Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жаан-чачындан улам сел каптаган учурлар көп болгон. Быйылкы жылы шаардык мэриянын жетекчилиги сел алуучу жерлерге өзгөчө көңүл бурууда. Cуу Жалал-Абад шаарынын ичиндеги эскилиги жеткен каналдардан ашып, Барпы-Сейил көчөсүн, Эркиндик аянтчасын жыл сайын каптайт. «Селдин алдын алуу максатында 400 метр болгон селдин нугун буруучу канал курулуп бүткөрүлдү. Ал эми арыктарды оңдоо боюнча атайын тендер уюштурулуп, «Келечек» ачык акционердик коому тендерден 1 миллион 800 миң сом утуп алып, арыктарды оңдоо иштерин аткарышты»,- дейт Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg