15-октябрдан баштап Жалал-Абад шаарында «Ариет» балдар чыгармачылык борбору тарабынан мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде уюштурулган «Жолдо сак бол, эрежеге так бол!» аттуу 5 жаштан 12 жашка чейинки балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бул боюнча шаарда 1-октябрдан 7-октябрга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан «Ариет» балдар чыгармачылык борборуна
15 миң сом бөлүнгөн.
Иш-чаранын алкагында жол эрежесин балдарга көрсөтүү үчүн атайын сахналаштырылган инсценировка көрсөтүлдү. «Андан тышкары мэриядан атайын балдар үчүн жолдо жүрүү эрежелерине ылайыкташтырылган китепчелер даярдалып, ар бир мектеп жана бала бакчаларга таратылып берилүүдө»,- дейт мэриянын басма сөз кызматы.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg