ПЛАНЕТАНЫН ЭҢ МЫКТЫ БАЛЫ АТ-БАШЫДА...

  • Бишкек шаардык соту экс-мэр, ЖКнын депутаты НАРИМАН ТҮЛЕЕВ жана башка мэрия кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин кароосун 22-октябрга калтырды.
  • Коргоо министрлигинен маалымдашкандай, аскер кызматкерлери ЖАҢЫ ФОРМАЛУУ болушат.
  • Экономика министри ТЕМИР САРИЕВДИН айтымында, 1991-жылдан бери өлкөнү өнүктүрүү боюнча 300дөн ашуун документтер иштелип чыккан. 
  • Украинада болуп өткөн бал челекчилик боюнча Apimondia эл аралык конгрессинде Кыргызстандын балы татыктуу деп таанылып, АТ-БАШынын ак балы эки жыл бою планетанын эң мыктысы болуп эсептелмей болду.
  • Акыркы жыл ичинде өлкөдө ИНТЕРНЕТ кызматынын тарифи 5 пайызга арзандап, анын ылдамдыгы 8 пайызга жогорулады.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, өлкөдө 70 МИҢдей ар түрдүү психикалык ооруларга чалдыккан адам бар. 
  • Экономика министрлигинин лицензиялык комиссиясы «FULL GOLD MINING» ЖЧКсынын Кытайга алтын курамдуу концентратты алып чыгуучу экспорттук лицензиясын жаңыртты. 
  • «Алейне» экологиялык кыймылынын төрагасы Эмил Шүкүровдун айтымында, жагымдуу шаардык чөйрөнү камсыз кылуу үчүн бишкектик ар бир тургунга 40 ЧАРЧЫ МЕТРДЕН кем эмес жашылдандырылган аймак туура келиши керек. Учурда бул цифра бир кишиге 6,5 чарчы метрден туура келет.
  • Премьер Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүз районунун жаңы акими катары ДАМИР МОҢОЛДОРОВДУ бекитти. Буга чейин Беккубат Иманкожоев акимдин милдетин убактылуу аткарып турган.
  • Бишкекте ЖЫЛУУЛУК берүү сезону 10-13-ноябрда башталат, керектөөчүлөрдүн саны 101 миңдей кишиден турат.
  • "ИШТАМБЕРДИ" кенинде кен казуу иштери кайрадан жаңыланды, аптанын аягына чейин ишти баштоо үчүн керектүү болгон кызматкерлердин саны аныкталат.
  • Орусиянын шаарларында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, респондент болгон мигранттардын дээрлик 90 ПАЙЫЗЫ  мекенине кайтып келүү ниетин билдирген.
  • 2014-жылдан тарта БАТКЕН ОКУЯСЫНА катышкан жоокерлердин туугандары менен жакындары жеңилдетилген шартта «Тамга» санаторийинде эс ала алышат.
  • Бишкек мэриясынын "Тазалык" ишканасы 73 АТАЙЫН ТЕХНИКАГА МУКТАЖ, учурда базада жолду кардан тазалоочу 49 транспорттук каражат бар.
  • "Эгерде бүгүн парламенттик шайлоо болсо, сиз кайсы партияга добуш берет элеңиз?" деген собол менен сурамжылоо жүргүзүүдө 10-октябрга карата  эң көп добуштар "АТА МЕКЕН" партиясына берилди. Андан кийинки катарда "Өнүгүү" жана "Улуттар биримдиги" партиялары келе жатышат. 

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
tilekbek
2013-10-15 17:55:22
балды чет олкого чыгарса жакшы болмок
0
Rostov-on-Don
2013-10-15 22:16:06
Бал жакшы жанылык экен.Мага бал ала келгилечи.А сурамжылоого келсек Кыргызстан онуксо эле барып калабыз го.Ушул боюнча калса КР, кыдырып Россияда журо беребиз.
0
knk
2013-10-17 16:08:18
Биздин Токтогулдун балына жетпейт го.
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан