Нарын шаарынын борбордук аянтында 8-октябрда тынчтык митинги өттү. Анда негизги эки маселе каралып, талаптар коюлду. Нарын облусу климаттык шарты катаал болгондуктан, айлык маяналарга кошумча төлөнүп келген 50 пайыздык каражаттын кайра кошулушун жана «Кумтөрдөн» түшкөн каражаттын 1 пайызы облуска жардам катары бөлүнүп берилиши керек деген чечимдин аткарылышын талап кылышууда. Буга чейин өлкөнүн экономика министри Темир Сариев Нарын облусуна «Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссиянын курамында кошо келип, «Кумтөрдөн» түшкөн каражаттын 1 пайызы Нарын элине жардам катары бөлүнө тургандыгын айткан. Чогулгандар бул иштин аткарылбай жатканын белгилешти.
Митингге 150дөн ашык адам чогулуп, өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбековго кайрылып, «үнүбүздү өкмөткө жеткиргиле» дешти. Эгерде бул эки маселеге бийлик тарабынан жооп келбесе, 10 күндөн кийин кайра ушул сыяктуу акциялар уланары айтылды.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg