7-октябрь күнү Баткенде райондук билим берүү кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешкенин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов билдирди. Майрамдык кечеге район боюнча 360 мугалим катышып, алардын ичинде ардактуу эс алууда жүргөн ардагер мугалимдер да чакырылган. Мугалимдерди куттуктап облустук бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме, уюм жетекчилери да келишти. Мыкты кызмат кылган мугалимдерге Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мындан сырткары акимиаттан жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилди. Мугалимдерди майрамы менен куттуктап концерттик программа тартууланды.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg