АМАНТАЙ АЙТЫШТАН 2-ТЕМИР ТУЛПАРЫН УТТУ

3-октябрда Улуттук филармонияда Калык Акиевдин 130 жылдыгына карата эл аралык айтыш өткөн. Амантай Кутманалиев баасы 8000 долларлык Мерседес автоунаасына ээ болду. 40 мүнөткө созулган финалдык беттеште Амантай Аалы Туткучев менен айтышкан. Аалы Амантайга азил-чыны аралаш тийишип, бир топ эле айласын кетирген. «Айрымдар мени «өмүрүндө баш байге албаган» дептир. Мен бир нече жолу баш байге алып, 2-жолу темир тулпарлуу болдум»,- дейт сары кашка акын. Ошентип, 1-орунду Аалы Туткучев (100 миң сом), 2-орунду Кубат Тукешов (70 миң сом), 3-орунду Азамат Болгонбаев (50 миң сом) ээлешти. «Башка өлкөдөн да төкмөлөр келдиби? Алар орунга ээ болушкан жокпу?» деген суроолорубузга Амантай акын мындай деп жооп берди: – Казакстандан төрт төкмө келди. Бизде өткөн мурунку айтышта кош байге коюлуп, үч орунда тең казактар бар болчу. Биз Казакстанга барганда дайыма орунга илинбей калабыз. Бул жолкусунда калыстар ошону эске алышты окшойт, казак туугандар жайдак калышты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
MMA_1
2013-10-14 22:48:06
Амантай (Сары кашка) туура эмес сүйлөп алганго дейм. Мурда өзүбүздүн акындар "сыйлыкты беребиз" деп туз эле айтып, берип койушчу казактар бул жерге келгенде. Андан сырткары калыстар да булар конок деп бир топ эле көтөрмөлөшчү. Ал эми бул жолкусунда эч нерсени эске албай нетпей эле. Кандай айтышса ошондой баалаган деп ойлойм
0
madina.00
2013-10-16 13:12:47
туура чечимди биринчи жолу кабыл алышыптыр ошол калыстар. Биздикилер казактарга барганда Ринат Зайтов деген акын сымак бироосуно болушунча ит капкандай каптырып, конок уй бербей талаада калтырышкан экен кезинде. Канткен мн биздей меймандос калк жок го, пейили кенен.
0
madina.00
2013-10-16 13:18:07
Айтышты TVден кордум кечээ, Женишбек акынга не корунгон, казактын аялдарына асылып жаман кылды го, теледен коруп олтуруп мен уялып кеттим. А Аалы агага соз жок, создун берметин, кептин асылын, ойдун тунугун айтып келет дайыма. Амантай аганын да жениши кут болсун!
0
tynar92kg
2013-10-18 20:52:00
Супер-инфо ушул айтыштын видео версиясын жуктоп койгулачы!
0
Samat-89-kg
2016-06-17 15:01:56
Ха ха Казактар Жайдак калган экен
..
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан