БӨТӨЛКӨЛӨШҮН ӨЛТҮРГӨН

Милиция кызматкерлери Аламүдүн районундагы дачада киши өлтүргөнгө шектүү адамды колго түшүрүштү. 11-октябрь күнү таңкы саат 7:30 чамасында Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылына жакын жердеги Приборист дачасында европа түспөлүндөгү эркектин киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Маркумдун сөөгү табылган үйдүн полу жана дубалдары канга шыбалып калган.
Каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал 1956-жылы туулган А.К. деген Бишкек шаарынын тургуну экени билинген. Көп өтпөй Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 1955-жылы туулган П.В. аттуу баш калаанын тургуну кармалган. Маалыматтар боюнча, кылмыш экөөнүн мас болуп, урушуусунан келип чыккан. Алар чогуу спирт ичимдиктерин ичип, түн ортосунда мушташа кетишкен. Ошол учурда кылмышка шектүү бөтөлкөлөшүн курч буюм менен сайып, А.К. алган жараатынан каза болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aizul9.kg
2013-10-21 21:59:19
ушул спирт ичимдиктери жок болсо жашоо кандай сонун болмок ээ.
0
TolonturCN
2013-10-22 21:40:09
Араксыз жашоо мүмкүн эле болчу жашоо эле, ичпесе деле жашоо уланат эле. . .
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан