АВТОУНААДАН БАҢГИЗАТЫ ТАБЫЛДЫ

Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жол көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте баңгизатын ташуу кылмышынын бетин ачышты. 11-октябрда саат 23:40 чамасында атайын өткөрүлгөн операция учурунда Сокулук районунун Маловодное айылында 36 жаштагы К.Б. аттуу Бишкек шаарынын тургуну башкарып келе жаткан Мерседес автоунаасы токтотулган. Анын ичин кароо учурунда арткы орундуктан 9 килограмм 865 грамм марихуана салынган баштык табылган. Автоунаанын айдоочусу жана 35 жаштагы жүргүнчүсү Сокулук РИИБине жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
eduardali
2013-10-25 05:05:47
Азаматсынар эми озунор сатып акча кылып алгыла.
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан