КРнын Эл артисти Токон Эшпаев:«ЫРЛАРЫМДЫ ЭЧ КИМ ӨЗҮМДӨЙ АТКАРА АЛБАЙТ»

Бир кездерде аккордеонун колунан түшүрбөй сахнада, эл арасын кыдырып обон созгон инсандарыбыз бүгүн маданияттын аксакалдарына айланышты. Алардын бири Токон Эшпаев чыгармачылыгынан жана өткөн-кеткен кызык күндөрдөн айтып берип, төрүбүздүн коногу болду.

– Токон агай, үй-бүлөдө жалгыз уул экениңизди укканым бар. Ырдап калууңузга ата-энеңиз каршы болгон эмеспи?
-1950-жылы 21-июлда Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында төрөлгөм. Бала чагым айылда өттү. Эки эжем, карындашым бар. Ата-энемдин менден мурун төрөлгөн эркек балдары токтобогондуктан, ырымдап атымды Токтомамат деп коюшат. Жалгыз уул болгонумдан ата-энем көзүмдүн кареги менен тең айланып, кыз баладай аярлап өстүрүштү. Эсимде, облус боюнча СССРдин Өздүк көркөм чыгармачылыгынын фестивалына катышып, республикалыкка жолдомо утуп алганымда жөнөтпөй коюшкан.

– Өз атыңыз Токтомамат экен. Атын кыскартып сахнага чыкмай сиздердин учурда деле болгон окшойт...
-Ооба, болгон. Азыр жүрүшпөйбү, Ома, Омар деп, мага да 1969-жылдан тарта Токон деген ат жабышып, ошону менен элге таанылгам. Негизи, Токон деп ата-энем, жакындарым эркелетишчү.

– Кыздардай тарбия алган жигит кандай мүнөзгө ээ эле?
-Уялчаак элем, башка балдардай тентектик деле кылбадым көрүнөт. Атамдын жалгыз уулу болгондуктанбы, негедир көпчүлүгү мага «сиз» деп кайрылышчу. Мектепке барганча эле көчө жаңыртып чаңырып жүрдүм, үнүм тимеле ышкырыктай чыкчу. Ошого кызыгышчубу, айтор, үйүбүздүн жанынан өтүп бараткан чоң кишилер «Токтомамат аке, бир чыңырып коюңузчу» дешсе, алар узап кеткенче чаңырып турчумун. Үнүмдүн диапазонунун кеңдиги да ошондон улам болсо керек деп ойлойм. Чындыгында, ырларымды эч ким өзүмдөй аткара албайт, үндөрү жетпей калат.

– Талант сизге кимден өткөн? Жаңы муундун өкүлдөрүнө болгон көз карашыңыз кандай?
-Биздин уруудан эч ким ырга жакын эмес. Болгону дүйнөнүн эң мыкты деген ырчыларын кумир тутчумун. Азыркы обончуларга капамын, обонун да, сөзүн да өздөрү жазып, аткарып жатышат. Карасаң ар кайсы обондон жулуп алып жазгандары билинип турат. Чехтердин Карел Готт деген эстрада ырчысы болгон, Швециянын «АВВА» деген ансамбли, Италиянын көрүнүктүү ырчылары бар. Ошолордон сабак алышса болор эле. Ооба, таланттуу, мага жаккан ырчылар өсүп келе жатат. Бирок алар бири-бирин кайталашууда. Азыркы ырчылар шашат эле шашат. Эптеп-септеп ыр жаздырса, күйүп-бышып телевидениеге келет. Кыргыз маданияты ылайланып кетти. Тойлорду мисал келтирсем, баягы эле «дежурный» ырлар, «Куршабга келип калдым, Исфанага баратам» деген. Биздин эл да ошого гипноздолуп калганбы билбейм, тандырдын ылайын тебелеп жаткандай түр көрсөтүп өздөрүнөн кетишет.

– Уялчаак баланын сүйүүсү кандай башталган?
-Оштун Маданият үйүндө ыр-бий ийримдерине катышып жүрчүмүн. Ошол жерден Иноват Камбаралиева деген кызга көңүлүм түшүп калды. Бирок «сүйөм, күйөм» деп артынан түшпөдүм. Кыздардын бирөөсүнүн туулган күнү болчу. Ошол күнү Иноватка «Сиз мага турмушка чыгасызбы?» десем, «кой, сен көп ичип алыпсың» дейт. Эртеси жолугуп, «Кечээ мас эмес болчумун. Маселени ушундай коюп жатам, сиз мага турмушка чыгышыңыз керек, а мен сизге үйлөнүшүм керек» деп айттым. Ошентип экөөбүздүн сүйүүбүз башталып, 1970-жылы студент кезибизде баш коштук. 43 жылдан бери чогуу түтүн булатып келебиз. 5 балабыз, 13 неберебиз бар.

– Студент болсоңуздар, кыйынчылыктар башка келбей койбосо керек?
-Ооба, кыйынчылыктар болгон. Минаш эрте жумушка орношуп, мени багып жүрдү. Окуумду аяктагандан кийин мен бир эле убакта эки орто мектепте, «Төлөйкөн» совхозунун клубунда, Токтогул атындагы эс алуу багынын эстрадалык ансамблинде иштеп, айына 500-600 рубль таап, бат эле бутубузга турдук. Ал кезде эң жогорку кызматта иштегендер 150-180 рубль айлык алышчу.

– Чыгармачылыкка аралашканыңызга 45 жыл болуптур. Бул аралыкта канча жолу концерт бердиңиз?
-Жеке концерт бергенден коркуп жүрдүм. Чыгармачылыгыма 25 жыл болгондо, анан быйыл 45 жылдыгы деп концерт бердим. Байбичем бир аз сыркоолоп калды. Буюрса, жакшы болуп калса, күз айларында борборго да концерт берсемби деген ниетим бар.

– Романтиксизби?
-Ооба. Романтиктер эл менен иштешкенди жактырышат, алардын жашоо-турмушун жүрөгү менен кабыл алышат. Ошол себептенби, унааны камдап алып, аккордеонду көтөрүп башым оогон жакка эл кыдырып кетким келет.

– Сизди Үч-Терекке күйөө бала дешет...
-Ушул теманы ачпай эле койсок болмок. Акзыйнат деген 9-классты аяктаган кызым бар. Бишкекте музыкалык интернаттардын биринде окуйт. Кабар алып турам, Иноват апасы менен да жакшы мамиледе. Скрипка белек кылып, окуусуна кам көрүп турат. Жайкы эс алууда бул жактагы үйгө келип турат. Ал эми анын төрөгөн апасы менен такыр мамилебиз жок.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Begim8678
2013-10-21 14:55:36
Ошондо Токон агайдын кызы Акзыйнат'внебрачная дочь' болуп калабы же ортодо анын апасына уйлонду беле? А унунуз супер!
0
ere
2013-10-22 10:40:33
эшпаевдин ырын укканда укпаганда арманда
0
Chtc
2013-10-24 19:33:00
Ортосунда үйлөнгөн. Ат айланып казыгын табат деген ушул да.Экөө менен деле жашай берсе болмок. Мындай залкар адамга эки аял деле жарашса керек!
0
asil-08
2013-10-25 22:50:23
жон журбогон экен да токон агайда жаштык мастык деп коюп жалынга батып коюп жашоодо жанылбаган адам болбойт жанылгандан кийин ойлонуп калабыз
0
asil-08
2013-10-25 22:55:16
бул бир жаш ырчы кызды алган эле го ошол аялынан кызы бар экен да белгилуу эле ырчы кызы менен тен болсо керек эле ошол маалын эстегиси келбейт окшойт уялып

0
Kg.lady
2013-10-26 13:37:19
Акманым деп безеленип ырдачуу эле.Акмандын куйообаласы депда уккам жайым бар эле.Ошондо азыркы аялы Акманданбы,же ал башкабы?
0
arzyy
2013-10-26 20:53:42
Kg.lady, Озунун аялы Акмандык,суротто турбайбы,беш баланын бактылуу энеси Инабат Эшбаева оштогу музыкалык мектептин директору!
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан