«Унутсун дегениңби, уйкумду бузбай калдың...» деп обон созгон Назира Токонованын ырларын угуп, өзүн анча тааныбагандар болушу мүмкүн. Ырчы айым учурда, өзү айткандай, катар-катар клип тарттырып, мегапопулярдуу болуп кетпесе да, мукамдуу ырларды аткарып, кыргыз элине талантын тартуулоону улантып келет.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 7-апрель
Туулган жери – Сокулук району
Жашоодо – Шашма, жумушу бүткүчө чый-пыйы чыгып кетет
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу
Репертуарындагы ырлары – «Сага», «Сагыныч», «Бакыттын нуру», «Мейли эстебе», «Сүйбө мени» жана башкалар
Учурда – Сокулук маданият үйүнүн солисти, билим берүү борборунда вокалдан студенттерге сабак берет
– Куш келипсиң, Назира! Чыгармачылыктын казанында көптөн бери кайнап жүрөсүң. Үн десе үнүң, өң десе өңүң бар, бирок кыргыз сахнасында жарк деп чыгышыңа эмне тоскоолдук болууда?
– Кандайсың, ооба, туура айтасың, чыгармачылыктын даңгыр жолунда жүргөнүмө 6 жыл болду. Мегапопулярдуу болуп кетпесем да, эл сүйүп укчу ырларым бар. Жарк деп чыгышыма көп эле тоскоолдуктар болду, башында тааныштарым же продюсерим жок аябай кыйналгам. Мен ойлочумун, талантым болсо эле жетиштүү деп. Көрсө, талант менен кошо капчыгың да калыңыраак болуш керек экен. Айрымдарга окшоп жан үрөп иштеген жокмун, ушул да бир себептир. «Кыбыраган кыр ашат» дейт го, токтобой кыбырап жүрүп ийгиликке жетишем деп ойлойм.
– Ырчы болом деген каалооң качан пайда болгон?
– Ырчылыкка болгон шык секелек кезимде эле бар болчу. Ал учурда барак тибиндеги үйдө жашачубуз, биздин бөлмөдө сүйлөшкөндөрүбүз кошуналарга угулуп турчу. Жасап жаткан ишимди таштап коюп үйдү жаңыртып ырдачумун. Өзүмдү сахнадагыдай элестетип, укмуш кыялдарга батар элем. Көрсө, кыялданып деле келечектин пайдубалын тургузуп алсаң болот экен. Аяш ата, аяш энелерим үйгө келген сайын ырдатып кыстырма кыстарышып, айтор, бала кезден баштап эле «звезда» болгом.
Ата-энемдин каршылыгына карабай «ырчы болом» деп жүрүп Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, 2 жыл даярдоо курсунда, 5 жыл эл аспаптар факультетинде окудум.
– Мектепте «звезда» болсоң, көз арткан жигиттер көп беле?
– Мектептин алдыңкы ырчы кызы болгонгобу, жигиттер кат жазып, үйүмө чейин жеткиришчү. Азыр ойлосом, ал кезде сүйүү менен ишим болбоптур. Кээде «ырчы болгонум үчүн эле ушинтип көңүл буруп жатышса керек» деп ойлочумун. Апам айтып калат, «ыр деп жүрүп көп курмандыктарга бардың, эми жолдошуң түшүнүктүү, чыгармачылыгыңа тыюу салбаган адам болсо экен» деп. Атам дагы «кызым кандай адамга туш келет...» деп кабатырлана берет. Өзүм да жолдошумдун түшүнүктүү болушун тилеп калдым. Чыгармачылыгыма бөгөт коюп койсо эмне кылам билбейм, анткени өзүмдү музыкасыз элестете албайм.
– Шоу-бизнесте атаандаштык күчтүү эмеспи. Алардын арасында көрүнбөй калам деген сестенүүлөр болбойбу?
– Жок, үнүм жок болсо бир жөн. Үнүм, талантым бар, мен корко турган эч нерсе жок. Анан да «ырчы болом» деген кайраттуу, чечкиндүү каалоолор менен көп жетишкендиктерге жетсе болот.
– Бойго жеткен кыздарды «Турмушка качан чыгасың?» деген суроолор менен тажатышчу эле, сени да бул «илдет» кыя өтпөсө керек?
– Жакындарым көп айтпайт, ошонусуна шүгүр. Антип айтса мага катуу тиймек, «Өзүмдүн үйүмө батпай калдымбы?» деп. Бирок көчөгө батпай калат экенсиң (күлүп). Үйгө барып калганда кошуна жеңелерим кадам бастырышпайт, «Дагы эле жүрөсүңбү, кантип эле сенин жигитиң жок болсун?» деп. Жылмайып эле тим болом. Ар бир нерсенин өз убактысы келет. Шашылып «жашым келип калды» деп турмушка чыккым келбейт.
– Сен жөнүндө «кесиптеши Чыңгыз Турдубеков менен сүйүү мамилеси бар» деп угуп калган элек...
– Бул нерсеге эч чычалабайм. Ооба, Чыңгыз аябай жакшы бала, менин эң жакын досум. Ырларымдын көбүн жазып берет. Ортобузда достуктан башка эч нерсе жок. Негизи, менин кыздарга караганда мырзалардан досторум көп. Добр да эң жакын досум.
– Бирок «бактыңды алыстан издебе» деп коюшат го, балким, болочоктогу күйөө бала жаныңда эле жүргөндүр?
– Кандай десем, андай болушу деле мүмкүн, бирок досторума достой эле мамиле кылам. Достугубуз сүйүүгө айланып кеткен учур боло элек. Жолдошум менин досторумдукундай мүнөзгө ээ болуп, мени ошолордой түшүнсө, сонун болмок.
– Жигиттерге талабың кандай?
– Бир адатым бар, кичине бир жери жакпай калса эле өз жолуна салам. Майда-барат нерселерге чейин көңүл бөлөм, мисалы, көйнөгү шымынан чыгып, тырмагы кир болуп калса деле сүйлөшпөй коём (күлүп). Көп деле жигит менен жүргөн эмесмин, бир-экөөнү байкап көрүп, бирок сынымдан өтпөй калышкан. Мага акылы тунук, ой жүгүртүүсү терең мырза керек. Ишенич жок, үйлөнгөнгө чейин «ырдаттырам, чыгармачылыгыңды колдойм» деп коюп, баш кошкондон кийин ал оюнан кайтып кетиши мүмкүн да. Ошон үчүн жакшылап бүт тарабынан изилдегенге туура келет. Азыр деле тажатып «үнүңдү укканга зармын, үнүңдү эле угуп алайынчы» деген күйөрман мырзалар коңгуроо кылышат. Телефонду албай койсом, башка номер менен чалып, баары бир угуп алышат.
– Кыздар күзгүнүн астында сулууланып көп отурушат, сенде бул жаатта кандай?
– Чачымдын бир жери туруп, көзүм жакшы боёлбой калса деле сыртка чыкпай коём. Келбетим идеалдуу болуп туруш керек. Жигиттер айтышат го, «кыздардын сырткы сулуулугу эмес, ички сулуулугу маанилүү» деп, чынында, боёнуп, шиш така кийип жасанган «фифаларды» жан талашып карашат. Мырзалардын айтканы менен кылганы дайыма төп келе бербейт, ошон үчүн айымдын өзүнө каранып жүргөнү туура.
– Маегиңе рахмат.
Лунара Бекиева
star@super.kg