«ЭЛДИН АЯРЛУУ КАТМАРЫНА КОЛДОО КӨРСӨТКҮБҮЗ КЕЛЕТ»

Адамга оору да сыноо үчүн берилет. Сыноодон өтүп, тагдырын жеңгендер деп мен Каракол шаарындагы Азиз-дүлөйлөр коомуна караштуу өндүрүштүк ишканасынын кызматкерлерин айтар элем. Аталган ишканага барып, ар кыл тагдырларга кез болдум.

Азиз-дүлөйлөр коомуна караштуу үйрөтүү өндүрүштүк ишканасынын жетекчиси ИМАНБЕК СУПАТАЕВ ишкана тууралуу айтып берди:
– Өлкөбүздө Азиз-дүлөйлөр коому 1937-жылы уюшулган. Азыр мындай 11 ишкана бар. Бири устачылык, башкасы тикмечилик менен иш алып барышат. 1954-жылы Ысык-Көл, Нарын облустарында ишкана ачылган. Учурда ишканада 57 жумушчу бар. Алардын ичинен 8и эркек, 35и аялдар. Арасында жогорку билимдүүлөр дагы бар. Элдин мындай аярлуу катмарын жумушка тартып, колдоо көрсөткүбүз келет. Бирок жатакана жагынан маселелер бар. Өкүнгөнүм, кыйынчылык менен жасаган буюмдарыбыз кардарын таппай калууда. Айрым учурда буюмдарды жасаганга коротконго кеткен электр чыгымын төлөгөнгө акчабыз жетпей, жумушчулардын айлыгын бере албай калсак, кээ бирде жасаган эмгектерибиз толук сатылып кудуңдап калабыз.
Андан кийин аталган ишканадагы адамдар менен маектештим. Айрым учурларда ишкана жетекчиси Иманбек мырза тилмеч болуп жатты. Сүйлөй албагандар жаңдап оюн түшүндүрүп беришти.

Анара Ахмедова, тигүүчү:
– Бул жерде тикмечи болуп иштегениме 17 жыл болду. Алгач бир аз кыйналганым менен, азыр баарына көндүм. Анын үстүнө жумушума абдан кызыгып, кубануу менен иштейм. Үй-бүлөмдү ушуну менен багып жатам.

Орунбек Каниетов, тигүүчү:
– Бул жерде матрац тигебиз. Иштегениме 6 жылдын жүзү болду. Матрац­тардын кебездерин салып көк­төйм, тыштарын да өзүм тигем. Өз ишимди жакшы билген соң жетекчилер мастер кылып шайлап коюшкан. Азыр 34 жаштамын, көзүм ооруйт. Бул ишкананын бар болгону жакшы болду. Жумушсуздук күч алган мезгилде бул жер болбосо кайда иштемекмин?..

 


Назгүл Касымалиева, тигүүчү:
– Менин бутум тубаса ооруйт. 2-топтогу майып деген күбөлүгүм бар. Ишканада 24 жылдан бери жууркан тигем. Кыйынчылык ар бир жуурканды тикебизден туруп алып тиккенибизде. Бир күндө 3-4 жуурканды жалгыз тигем.

 

 

 

Бул жерде дени сак адамдар да иштешет. Алардын бири ТУРСУНКАН СЫДЫКБЕКОВА буларга токтолду:
– Алгач тигүүчү болуп жумушка орношком. Кийин бардык ишти өздөштүрүп, мастер болдум. Дүй­шөмбүдөн жума күнгө чейин иштейбиз. Биз тогуз саат, ден соолугунун мүм­күнчүлүгү чектелгендер 8 саат жумушта болушат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иштеген абдан эле оор. Кандай гана учур болбосун ар биринин кыял-жоругуна жараша мамиле кылабыз. Себеби булар көпчүлүктөн айырмаланып абдан назик, таарынчаак келишет. Ачууланып баратса жаш баладай эркелетип, билбегенин үйрөтөбүз. Ошондо гана баштаган иштерин мыктылап аягына чыгарышат.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aizat_1991
2013-10-15 16:52:11
Ушундай ишканалар дагы кобойо берсин.
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан