2013-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу чарба жана мелиорация департаментинин түзүмдөрүнө курулуш техникаларын тапшыруу аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул салтанат суу чарба кызматкерлери үчүн гана эмес, жалпы кыргызстандыктар үчүн зор мааниге ээ экендигин белгиледи.
«Бүткүл дүйнөдө, бардык өлкөлөрдө өнүгүү – жолдорду, электр линияларды, суу каналдарды куруудан башталат. Анткени алар өлкө үчүн кан тамырларга барабар. Кыйроо болсо, тескерисинче, ушул кан тамырлар үзүлгөндө башталат. Биз муну Советтер Союзу талкаланганда көрдүк. Совет элинин аракети, эмгеги менен курулган суу сактагычтар, каналдар жаңыланбай, болгону жыйырма жылда миңдеген сугат жерлер кайракка айланып, иштелбей калды. Көп убакытты куру саясий чыр-чатакка, тирешүүгө жоготуп койдук», - деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Президент экономикабызды, элибиздин жашоо-турмушун оңдой турган мезгил келгенин баса белгиледи. Ошондой эле эгерде өлкөбүздө тынчтыкты, ынтымакты сактасак, тез арада Кыргызстан бутуна туруп кетерин айтты.
Суу чарба объектилерин куруп, жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү Улуттук стратегияда каралган. Ага ылайык, 26 суу чарба объектинин курулушу планга кирген. 2017-жылга чейин
22 646 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлүп, 37 242 гектар жердин суу менен камсыздалышы жакшырат. Ошондой эле 50 000 гектар шор баскан, сазга айланган жерлердин мелиоративдик абалы калыбына келтирилип, дыйкандарга колдонууга берилет.
«Ушул акыркы иш-чараларды аткаруу максатында боордош Түркиянын Кыргызстанга көрсөткөн кредиттик жардамы менен 230 даана техника алынган. Учурдан пайдаланып Түркия Республикасынын жетекчилерине, урматтуу президент Абдуллах Гүл менен премьер-министр Режеп Тайип Эрдоганга рахмат айтам. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын эсебинен алынган 58 даана экскаваторду бүгүн суу пайдалануучу ассоциацияларга колдоо иретинде берип жатабыз»,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Президент өлкөнүн бир катар райондорунун суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрүнө курулуш техникасынын сертификаттарын тапшырды.
Мамлекет башчысы ошондой эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Саруу айылындагы акыркы окуялар тууралуу пикирин билдирди.
«Бүгүн деле өз кызыкчылыгын көздөп, ар кайсы шылтоо менен чыр-чатак, тополоң, керек болсо жарандык согуш чыгарууну каалаган сасык саясатчылар бар. Аларга алданып, ээрчип кеткендер да аз эмес, өзгөчө жаштар. «Кумтөрдү» шылтоо кылып жолду тосуп, губернаторду барымтага алып, мамлекеттик имаратты басып алууга аракеттенип, аягында жадакалса асфальтка бензин төгүп, жол өрттөгөндөрдүн максаты эмне? Алардын артында кимдер турат? Алар бийликке келип, өлкөнү тоногусу келгендер, биз колго чаап жаткандар. Колго чапканыбыз аларга жакпай жатат. Окуялар так пландаштырылып, конкреттүү адамдар тарабынан каржыланган».
Президент Каракол шаарындагы жана Саруу айылындагы окуяларда күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын белгиледи. «Эгерде кимдир бирөө мени кечирип коёт деп ойлосо жаңылышат, андай болбойт. Ар бири жасаган иши үчүн керт башы менен жооп берет»,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.
Ибрагим Жусуев
politika@super.kg