Учурда күз. 2-3 апта мурун сейилдеген жериңден өтүп баратып «Эх, кечээ эле жай болчу. Эми жамгыр жаай баштаса, күндүн көзү да аз көрүнүп калат. Анан суук, көңүлсүз кыш...» деп ойлоносуң. Кышты, суукту жаман көргөндөр, дегеле дүйнөдөгү адамдардын 80 пайызга жакыны күзүндө депрессияга кабылышат. Ушундан улам «Күзгү депрессия деген эмне? Ага кабылбоо же андан чыгуу жолдору барбы?» деген суроолорго жооп издеп көрдүк.
ЭМНЕДЕН УЛАМ КЕЛИП ЧЫГАТ?
АДАМДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
Жогоруда айтылган себептерден улам депрессиядагы адамдын жумушка болгон кызыгуусу, жумушунан канагат алуусу, кабыл алуусу төмөндөйт. Жашоо образына алымсынбай, көпчүлүк ичинде да жалгызсырайт. Көп иш кылбаса деле чарчап, шалдырайт. Тез ойлоо, тез туура чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Өзүн башкалардан төмөн көрүп, колунан эч нерсе келбеген байкуштай сезет. Булар гана эмес, тамак-ашка баам бербей, ачка-ток жүрүп арыктап кетет же жеп-ичкенин көзөмөлдөй албай толуп кетет. Уйкусуздук келип чыгат же уйку канбай жаны жер тарта берет. «Нервдик ачкачылык» (нервдердин начарлашы), ошондой эле апатия (көңүлү чөгөттүк, кайдигерлик) жаралат. Мүнөз бат-бат өзгөрүлүп, көңүл чөгүп, ачуунун бат келиши менен коштолот. Кээ бирлерде өз өмүрүнө кол салуу ойлору жаралат.
ДЕПРЕССИЯДАН ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ
Маанайды түшүргөн менен сиз каалаган убакта жай келип, күн ысыбайт. Коёндой окшош күндөрдү жыйыштырып, жашоону кызыктуу өткөрүү өз колуңузда. Андыктан депрессияга кабылбоо жана андан чыгуу жолдорун үйрөнүңүз.
«Супердин» сурак бурчу
МЕЗГИЛДИН АЛМАШЫШЫ МААНАЙЫҢЫЗГА ТААСИР ЭТЕБИ?
Назира Бектурова, Талас облусу:
– Таасир этет. Жай ордун күзгө бошоткондо күн суук тартып, маанай бир аз түшөт. Бирок мага ушул мезгил жагат. Анткени эмгегибиздин үзүрүн көрүп, түшүм алабыз. Эртең менен аба жер- жемиш, алма жыттанат. Абанын салкындашын күздүн ушундай жакшы жактары жууп кетет.
Эдилбек Келдибек уулу, Ош облусу:
– Таасир этет. Мен ысыкка чыдай албайм, суукка чыдамдуумун. Ошондуктан кышында маанайым ачык жүрөт. Бирок мезгилдердин жаңы алмашкан маалы ден соолукка таасир этип, өзүмдү бир топ жакшы сезбей жүргөн учурлар кездешет.
Мырзайым Абдивалиева, Баткен облусу:
– Мезгил жаңыдан оошкондо таасир этет, бирок бат эле көнүп кетесиң. Мисалы, жазында маанайыбыз куунак болот. Жайында ысыкка карабай, жыргап эс алабыз дегендей. Бирок кээ бирлер суук түшкөндө депрессияга алдырып, маанайлары чөккөнүн көрүп жүрөм.
Эмилбек Чымылдаков, Нарын облусу:
– Албетте, таасир этет. Жазында табигат ойгонуп, адамда жакшы үмүттөр жана баштайт. Жайында кымыз ичсек, күзүндө той-топурларга барабыз. Кышында ички дүйнөм тазаланып, ак карга шайкеш келе түшөт.
Айша Байсыканова, Ысык-Көл облусу:
– Менимче, кээ бирөөгө көбүрөөк, кээсине азыраак таасир берет. Мисалы, жай келгенде жүрөк жана кан басым оорусу барлардын абалы оорлоп, маанайлары чөгөт. Күздө аба салкындап, жегенге жашылча-жемиш да көп болгондуктан, көпчүлүк адамдар жакшы жүрөт.
Кубаныч Ажыбаев, Чүй облусу:
– Мезгилдердин алмашышы мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Андыктан ар мезгилдин жакшы жактарын баалап кабыл алам. Мисалы, жаздагы жердин жыты, чымчыктардын сайрашы кандай сонун. Негизи, адам ар бир күндү барктап жашаш керек.
Тажикан Исабаева, Ош облусу:
– Эрте жаздагы жамгыр сезону маанайымды толугу менен өзгөртөт. Ошол учурда узак жолго чыгып, музыка угуп жол жүргөндөн өткөн бакыт жок. Той артынан той боло берип күздө да маанай чөкпөйт. Маанайымды жайындагы ысык аптап түшүрөт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg