ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Аскатты көрбөгөнүмө үч жумага айланып бара жатат. Ушул күндөрдөгү кыйналганым, ай. Акыры атама кайра-кайра өтүнүп жатып араң дегенде жолуга алдым. Аскат мени күтпөгөн экен. Көрүп кабагы жарк эте түштү да, уялгандай жүзүн буруп кетти. Кайра чыдабай мен жакты көздөй умтулду. Экөөбүз үн-сөзсүз кучакташып калдык. Кучагында турсам жүрөгү көөдөнүн тешип чыкчудай дүкүлдөйт. Өңү азып кетиптир.
– Келбе десем болбой койдуң, ээ?- деди ал саамайымдан жыттап.
– Чыдабайт болчумун.
– Бул жерге келип, абалымды көрбөсө экен дегеним менен, күн санап күтүп жаткам. Аба жетпей жатты сен жок.
Жайчылык күндөрдө тургандай көпкө кучакташып тура бериптирбиз, убактыбыз аз экенин эстегенде гана өзүмө келдим.
– Тамак ичип, өзүңдү жакшы карап жүрөсүңбү?
– Аны койчу, Данек, мен сага баарын айтып беришим керек. Сен менин киши өлтүргөнүмө ишенесиңби?
Аскат жүзүмө тынчсыздана тигилди. Менин жообумдан бир нерсе өзгөрүп кете тургандай чыдамсыздык менен карап турат. Чынымды айттым.
– Ишенбейм.
– Мен өлтүргөн жокмун. Ошол жерде болгонум чын, мушташканым да чын, бирок колумда бычак болгон эмес. Башында алардын бири бычак менен тап берген болчу, бирок бычагын жулуп алып ары жакка ыргытып жибергем. Анан тапыр-тупурда кандай болуп кеткенин билбей калдым. Урушуп жатып тиги жигит алсырап жыгылып баратканын билдим. Бычак артынан сайылды, мен алдыда элем. Баары качып кетишти. Колумда кыркырап жаткан жигитти таштап кете албай калтырап тура бердим. Анан милиция келди. Мен күнөөлүү эмес экенимди айтсам, кулак салышпады...
Жүрөгүм сезсе керек. Мен Аскаттын бул ишке тиешеси жок экенин сезгем. Кайрадан бекем кучактап алдым.
– Мен билем...
– Мага сенин ишенимиң канчалык маанилүү экенин билсең керек... Ошол каргашалуу окуя болгондон бери сени гана эстеп жаттым. Сен, атам, апам үчөөң гана мага ишенсең болду. Калган жазаны кандайын болсо да көтөрөм. Атама да ушинтип айттым.
– Аскат, билесиңби, сен мага «элдин баары мага ишенбесе да, бир гана сен менден жүз буруп кетпе» деп айткансың. Мен сага убада бергем. Сен бул ишти кылган жоксуң, бирок сен адам өлтүрсөң да, андан жаман жорук кылсаң да, мен сенден эч качан жүз буруп кетпейт элем. Анткени сенден бурулсам, өзүмдөн бурулганым. Мен сенин жүрөгүңдө, ишенимиңде, көздөрүңдө жашайм. Мен сени менен кандай кыйынчылыкты болсо да көтөрөм. Мага ишен, ар дайым сенин жаныңда Данек бар экенин эсиңден чыгарба...
Канчалык сөздөрүм ынанымдуу болду, канчалык жүрөгүмдөгү нерсени айта алдым билбейм, бирок Аскатымдын маанайы көтөрүлүп калгандай сезилди. Жүзүнө кадимки жылмаюусу кирип, тамашалап да калды. Бир аз гана убакытка бирге болдук. Илимбек Адылов коридордон кезигип калды. Акырын баш ийкедим. Мени ал бир топко көзүн албай тиктеп турду. Кызыктай көз караш... Анан тез эле көзүн менден тартып кетип, атам менен сүйлөшүп калды. Кызык, бир нерсе айта тургандай болду окшойт, бирок эмне айтат? Буга чейин апамдын кесиби юрист экенин билбегем. Көп маселелерди атам апам менен кеңешип чечип жатканына таң калдым. Чогуу иштеп, кеңешип, бири-бирине жылуу карап калышты. Баса, апам менин оозумду да ачырды. Менин арыктап, кыйналып жатканымды байкады окшойт, ачык сүйлөшүүгө чакырды.
– Данек, сен кыйналбачы...- деди бир күнү бөлмөмө кирип.
– Кыйналганым жок.
– Көрүп турам...
Апам бир нерсени айтсамбы же айтпасамбы деп ойлонуп калгандай сезилди. Менин суроолуу көз карашымды байкап, керебетиме коомай отурду.
– Мен баарын билем,- деди ал акырын.
Дароо эле сөз төркүнүн түшүндүм. Караманча танып кетейин десем, апамдын бекем көз карашы мени жылдырбай турду.
– Эмнени билесиз?- дедим күлүп.
Бирок күлкүм күлкүгө окшобой турду.
– Танба, мен баарын билем. Аскат экөөң тууралуу баарын билем.
Аргам жок эле, башым шылк эте түштү. Жүзүмдү катып отуруп алдым. Апам бул жолу катуу даярданган экен, жаздыкты жүзүмдөн алып койду да, аяй тиктеди.
– Балким, сенден мурун мен билгендирмин. Өзүңдү өзүң жеп, сезимиңди түшүнбөй жүргөндө эле билгем. Сен аны алгач бир тууган агам деп ойлодуң да, чынбы? Сени багып
алганыбызды айткым келбегени да ошондон эле. Аны билгенден кийин өзүңдү зордоп кармап жүргөн сезимдериңе ээ боло албай калдың. Сага канчалык кыйын экенин билип туруп жардам кылгым келбеди. Анткени Аскат сага бактысыздык алып келет деп ойлочу элем. Эх, кызым, аял болуу оңой эмес. Биз сезимибиздин, алсыздыгыбыздын кулу экенбиз. Канчалык кыйналсак да, чайналсак да, аркандап койгондой бир адамга байланып калат турбайбызбы.
– Сиз ким тууралуу айтып жатасыз?
– Бардык аялдар тууралуу айтып жатам. Сен дагы Аскатка байланып калдың. Кичинеңден эле жакшы көрчүсүң. Андан башка адамды көрө албадың. Баарын жашырам дегениң менен, ар бир нерсе көз алдымда болуп өттү, кызым.
– Апа?
– Башында сенин сезимиңди Аскат баалай албайт деп жүргөм. Бирок мен ойлогондон башкача болуп чыкты. Билбейм, сенден эмне тапты, бирок кандай болсо да аны катуу өзүңө байладың. Түбөлүккө байладың. Мен буга ишенем. Эми иши бүтүп, үйгө келгенде баарын ачык айтышыңар керек.
– Апа, рахмат сизге, чоң рахмат!
Кучактап, өпкүлөп жиберген мени апам кучагына кысып турду, саамайымдан сылады.
– Мени кечиргиле. Жаман оюмда Аскат болбосо атаң экөөбүз жакын болмокпуз деп ойлочумун. Кийин сени да менден тартып кетти деп жек көрдүм. Күнөө анда эмес, тагдырда экенине көзүм жетти. Мен сенин бактылуу болушуңду каалайм. Ал эми Аскатсыз сен бактылуу боло албайсың.
– Атам да билеби?
– Жок, билбейт. Эркектер андай нерселерди байкабайт.
– Айтып койбоңуз ага. Азырынча билбегени жакшы.
– Макул...
Апам экөөбүз көпкө сырдашып отурдук, анан ал мени жалгыз калтырды. Апам дээринде жаман адам эмес, болгону өтө эле муздак, эркелеткенди, эркелегенди билбейт. Мурун кандай болду экен?.. Апамды ойлонуп жатып уктап кеткен экем, кимдир бирөөнүн коңгуроосунан ойгонуп кеттим.
– Алло.
– Алло, мен Данек менен сүйлөшүп жатамбы?- деди трубкадагы бейтааныш аял.
– Ооба, ким бул?
– Мен Аскаттын апасы болом, биз жолуга алабызбы?
Дароо апамды ойлодум. Мен аны менен жолуксам, апама карата чыккынчылыгым эмеспи? Жок дегим келгени менен, Аскатты да ойлонуп туруп калдым. Аскат апасын жанындай жакшы көрөрүн эстеп кеттим.
– Эгерде жолуга алсаң, мен силердин үйдөн алыс эмес жерде күтүп турам.
– Макул.
Көрсө, баласы менен көрүшө албай жаткан бечара мен аркылуу жол табам деп ойлонуптур. Атам таптакыр сөзгө келбей жатканын, өзү Аскатты ойлоно берип жинди болуп кете тургандай абалда жүргөнүн айтты.
– Мен аны менен көрүштүм, «баары жакшы» деди, сизге салам айтты. «Мени ойлонуп кыйнала бербесин, мага ишенсин» деди.
– Дагы эмне деди? Арыктап кетиптирби? 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Azimjan_95
2013-10-21 19:17:48
тагдырдын сыноосу да кутуп атып олмой болдум......
0
4inarbek
2013-10-21 20:08:36
Дагы кандай болуп кетеер экен.
0
ruslanwww
2013-10-21 22:57:06
журогум жарлып кетет екен дагы бир жума откучо
0
Beka_89_kg
2013-10-21 23:13:35
ииий уф бир жума
0
rufiya
2013-10-22 00:48:25
Дагы 1 жума кутуу. Эх кандай гана чыгарма..............
0
Dj__1ove
2013-10-22 02:05:07
Любовь-морковь,озунчо эле "Мексиканский сериал" болуп гетти го. Кантип эле самый влиятельный Азирет Аскаровичке макул болбой,каяктагы бешиктен бели чыга элек балакай Данеке макул болду) анан дагы чындап эле адвокат атасы болуп чыкпайбы,же эмне Данекти суйуп калабы) Сабыр бер мага,о Аллах!
0
kara-koz
2013-10-22 02:40:06
байкуштар десе
0
rozka
2013-10-22 22:00:26
Менин ойум Данекти адвокат суйуп калат эми башталды кызыгы
0
Anisaydan
2013-10-23 13:58:05
Кызыктай коз караш...Анан тез эле козун менден тартып кетип атам менен суйлошуп калды.Кызык, бир нерсе айта турган болду окшойт,бирок эмне айтат?.. Апасына окшоштурду го дейм. Адвокат атасы окшойт го...
0
turgunay89
2013-10-23 18:17:43
ушул сериалды окуп атып кадимкидей киносун коруп аткандай болом, анан эле кызыгына келгеде эле бутуп калат, кудайым сабыр берсин
0
unknown04
2013-10-26 00:22:04
ушунчалык кызыктуу чыгарма, абдан жагат
0
nursyi
2013-10-26 11:37:34
Итке соок ыргыткандай кылбай,чыгарманы чогуу эле берип койбойбу!
0
N.Bakazova
2013-10-27 13:08:09
Коптон эле жазып койсо э'
0
periwtem
2013-10-27 16:03:26
Автор,ушул чыгарманы кино кылып тартсак эмне дейсиз.
0
periwtem
2013-10-28 14:17:06
Автор,kabylova.09@bk.ru га дружба жиберип койунузчу.
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан