ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА ДЕПУТАТТЫК ИНТРИГАЛАРДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУБУ?

Гезитибиздин өткөн сандарында Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын өкүлү болгон Ыргал Кадыралиева жана анын маркум агасы, ЖКнын 3-4-чакырылыштарынын депутаты Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө акчалай компенсация төлөп берүү токтому тууралуу сөз кылганбыз. Ал токтом долбоорунун тегерегинде Ыргал Кадыралиеваны катуу сынга алгандардын баары депутат айымдар болгон эле. Ошол окуя эмне болуп аяктады? Буга чейин да депутаттык кызматта иштеп жүрүп каза тапкан маркумдардын үй-бүлөлөрүнө карата мындай токтомдор чыкты беле деген суроолор жаралып, ушул темада иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечтик.

«КОММЕНТАРИЙЛЕР ЭРКИН, ФАКТТАР ЫЙЫК БОЛОТ»
Депутаттык кызматта жүрүп каза тапкан башка маркумдардын үй-бүлөлөрүнө компенсация берүү боюнча токтомдор чыкты беле? Адегенде ушул суроого жооп издедик. Эсиңиздерде болсо, Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты киши колдуу болуп каза табышкан. Бул сурообузга жооп табуу кыйынчылык туудурган жок. Көрсө, Тынычбек Акматбаев менен Жыргалбек Сурабалдиевдин үй-бүлөлөрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн бир жолку жөлөкпул берүү жана ай сайын төлөмдөрдү төлөп берүү ошол учурдагы Жогорку Кеңештин төрагалары Марат Султанов менен Айтибай Тагаевдин колдору коюлган токтомдо каралыптыр.
Баяман Эркинбаевге байланыштуу Ош шаары менен Кара-Дарыя айылындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымын ыйгаруу менен маркум депутаттын элесин түбөлүккө калтырууну ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Марат Султанов баштаган депутаттар токтом кылган. Ал эми Руслан Шабатоевге байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев депутатты өлтүрүүгө тиешеси бар адамдарды табуу жана кылмыш иши боюнча сапаттуу тергөө жүргүзүлүшүнө керектүү чаралардын кабыл алынышын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага тапшыруу менен токтом кылыптыр.   
«КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамында «Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат. Өз мандатынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык милдетин аткарууда болгон деп эсептелет» деп жазылат. ЖКнын депутаты Санжар Кадыралиев 2009-жылы 15-апрелде саат 16:00 чамасында Бишкек шаарында өлтүрүлгөн.
Маркумдун өлүмүн криминалдык териштирүүлөргө байланыштырып жүргөндөр да бар. Бирок 7-апрелден кийин келген бийлик «мурунку бийлик башчылары кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен коюн-колтук алышып, алар Ак үйдүн 7-кабатына чейин кенен кирип-чыгып калышкан» деп айтышкан эле. Депутаттын бир тууганы Ыргал Кадыралиеванын буга чейинки берген маектеринде: «Мурунку бийликтин тушунда мамлекет башчылыгында тургандардын катышуусу жок бир да буюртма өлтүрүү болгон эмес экен. Ошондуктан Санжар акемди өлтүрүү окуясында кандайдыр бир деңгээлде мурунку бийликтин тиешеси бар»,- деп айтканы да бар.   
Мыйзамда жазылганына карабастан, жогоруда көрсөтүлгөндөй, токтом бир гана Санжар Кадыралиевге чыгарылбай калган. Айтымдарында, буга Жаныш Бакиевдин өзү тоскоолдук кылып туруптур.

СТЕНОГРАММАЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетиндеги кеп-сөзгө көңүл бурсак:
Айнуру Алтыбаева:
«Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Санжар Кадыралиевдин курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө зыяндын ордун төлөп берүү жөнүндө токтом боюнча депутаттардын кайрылуусун кароо. Чакырылгандар: депутаттар Эсенгул Исаков, Майрам Тиленчиева, Кожобек Рыспаев, Эркингүл Иманкожоева, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Жамгырчиева, Ирина Карамушкина, Ыргал Кадыралиева жана Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмазбек Кожомкулов».
Ыргал Кадыралиевадан тышкары ысымдары аталган эл өкүлдөрүнүн кайрылуусу менен 27-июнда көпчүлүк тарабынан кабыл алынган токтом күчүнө кирбей калды. Анда спикер Асылбек Жээнбековдун айткан сөзүн стенограммадан карай турган болсок, Санжар Кадыралиевге байланыштуу токтом катталган 89 депутаттын ичинен 73үнүн макулдугу менен кабыл алынган болчу. 

МЫЙЗАМ КАЙ ЖЕРДЕН ТАЙГАН?
Бул теманын тегерегиндеги ызы-чуунун баары маркум депутаттын апасынын «Баатыр эне» наамын алуу түйшүгүнөн башталган. Аталган ордендин статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жети же андан көп баласы бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер бул наамды алууга укуктуу. Санжар Кадыралиевдин апасы «Баатыр эне» орденин алуу үчүн 3 ирет арыз тапшырып, бирок 3 жолу тең балдарынын бирөөсү кайтыш болуп калгандыгы себептүү кагаздары өзүнө кайтып келген. Мыйзам боюнча, «Баатыр эне» наамын берүүдө кызматтык милдетин аткарууда курман болгон балдары эске алынат. Дал ушул жагдай Ыргал Кадыралиеваны Санжар Кадыралиевдин кызматтык милдетин аткарууда каза болгондугун так белгилеген токтом чыгаруу боюнча депутаттарга кайрылуусуна себепчи болуптур.

КОМПЕНСАЦИЯ ЧЫРЫ
КРнын Эмгек кодексинин 255-беренесине ылайык, иш берүүчү кызматкерге эмгек милдеттерин аткарууда келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат. Компенсация, кодексте көрсөтүлгөндөй, курман болгондун эмгекке жөндөмсүз үй-бүлө мүчөлөрүнө келтирилген зыян багуучунун үлүшүнө туура келген үлүштү чыгарып салганда орточо айлык акынын өлчөмүндө ай сайын орду толтурулат жана курман болгондун орточо жылдык эмгек акысынын жыйырма өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнүп берилет. ММКлар жазып чыккандай, «Санжар Кадыралиевдин курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө зыяндын ордун төлөп берүү суммасы 10 миллион сом» деп эч бир документтин долбоорунда жазылган эмес. Атүгүл Ыргал Кадыралиева «компенсациянын суммасын ММКлардан билдим» деп айтып, андан баш тартарын да билдирген.
Буга чейин башкаларга компенсация төлөнүп келсе да, кээ бир депутаттар каралоо үчүнбү же башка максаттардан уламбы, Ыргал айымга каршы чабуул коюшкан. Көшөгөнүн артында Ыргал Кадыралиевага карата айрым депутаттардын жеке таарынычтары жана өч алгысы келген каалоолору үстөмдүк кылып кетти көрүнөт. Эгерде Ыргал айым 120 депутаттын тең «табитине» туура келген, эч бир тоскоолдук жаратпаган, алардын шарттарына ыңгайлашып кеткен эл өкүлү болгондо, анда 10 миллион сом эмес, андан да көп сумма болсо деле депутаттар өз адамы үчүн добуш берип коюп, андан ары башка иштер менен алек болуп кете беришмек беле?  
Депутаттык корпус ичинде бул көрүнүш жакында эле кайталанды. Өткөн аптада парламентте аты-жыты коомчулукка чала тааныш, жарандардын укугун коргоо талаасында тажрыйбасы жок эле адам акыйкатчы болуп шайланды. Мындан улам кээ бир басылмалар «Элдин добушу менен мандат алып келген депутаттар шайлоочуларынын алдында кандай убада бергендигин унутуп калышты. Алар барган сайын жеке кызыкчылыктарын көздөгөндөргө айланышууда. Мындай тенденция улана берсе, анда Жогорку Кеңеш таркашы керек» деп жазып чыгышкан.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aitunuk
2013-10-15 18:39:39
Эгерде эсиңиздерде болсо, С.Кадыралиевдин каза болуусу криминалга байланыштуу болгон, анан кайсы баласы жөнүндө кеп болуп жатат, ошол мезгилде С.Кадыралиев бойдок деп айтылып жүрчү, анын үстүнө, коомдо абал оор болуп турган учурда компенсация талап кылуу уят эле болсо керек, колунда жок болсо бир жөн, баарыбыз эле билебиз, депутаттардын арасында "кедей" (колунда жок)бир да адам жок. Ыргал айым тек гана өз кызыкчылыгын ойлогон
+1
juma82
2013-10-16 22:07:57
мурунку каза болгон окмот окулдору деле алып журушсо керек.Ыргал айымды куноолоп кереги жок.
0
rnurzida
2013-10-17 03:45:52
Санжар Кадыралиевдин олумун криминал чойрого байланыштырганы менен факт жок да. Ал эми депутат болуп журуп каза болгонун баары эле билет. Маркум депутат патриот болчу. Ыргал Кадыралиевага акча керек дешет. Эмне ошол акчалар агасынын ордун толуктамак беле. Бул жон гана аны коро албагандардын жомогу. Ыргал Кадыралиева азамат айым. Бетке айткан мунозу бар ошондуктан да душмандар чыга баштаса керек
-1
rnurzida
2013-10-17 03:45:52
Санжар Кадыралиевдин олумун криминал чойрого байланыштырганы менен факт жок да. Ал эми депутат болуп журуп каза болгонун баары эле билет. Маркум депутат патриот болчу. Ыргал Кадыралиевага акча керек дешет. Эмне ошол акчалар агасынын ордун толуктамак беле. Бул жон гана аны коро албагандардын жомогу. Ыргал Кадыралиева азамат айым. Бетке айткан мунозу бар ошондуктан да душмандар чыга баштаса керек
0
Asus84
2013-10-17 15:26:20
озун кара пиар кылганды суйот ушу депутат айымдар мушок кийгизип кетет жон иште Ыргал
+2
make11
2013-10-19 05:23:37
башка иш жок эле даааа!!!
+1
Vazir
2013-10-21 10:44:38
kanday bolgon kundo da tywynuu menen mamile kilayli Miyzam owondoy kompensasiya tolonuwu kerek al Mamleketin Alina karalbayt
-1
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан