Адам өмүрүнө коркунуч туулган учурда же кандайдыр бир кырсык болгондо жардам чакырылат. Мына ошондо өз өмүрүн тобокелге салып болсо да башка адам өмүрүн сактап калууну милдет кылып келген атайы кызмат бар. Ал Бишкек шаардык куткаруу кызматы.
Куткаруу кызматы бул...
Куткаруу кызматы – 161. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир бутагы. Ал 2001-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Бишкек мэриясынын чечими менен түзүлгөн. Куткаруу кызматынын максаты жана негизги милдети – Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жол жана табигый кырсыктарга кез келгендерге жардам берип, өмүрүн сактап калуу. Ошондой эле ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келген ар кандай кырдаалдарга кабылган адам чакырса дароо барып, алгачкы жардам көрсөтүү.
Куткаруучу кандай талап менен жумушка алынат?
Жаш курагы 21ден өйдө, билими орто, жогорку билимдүүлөр да иштей алышат. Коюлуучу шарт – аттестациялык комиссиялык текшерүүдөн өтүү.
Алгач медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Талапкердин психикалык абалы күчтүү болуусу кажет. Анткени бардыгы эле кызарган канды, өлүктү, адамдын шолоктогон жашын көргөндө иштеп кете албайт. Андан кийин адамдын физикалык жактан күчтүүлүгү текшерилет. Жогорудагы текшерүүдөн өткөндөн кийин, 3 айлык сыноо мөөнөтү берилет. 3 айдын ичинде даярдык курсунан жакшылап өтүп, өзүн көрсөтө алган болсо, аттестациялык комиссия ал адамга куткаруучунун күбөлүгүн тапшырып, иштөөгө уруксат берет. Анан эки жылда бир жолу текшерүүчү аттестациядан өтүп турат.
“Колун сактай албасам да, өмүрүн сактап калгам”
Ушул жумушта кызмат кылган адамдардан кесиби тууралуу башынан кандай окуялар өткөнү тууралуу сурап, кепке тарттык.
Рысбек Букардинов 8 жылдан бери куткаруу кызматында 3-топтун куткаруучу-фельдшери болуп иштеп келет. Ал өзүнүн кесиби тууралуу төмөндөгүлөрдү баяндап берди.
“Бул ишке 2001-жылы куткаруу кызматы жаңы уюшулганда келгем. Биздин жумушка бардык эле адам чыдай албайт. Анткени “иштей алам” деп төшүн каккылап келип, жумуштун кыйынчылыгына чыдай албай кеткендер көп кездешет. Кырсык болгон жерде денеси жанчылган, колу-буту үзүлгөндөрдү көрүп, көпчүлүгү коркушат. Ал эми бизге бул кадимки эле көрүнүш болуп калган.
Бир жолу чакырык менен макарон чыгаруучу жайга барып калдык. Ал жерде электриктин колун камыр жууруучу аппарат ийинине чейин чайнап салган экен. Кан туш тарапка диркиреп агып жатат. Аппараттан алып чыкканча кан калбай калчудай. Анан колума ысык өтпөй турган колкап кийдим да темирди ысытып алып, аны кан атып жаткан жерине басып, күйгүздүм. Шаркырап агып жаткан кан заматта токтоду. Чайналган колун аппараттан алып чыгып, ооруканага алып бардык. Ал байкуш колунан айрылды, бирок аман калды. Жумушта мындай окуялар далай эле кездешет. Адамдын өмүрүн сактап калсаң, сыйлык алгандай эле сүйүнүп каласың. Куткарууга жетишпей калсаң, кадимкидей жаман болосуң. Сактай албай калсак, бизди жакындары тилдешет, сөгүшөт, кырсыкка биз күнөөлүү болгондой. Бирок биз алардын абалына түшүнүп, унчукпай тим болобуз”.
“Көпүрөлөрдө тосмонун жоктугу көп кырсыкка себеп”
Рысбек Букардинов адамдын өмүрүн кургактыкта сактаса, Марлис Касымбаев жабыркагандарды суунун түбүнөн алып чыгат. Ал куткаруу кызматында 2-топтун инструктор-суучулу. 2004-жылдан бери эмгектенип келет.
«Көптөр “ушундай коркунучтуу жумушта айлык акыңар көп болгондуктан иштесеңер керек?” дешет. Бирок бул туура эмес. Биз орто эсеп менен айына 4000-5000 сом алабыз. Бул жерде акча үчүн эмес, адам өмүрүн куткаруу үчүн иштейбиз. Башында ата-энем иштебе деп каршы болушкан. Бирок бул ишке жеке өзүмдүн тандоом, каалоом менен келгендиктен, жумушумду жакшы көрөм, сураганга жардам берүүдөн ырахат гана алам.
Алгачкы иш күнүм эсиме түшүп кетти. Бир айдоочу машинасы менен сууга түшүп кетиптир. Сууга түшүп кеткенине көп болгон экен. Менин милдетим суу түбүндөгү өлүктү алып чыгуу эле. Суунун түбүнө түшсөм, караңгы. Эч нерсе көрүнбөйт. Сыйпалап табышым керек болчу. Өлүктү көпкө издеп, таппай койдум. Анан болду эми деп өйдөнү көздөй сүзүп баратсам, алдымдан бир нерсе урунду. Көзүмдү ача салсам, кечке издеген адамдын өлүгү экен. Агып баратып, балырларга илинип туруп калгандай. Коркконумдан суудан тез эле чыгып, кайра билгизбей суу түбүнө түштүм да өлүктү алып чыктым. Коркконумду билдирбешим керек эле. Ушул алгачкы ишим эч эсимден кетпейт.
Мени өкүндүргөн бир маселе бар. Бул Бишкектеги кээ бир көпүрөлөрдүн эки жагында тосмонун жоктугу. Мисалы, кырсыктын көбү Бакай-Ата конушундагы Чоң Чүй каналынын көпүрөсү эки жагынан тосулбагандыктан болот. Канал үстүнөн мемиреп аккандай көрүнгөнү менен, түбү аябай шар агат. Сууга түшкөн адамды эмес, машинаны да агызып кетет. Ушундай көпүрөлөргө тосмо коюлса, көптөгөн кырсыктардын алдын алат элек».
“Айдоочулар сиренаны укса да, жол бошотуп беришпейт...”
Ушул учурда куткаруу кызматынын айдоочусу Канат Керимбаев сөзгө кошулуп, жүрөгүн өйкөгөн маселени ортого салды.
“Учурда шаарыбызда унаа деген көп. Адам өмүрүн куткарып калалы деп шашылып баратканда сиренаны тоготпой, жол бошотпогон айдоочуларды көрүп тимеле күйүп кетесиң...
Куткаруучу-айдоочу катары айтарым машинага отурганда алдыдагы да, арттагы да адамдар курду тагынса, жамандыктан алыс болот. Жол кырсыктарына кабылганда жаракат алуу, өлүмгө кириптер болуу, курду тагынбагандан болот. Алдыга учуп кетет, башын урат дегендей...
Өмүрүнүн кыйылып калышына кээ бир адамдар өзү күнөөлүү. Машинаны катуу айдашат, мас абалда рулга отурушат, бири-бирин тамашалап энөөлүктөн өмүрүн коркунучка калтырат. Андыктан ар ким өз өмүрү алдында жоопкерчиликти сезишсе”.
Кандай болгон күндө да, бизде жүрөгү эл деп соккон адамдарыбыз бар экенине ишенип, алар менен сыймыктанабыз. Куткаруучулардын жабырлануучуларга ар дайым жардам көрсөтүп, адам өмүрүн сактай берүүсүн каалап, кайта бердик.
Статистика боюнча:
Кызыктуу маалыматтар:
Эң көп чакыруу бул өз үйүнүн эшигин ача албай калгандар болот. Алардын баласы калып, же газ күйүп, же плитада чай кайнап жаткан болот. Мындайда көбүнчө эшикти сындырбай ачууга аракет кылышат. Эгер адам өмүрүнө коркунуч туулуп жатса, сындырууга туура келет.
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg