттуу келин каза болуп, анын өлүмүнө күнөөлөнүп 6 жигит милиция тарабынан кармалган. Аларга «келинди зордуктап, анан өлтүрүп коюшкан» деген айып тагылган. Жабырлануучу тарап «сот акыйкатсыз жүрүп жатат» дешсе, шектүү делинип кармалгандардын жакындары «бейкүнөө балдарыбыз камалууда» дешүүдө. Чындык ким тарапта?
«ЖЭЭНИМДИН БИР КАПТАЛЫ КЫЙМЫЛДАБАЙ КАЛДЫ»
Каза болгон Мира Жуманалиеванын иниси МИРЛАН ЖУМАНАЛИЕВ бул каргашалуу окуя тууралуу төмөнкүлөрдү баяндап берди:– Үй-бүлөдө 9 бир тууган элек, 4 кыз, 5 уул. Минтип сегизибиз калдык. Эжем Мира Жуманалиева 1973-жылы туулган. Каракол айылына турмушка чыккан.
19-июлда ал кечке жуук дүкөнгө чыккан бойдон кайрылып келген эмес. Ошол эле күнү айылдан бир келин Бактияр деген бала эжемдин бетине жоолук жаап токой жакка сүйрөп баратканын көрүптүр. Ал жактан арак ичирип кыйнаганбы, айтор, кийими токойдо калыптыр. Андан эки күн өткөндө ошол айылга турмушка чыккан классташым мага телефон чалып «эжең эки күндөн бери жок, таппай жатышат» деп билдирди. 21-июль күнү бир туугандар чогуу барып издеп, өзүн таппай, кийимин токойдон таптык.
Андан соң милиция кызматкерлери келип иликтеп, Эрмек Сабатаров деген баланы кармап кетишти. Ошентип сүрүштүрүп отуруп 6 бала шектүү болуп чыкты. 25-июлда эртең менен мага эжемдин кайниси телефон чалып «жеңемдин асылып калган денеси табылды» деди. Билишимче, эжемди ошол күнү бир үйгө алып барышыптыр. Ошол жактан зордуктап, ошондо эле өлтүрүп, андан соң асып коюшкан да. Анын үстүнө эжем күрмөп да байлай алчу эмес, ал болсо күрмөп байланган жипке асылган. Жолдошу деле анын малды күрмөп байлай албаганын далилдеп бере алат. 3 жашар кызы бар эле, апасынын каза болгонун укканда сол капталы кыймылдабай калды.
«СОТТО АКЫЙКАТТЫК ЖОК ЭКЕН»
– Ошол учурда ал балдар өздөрү деле кечирим сурап келип жатышты. Бузурманкул Сабатаров деген киши баласын алдыма алып келип, уулу кылмышын моюнуна алып, «кечиришели, болор иш болуптур» деп суранган. Мен «Кызын дарылатып бергиле, кечиришели. Баарыбыз адам экенбиз, баарыбыздын башыбызга түшөт» деп айткам. Кызын дарылатып беребиз дешкен, бирок бир аз убакыт өткөндө алар кайра биздин артыбыздан жамандап, «ал келин ичкилик иччү, жаман келин болчу» деген сыяктуу кайдагы бир сөздөрдү айта башташты.
Мен муну-тигини деп деле сураган жокмун, өздөрү эжемдин баласы менен кызына Талас шаарынан үй алып берели дешти. «Өзүңөрдүн пейилиңер менен болсо, макулмун» дедим. Таластан 2 үйдү көрсөтүшкөн, эми кайра бизди жаманатты кылып жатышпайбы. Учурда соттошуп жатабыз. Сотто акыйкаттык деген жок экен. Азыр баарын акча чечип калыптыр. Эжемдин балдарына там алып беребиз деген акчаны райондук сотко беришкен, ошондуктан райондук сот аларды актап жиберди. Алардын эмне кылып жатканы бизге алдын ала угулат да, жыйынтыгында баары ошондой чыгып жатат. Экспертизада алгач эжемдин кийимдери, жоолугу, жип бар болчу. Алардын баары алмашып калган. Асынган жиби 2 метрдей эки кабат жип эле, кийин жарым метрдей бир кабат жип жүрөт.
Сотторго «силер акча жегенсиңер» деп айтып, райондук сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөнүбүздө иш Жогорку Сотко кеткен. Бирок бизге чакыруу келген жок. Биз катышпаган Жогорку Соттогу отурумда сотторго ишенбөөчүлүгүбүздү канааттандырбай коюптур. Өткөн жумада болгон сотуна биз барбай койдук. Анткени алдын ала эле биз көптөгөн имиштерди укканда мен Жогорку Соттон кайра карап берүүсүн өтүнүп апелляцияга бергем. Ошондуктан бул иш Жогорку Сотко кетти. Эгер эжемди өлтүргөн балдарды чыгарып жиберсе, жөн койбойм.
«САБАП МОЮНДАРЫНА АЛДЫРГАН»
Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын бири Эрмек Сабатаровдун агасы ЖУМАБЕК САБАТАРОВ буларды билдирди:– Бул иш 2012-жылдын 19-июлдан 20-июлга караган түнү болгон. Ал эми 25-июлда Мира Жуманалиеванын сөөгү Көпүрө-Базар айылынан табылат. Териштире келишип, «ушундай балдар менен арак ичип отурган» дешип бул балдарды жактоочусу жок эле суракка ала башташат. Милиция да, прокурор да, мыйзамсыз сурашкандардын баары кийин жооптуу болушат. Мен ага жүрөгүмдүн түпкүрүнөн ишенем.
Мен барсам Чат-Базар айылындагы милиция бөлүмчөсүндө каза болгон келиндин иниси Мирлан Жуманалиев жана дагы эки милиция кызматкери балдарды сабап жатышыптыр. Кечке сабай беришкенде мен аргасыз «экспертизанын жыйынтыгы чыккыча мойнуңарга алып тургула, болбосо булар силерди сабай беришет» дегем.
Октябрда Анвар Баатыркуловду, калганын ноябрь айында камашты. Эч качан суракка катышпаган «дежур» жактоочу Гуля Соорбекова келип протоколдорго кол коюп берип, сот камакка алууга санкция чыгарып койду. Бул мыйзамсыз да. Ал эле эмес, дагы бир жактоочу Аман Эшенкулов да так ошондой жол менен кол коюп берген. Балдарды ур-токмокко алып, жасабаганын «жасадык» дегизип коюшту.
Сурак учурунда столдун үстүнө тапанча коюп коюшкан. Качан биздин жактоочу Сауле Өмүрзакова келгенде гана иш башкача болду. Ошондо гана балдар айтышты, «бизди ур-токмок менен эле моюнубузга алдырган, эми жактоочубуз бар, биз моюнга албайбыз» деп. Иш каралып, балдар акталды. Анткени соттук экспертизанын жыйынтыгында химиялык, биологиялык жана жалпы анализ чыгып, жыйынтыгында, улуу сөздө уят жок, сперма жок деп келди. Демек, ал келинди зордукташкан да, өлтүрүшкөн да эмес. Ал документ менин колумда турат.
Каза болгон келин ичкилик көп ичкен аял эле. Аны айылдын баары билет. Мындан тышкары жабырлануучу тарап бизден чоң суммадагы акча сурап жатышат. Мен бербеймин! Мен ачык, мыйзамдуу күрөшкөн адаммын. Акча берсем атым өчсүн! Кечирим сурап барганыбыз чын, мал союп бардык. Бирок жөн гана кечирим сурап барганбыз, «ооба, өлтүргөн» деп моюнга алып барганыбыз жок. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болчу анда.
Бул окуя боюнча соттун жыйынтыгы чыккан соң дагы кайрылабыз.
Гүлназ Атантаева
koom@super.kg