ӨЛКӨДӨ ТУРУКТУУЛУКТУ САКТАП КАЛУУ ПРЕЗИДЕНТКЕ ГАНА КЕРЕКПИ?

Ысык-Көл жана Талас дубандары бул аптанын «согуш» талаасына айланса, бийлик эгедери болгон парламент менен өкмөт жоопкерчиликти бири-бирине шылтап, «ким кыйын, ким жалындуу кыйкырат?» деген жарышка түшкөндөй сезим калтырып, «Кумтөр» талашынан улам таркап кетүү коркунучунда турат. Кучагына учурдагы аткаминер, депутаттарды, экс-чиновниктерди камтыган оппозиция болсо Кыргызстандагы кандай маселе болбосун пайдаланып, өлкөдөгү абалды курчутуу, бийликке каршы элдин нааразычылыгын күчөтүү аракети менен убара. Андыктан, өлкө туруктуулугуна жооптуу болуу милдети президенттен башка эч кимди кызыктырбай калгандай...

МИТИНГДЕРДИН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?
Дүйшөмбүдө Ысык-Көлдүн борбору Караколдо митинг өтөрү алдын ала айтылган. Микрокредиттик компаниялардын ишмердүүлүгүнө нааразы жарандар митинг өткөрүшмөк. Бирок укук коргоо органдары тынч митинг катары пландалган бул иш-чаранын кескин өзгөрүп, облустун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга чейин жетерин күтүшпөгөнү билинип калды. Ал эми капыстан пайда болгон окшош кийимчен атчандар, алардын барымтадагы Эмилбек Каптагаевди «бензин чачып өрттөйбүз» деген агрессивдүүлүгү укук коргоочулардан айырмаланып, митингди уюштуруучулар абдан тыкан даярдык көрүшкөнүн көрсөттү. Түн киргенде гана укук коргоо органдары митингчилерди кубалоого киришип, алардын колунан губернаторду бошотушту. Эмилбек Каптагаевдин айтымында, барымтачыларда арматуралар жана тапанча да болгон. Баш аламандык учурунда 6 милиция кызматкери жабыр тартты.
Бул аралыкта маалымат айдыңында «Караколдогу митингдин артында экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев турат, ал барымтада калган жабырлануучунун ролун мыкты аткарып берди, нааразычылык акцияларын ЖКнын депутаты Феликс Куловдун жакындарынын бири, ишкер Дмитрий Цой каржылап жатат» деген кеп тарап кетти. Роза Отунбаева бул маалыматтын абсурд экенин айтып, атүгүл мындай комментарийди тараткан адам үчүн сотко чейин кайрыларын билдирди. Ушундай эле жоопту Эмилбек Каптагаев да узатты. Өмүрбек Бабанов буга байланыштуу эч кандай билдирүү тараткан жок. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев кыска-нуска гана: «Отунбаева, Бабанов жана Каптагаевдин мындай ишти уюштуруусуна ишенбейм»,- деди.

«АТА МЕКЕН» ЧАБУУЛУ
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Эркинбек Алымбеков ушул аптанын окуяларына себепкер болгон «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгын эптей албагандыгы үчүн өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылды. Ал үчүн парламентте кол топтоого да киришти. Ал эми 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөр» боюнча меморандум талкууга алынып жаткан учурда «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев: «Премьер-министр президент менен сүйлөшүп, өзүнүн конституциялык укугунан пайдалануу менен парламентти таратып жиберем деп кыйытканына депутаттар жакшы көңүл бурбай жатышат. Ал «эгерде биз меморандумду колдобосок, анда таркайсыңар» деп отурат»,- деди.
Жантөрө Сатыбалдиев: «Мен антип айткан жокмун. Эмнеге мени коркутуп жатасыздар?»- деп кайра собол узатты.
10-октябрь күнү «Ата Журт» фракциясы «Кумтөр» боюнча бардык макулдашуулардан бир тараптуу түрдө өкмөттүн чыгуусун же болбосо премьер-министрдин отставкага кетүүсүн талап кылды.
Гезит басууга кетерде парламент «Кумтөр» боюнча маселенин кароосун кийинки апталарга калтырды. Эмки жумада депутаттар шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Андыктан, болжолдуу түрдө «Кумтөр» маселесин кароо 23-октябрга жылдырылат.

Алмазбек Атамбаев: «КИМ ЖООП БЕРЕТ?»
Бул окуяларга байланыштуу президент: «Митингге чыккандардын башкы максаты – кайрадан портфель бөлүштүрүү үчүн өлкөдө козголоң чыгаруу. Бул жаш жигиттерге кимдир бирөө ишарат кылып, колдоо көрсөтөм деп убада берген. Ысык-Көлдөгү окуялар – «Кумтөр» боюнча маселени колдоого багытталган митингдер эмес»,- деди. Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлүнүн барымтага алынышы боюнча «кызматкерди барымтага алышса, ага каршы курал колдонуу керек болчу» деп айтты.
Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» боюнча чечимди парламент кабыл алышы керектигин жана добуш берүү ар биринин ысымы менен жүргүзүлүшү зарылдыгын билдирди. «Эгерде ушул окуялардан кийин экономика аксай баштаса, анда буга ким жооп берет?»- деди ал.

БИШКЕК ТЫНЧТЫКТА
Ысык-Көл, Нарын, Талас... Өлкөнүн түндүк аймагынын ичинде Чүйдө, анын борбору Бишкекте гана «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы митингге чыккандар азырынча жок. Анткен менен 9-октябрда «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Булекбаев Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Маалыматтарга ылайык, кезинде Убактылуу өкмөттүн катарында турган Эркин мырза «Ала-Тоо» аянтында «Кумтөр» боюнча меморандумга кол коюлбасын» деген талап менен митингге чыкмак экен, бирок аны өткөрүүгө бийлик тарабынан уруксат берилген эмес.

«КУМТӨР» – ШЫЛТОО ГАНА
1992-жылдан бери «Кумтөрдүн» экономикалык маанилүүлүгү экинчи планда калып, саясий боёкко чыланып бүткөн. Канадалыктар менен болгон келишимдин ар ирет каралышы, талкуусу жана кабыл алынуусу саясий күчтөрдүн арасында упай топтоп алуу ыкмасына айланган. Баары өз көмөчүнө күл тартып калайын деген убаракерчиликте, айрымдардын аракеттери көмүскөдө да калып кетүүдө. Мисалы, 7-октябрь күнү В2525К номерлүү Тойота Лэнд Крузер унаасы «Каршылык көрсөтүү кыймылынын» лидери Өмүрбек Суваналиевди коштоп жүргөнүнө байкоо салган адам аз. Кийинчерээк белгилүү болгондой, бул унаа паспорт жана башка документтерди «менчиктеп» алган «Интел Линкс» ЖЧКсынын кожоюну Дмитрий Цойдун уулуна таандык болуп чыкты. Айтмакчы, Өмүрбек Суваналиев менен Дмитрий Цой Феликс Куловдун аң уулоого чейин чогуу жүргөн достору экендиги айтылып жүрөт.
10-октябрда Талас шаарында өткөн митинг айтылгандай 7 миңдей адам эмес, 200дөй кишинин катышуусунда өттү. «Бийликтин узурпациясына каршы чыктым» деген Ө.Суваналиевдин сөзүн митингге келгендер аягына чейин укпай, андан элди дүрбөтпөөнү талап кылышты. Керек болсо, оппозиция кыймылынын желектерин көтөрчүлөр табылбай, алар жаш балакайларга тапшырылганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

ТАШИЕВ КАЙДА?
Депутаттар, өкмөт, эл «Кумтөргө» байланыштуу чуу түшүп жаткан кезде Ташиев менен Жапаров кайда жүрүшөт деген суроо туулат. Өткөн жылдын 3-октябрында дал ушул «Кумтөр» маселесинин негизинде «ата журтчу» депутаттар баштаган митинг Бишкекте өткөрүлүп, ал депутаттын Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүүсү менен эл оозуна алынып, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана башкалардын камакка алынуусу менен эсте калган болчу. Бул окуядан соң бир жылга чукул сот иштери жүрүп, Ош менен Жалал-Абадда нааразычылык акциялары облустук администрацияны басып алууга чейин жеткен эле. Соңунда үчөө абактан чыгарылып, депутаттык мандатынан ажырашты. Азыркы митингдерде бул үчөө көрүнбөйт. Ташиевдин акыркы убакытта түштүктү түрө кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөндүгү айтылса, Садыр Жапаров бул аптада инисинин дартынан улам Түркияга жөнөп кеткендиги кабарланды.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
kuba0506
2013-10-14 17:52:10
Жаны бийлик бийликти талашып алдынар иштегиле да эми.Иштей албасанар башкаларга бошотуп бергиле орунунарды.
+3
Lion-x
2013-10-16 09:26:30
kuba0506, Иштеп эле жатат, ал иштерди сокурлар гана корбойт. Ошол эле митингдерди кылып жаткан Текебаев менен Кулов коалициядагы партиялардын лидерлери, буларга эмне жетпейт???
-3
PROS
2013-10-20 12:04:51
Lion-x, кечиресин, эмне иштерди кылды? Атай кетсен жакшы болмок, сокурлар кормок эмне иштерди кыйратканын?!
0
Gold81
2013-10-14 23:19:12
Бул жерде баары ачык айкын корунуп турат, бирине ашыграак тийип бирине жетпей калып же болбосо болушуп жатканда албай калгандар корбой калып анан ошол албай калган адам тополон которуп жанакы садиктеги жаш балдардай талашып жатышат, биздин мамлекет садиктен беш бетер болуп калды баарын ачык айтыш керек, бийлике барам дегендер баары байлыкты энсешет, кыргыз элин ойлоп бийлике барбайт эчкмиси, кыргызды ойлогон чыныгы кыргыз жоктой корунот, Кыргызды ойлогула туугандар, элди ойлогула туугандар!!!
+2
Lumia-800
2013-10-15 19:25:52
Gold81, Эн туура!101% кошулам созунузго.
+1
Gold81
2013-10-14 23:33:53
Мына ошолордун айынан мага окшогондор Россияда биролордун жеринде биролорго жаман корунуп иштеп журобуз, ата-энелербиздин кандай карыганын корбой сезбей, балдарыбыздын кандай чонойгонун корбой, кундорубуз кандай отконун билбей журобуз, эгер ошол биздин чондор бийликти талашпай элди ойлоп эл учун кызмат кылышса биз мындай болуп ыдырабай оз жерибизде оз уйубуздо уйбулобуз менен болмокпуз, жадакалса ушул жактан эптеп иштеп таап баргандарды да чаласына тоноп калышат биздикилер!!!
+5
muxammet
2013-10-15 00:18:58
Ушулардын баарын кууп салгым келтат. Даа бир тополон болсо ар бирин бирден атып чыгам.
+4
jazy
2013-10-15 01:34:05
Кимиси эмне кылып кыйратып жатат баары эле оздорун ойлойт эл учун иштеген адам жоок коздорун май басып калыптыр байлык бийлик деп бирин бири чукулашып баардыгын бара турган жери 2метр жер байлыгын да бийлигинда калат ондон коро сооп иштерди жасашпайбы карапайым калкка жардам бербейби элден коркпосо да аллахтан коркпойбу булар
+2
Seitbek.93
2013-10-15 09:56:22
Э ушул саясатты окусам кадимкидей баш ооруйт.
+3
mskkg88
2013-10-15 18:36:18
тетиги суроттогу кебетелрин коруп эле айтсан болот булардын ким экенин:)
+3
muslimkg
2013-10-16 06:34:15
Чынында эле тажатты Бул чондор,досумун 2,3жашар жээни бар бир куну досум чонойгондо Ким болосун десе пийиздент болом дейт имиш анан бир куну тагасына келип тага мен чонойгондо пийиздент болбойм дейт имиш досум эмнеге десе Бакиев качып кетип калдыго деп досумун эсин оодарган экен,мына уч жашар балдарда сасык окмоттун эмне иш кылып атканын да билишет
0
AZIK01
2013-10-16 09:21:07
Kuz kelip,jaida jyrgap es alyshyp,kuch koop.Sayasiy oyun kuchogon . Bizdin koldon ne kelet oyundun ulandysy kiyinki sandarda dep juro berebiz.
0
Stalker-007
2013-10-16 09:30:36
Суваналиев Таласка барып туугандарына позор болгуча, уйундо тынч эле жата бербейт белен. Сага чон сооп, экинчи Таласка барып митинг кылганынды коробуз...
0
madina.00
2013-10-16 13:34:03
Атамбаев азырынча орустар айткан корсотмо менен иштеп жатат,демек иштейт.Бизге США же РФ киришкенде гана тонкоруш, бийлик алмашуу болот.Оз алдынча мамлекеттик тонкоруш кыла беришсе элге эле зыян ар кимисине курал болуп.
0
omurbek9393
2013-10-17 00:37:08
Бизге тынчтык керек бирок тынчтыкты бузуп аткан элго ошол бийлик берген акчага алданбай баш дегенди иштетип иш корсо болот эл да акчаны алганынар менен арам акча куну келсе тешип чыгат бирок соз да айып.
0
Asus84
2013-10-17 11:13:43
хаааа уят уят Алмаз байке ордунду сыйын менен откоруп бер болбосо шымы жок калтырат булар жоно Россияга
+1
A_l_i_b_e_k
2013-10-20 14:28:19
Кыргызстан эмне болуп баратат деги. бир президенттибизди жон кетиребизби деги. Качанга чейин кичине акча учун герой боло бересинерби. озунор шайладынар кой десем болбой эми эмне артка кетип жатасынар. анда президентти жок эле жашабайлыбы. Жаман тажаттынар ушу кайра-кайра чурулдай берип тынч уктатасынарбы деги. Ал учун шайлап жатканда ойлонбойсунарбы.
-1
A_l_i_b_e_k
2013-10-20 14:33:21
Шайлап жатканда иштей турган адамдар бар жок эмес бирок алардын акчасы жок да. Азыр кимде акча коп ошол отот. Главный Ташиевди президент кыла корбогуло. Кыргызстандын кол коетурган жерине кол коетурган ошол Ташмат.
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан