БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНДА 100дөн АШУУН БОШ ОРУН БАР

Баткен облусундагы чек ара кызматында 100дөн ашуун бош орундар бар. Бул туурасында 9-октябрда Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Ата Журт» фракциясынан депутат Курмантай Абдиев билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Нарын облустарында мамлекеттик чек араны коргоо боюнча көйгөйлөр жок. «Негизги көйгөйлөр түштүктө жаралууда. Баткенде чек ара кызматында 134 орун бош турат. Ал жакка келишимдик негизде кызмат өтөөнү каалашпайт, анткени анда айлык акы төмөн. Башка облустардан баргандар чыдабай артка кайтышат. Ал эми жер­ги­ликтүүлөр ал жакка кызматка барышпайт»,- деп билдирди К.Абдиев. Чек ара көйгөйү Баткен облусунда көп жараларын да айта кетели.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nazimka
2013-10-14 19:07:40
Азыр айлыгы канча болду экен
0
mososoi
2013-10-14 23:52:55
Айлык акы аз эле чек арачыларга рахмат чыдап кызмат кылып журушот
0
talas-1985
2013-10-15 02:01:03
чек арачылардын айлык акылары.эгер контрактык негизде кызмат отосон 8 мин сомдун тегереги офицерлердики 12 минден жогору,дегеле чек ара кызматында коорупция гулдоп кеткен,башка озуно жаккан заставага которулушун учун 5 мин ташташын керек,мени шамалды сайдагы 2027 чек ара отрядына ишке алыш учун бир айлыгымды бергем,анда 3 мин сом болчу майор Эрматов деген отдел кадр.азыр ал абдан байыган болсо керек эгер иштеп журсо
0
mososoi
2013-10-16 12:13:17
о
0
make11
2013-10-19 05:20:36
жепутаттарды алып барып кайтартыш керек!айлыгы жакшы алардыкы!!
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан