“Аккан арыктан суу агат” дегендей, куудул, ырчы Кубик Калыковдун кызы Айперинин ырларын учурда кичине балдарга чейин сүйүп угушат. “Табышмак” ырына тартылган алгачкы клиби да жаман болгон жок. Ырчы кыз клипте ырга гана эмес, бийге да жөндөмдүү экенин көрсөттү. Болгонун болгондой, жасалмасыз бетке айткан бул селки бүгүн “Дилмаек” рубрикасынын коногу.
– Айпери, окуу да жакындап калбадыбы, каникулуң кандай өттү?
– Каникулда атайын бир иш менен деле алек болгон жокмун. Кечээ апам экөөбүз кышка даярдык көрүп, салат жасадык. Бүгүн окууга камынып өзүмө, иниме, сиңдиме кийим-кечек алып келдик.
– Кийимди кайдан аласың жана ким тандашат?
– Бутиктерден, каалаган кийимимди таппасам, “Дордой” базарына барам. Кийимди апам тандашат. Өзүм сатып алганда тез эле жыртылып калат. А апам сатып берген кийим 3-4 жыл жөн эле чыдайт. Апам экөөбүздүн ортобуз бир топ жаш болгону менен, бардык нерсеге табитибиз бирдей. Ошон үчүн апам жактырганды ойлонбостон эле ала берем.
– Туулган күнүңдө атаң машина белек кылбады беле, айдап жүрөсүңбү?
– Укмуш эле айдап калдым. Жол чырактан бир машина жай токтоюн деп баратса, мен катуу барып анын ордуна туруп алам. Айрымдары башын чайкап жол бошотушса, айрымдары сөгөт. Окуу башталса кичүү сиңдим Аймээрини машинам менен окууга алып барып, алып келип турам. Атам “биздин үйдүн шоопуру сенсиң” деп тамашалап жатат. Машина айдаганды 2-3-классымда эле үйрөнгөм. Атам ошондо эле мени рулга отургузуп койчу. Анан өзүбүздүн көчөдө айдап жүрө берчүмүн. 9-класста окуган иним Улан да 2-классынан үйрөнгөн. Азыр ал менден жакшы айдайт.
– Жол чыракка токтогондо жигиттер тийишеби?
– Андай учурга туш боло элекмин. Өткөндө апам болуп “Дыйкан” базарына баргам. Апам машинадан түшкүчө араба түрткөндөр чогулуп калышты да, “Айпери Кубик кызы го” деп мени каратып туруп эле сүйлөшүп киришти. Алар мага “машина минип алган турбайбы, бул жерге келип кыпчылып токтогонун кара” деп мазактагандай мамиле кылышты. Мындай сөздөргө көңүл деле бурбай калдым акыркы күндөрү. Кээде түшүмө кирбеген сөздү элден укканда өчүп эле калам.
– Учурдан пайдаланып, мен дагы бир суроо берип алайынчы. Сени “Акбар Сүйүнбаев менен жүрөт” деп уктум...
– Эми Акбар болдубу? Мурун жигитим Султан, анан Ильяз Абдыразаков, анан Алихан болгон. Акбар экөөбүз чыныгы жакын достордонбуз. “Айтчы, гүлүм” деген ырды дуэт жаздырганбыз. Гастролго чыгышыма дайыма колдоо көрсөтүп келет. “Сүйүшөт” деген ушак. Жадакалса бир жолу атама радиодон чалып, “Акбарды күйөө бала кылганы жаткан турбайсызбы?” дешиптир. Анда атам: “Кызымдын азыр сүйө турган учуру эмес. Бул жалган”,- дептир. Аткарчу ишимди акырын кылып жүрө берсем, бир күнү мага деле сүйүү келеттир. Орозонун күнүндө калп айтпай эле коёюн, сүйүп көрө элекмин. Учурдан пайдаланып айта кетейинчи, мага ыймандуу, адамгерчиликтүү, жөнөкөй жигиттер жагат.
– Атаң менен чөйрөң бир. Чогуу жүргөнүңөрдө сени тааныбагандар атаңа жабыштырып алышы мүмкүн да, туурабы?
– Атам экөөбүздүн “Ата-эне” деген дуэтибиз менен сахнага кадам шилтеген элем. Ушул ырды тартканы бир жолу КТРге барып калдык. Ошондо оператор балдар “оо, Кубик байке, дайыма сулуу-сулуу кыздар менен жүрөсүз да” деп жатышпайбы. Атам “койгула, балдар, бул менин кызым” деп араң ишендирген. Атам мен ырдап чыккыча “кызым бар” деп элге жарыя кылган эмес. Өзү кичинекей болуп жаш баладай жүрсө эле көпчүлүк мендей чоң кызы бар деп ойлобосо керек. Мени чын эле улуу муун көп таанышпайт. Азыр жаш ырчылар көп эмеспи. Эгер атам болбосо мен деле аты жакшы таанылбай жаткан көп ырчынын бири болуп кала бермекмин. Атамдын аты аркылуу сахнадан өз ордумду таптым.
– Кубик байке сени “той-топурда ырдатпайм” деди эле...
– Биз жакта, башкача айтканда, түштүктө ырдап жатканыңда ар кайсы жериңе акча кыстара берет. Айрыкча байлар “акча үчүн ырдап жатасың да” дегенсип төшүңө акча кыстарышат. Атам ушундай көрүнүштөрдү көрүп, мени тойлорго чыгарбайм деген. Бирок аяш атам Борончу “өзүнө жакшы, үнү ачылат, акча табат” деп айтып атамды макул кылдырды.
– Шоу-бизнестеги досторуң тууралуу айта кетсең...
– Кыздардын достугуна ишенбейм. Беш жашымдан бери бир кыз менен жакын курбу болуп жүргөм. Анан ал “сен ырчы болуп элге таанылып кеттиң. Мен сенден калып калдым” деп ич күйдүлүк кылды. Ошондон кийин баары бир кыздардын ортосунда көрө албастык болорун билдим. Негизи, менин эң жакын досторум ырчылар Акбар, Кайрат, Урмат, Султан. Булар менден жашы жагынан улуу, бирок мен аларды досторум деп эсептейм. Башка чөйрөдөн дос күткүм келбейт. Таанышсаң эле жөнөкөй кызга эмес, ырчыга мамиле кыла башташат. Анан артыңдан “Айпери Кубик кызы менен тааныштым. Жөнөкөй эле кыз турбайбы” деп сөз кылышат. Досторумдун баары жигиттер болгонгобу, мүнөзүм орой. Ачык, болгонун болгондой бетке айткан, бирок шайыр, сөзүнө турган кызмын.
– “Мүнөзүм эркектердикиндей” деп жатпайсыңбы, мушташып көрдүң беле?
– Түндүк-түштүк деп кыргыздардын бөлүнгөнүн ушунчалык жек көрөм. Жалал-Абадда кара жумуштарга өзбектерди иштетебиз да. Аларга жинибиз келгенде “сарт” деп тилдейбиз. Ошол сөз борборго келгенимде “жалал-абаддык сарт” делип мага айтылып жатпайбы, анан жиниң келет да. Мындай сөздү классташ баламдан укканда өзүмдү талаада иштеген өзбек аялдарындай сездим. Ал балага жиним келип, кадимки эркектерче мушташып кеткем. Эркектердин талуу жерин билем да, ошол жерине тээп-тээп салдым. Менин бетим көгөрдү. Биздин мушташтан кийин тигил бала ооруканага көрүнүп жүрдү.
– Туура эмес иш кылып алганыңда Кубик байке урушпайбы?
– Атам сахнада күлүп жүргөнү менен, үйдө катуу. Ошентсе да ата-энем бизди катуу уруп-сого элек. “Атанын сөзү – атылган ок” деп коюшат эмеспи. Атам мурун бир нерсе десе эле ыйлай берчүмүн. Азыр ал катуу айтпай калдыбы же мен эс тарттымбы, ыйлабай калдым. Иним менен сиңдимди ата-энеме жеткирбей эле мен тарбиялайм. Чогулуп алып чымчылашып ойногонубуз менен, экөө тең менден ыйбаа кылып турушат.
– Ий, баса, Орусияга барган сапарың тууралуу сөз кылсаң...
– Шайлоонун алдында Орусиянын шаарларын кыдырып, сегиз күндө тогуз жолу концерт бердик. Ал жакка чыгармачылыктагы жакындарым менен баргам. Шаарлары кооз экен. Бирок орустардын бизге жасаган мамилеси жан кейитти. Тамак жегени кафеге кирсек эле “чёрныйлар эмне киришти?” дегенсип жактырышкан жок. “Канча нан? Дароо айтпайсыңарбы!” деп кагып-силкишти. Аларга тил кайтарайын десең, орустар чогула калып сабап салчудай. Дүкөнгө кезекке турсам, менин кезегим келсе дагы “токтой туруңуз” деп орустарды тейлешти да, аягында мага көңүл бурушту. Ушундай мамилеге катуу ирээнжидим. Бутуна туруп калган кыргыздар “биз конок кылабыз, жүргүлө” дешкенде “өх” дедим. “Туулган жердин топурагы алтын” деген сөздүн баркын ошондо түшүндүм.
– Атайын келип, маек куруп бергениңе рахмат. Ишиңе ийгилик
Айпери жөнүндө кыскача
Сүйүн Кулматова
star@super.kg