Бишкек шаардык прокуратурасы Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаардык прокуратурасына жеке фирманын башкы эсепчиси арыз менен кайрылып, Э. аттуу салык кызматкери 1200 доллар пара талап кылып жатканын билдирген.
9-октябрда саат 19:30 чамасында Бишкек шаардык прокуратурасынын жана ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легализациялоого каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте жеке фирманын кеңсесинде 1100 доллар жана 4000 сом пара алып жаткан жеринен Салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын Б.Э. аттуу кызматкери кармалган.
Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-берене (пара талап кылуу) жана 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелген салыкчы Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg