Баткен облустук өрткө каршы мамлекеттик башкармалыгына Баткен шаарынан 80 сотых жер жаңы имарат курууга бөлүнүп берилди. Анткени учурда иштеп жаткан имараттын эскилиги жетип, колдонуудан чыгып калган. Бул курулушка мамлекет тарабынан 57 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө имаратты 2 кабат кылып куруу пландалып, курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук өрткө каршы мамлекеттик башкармалыгынын башчысы Замирбек Сооров маалымдады.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg