ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-октябрдан 27-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жумушта сизге көп иштер жүктөлүп, кенен убакыт болбойт. Ошондой эле аптада пландалбаган чыгашаларга туш келесиз. Врачка кайрылуу, дары-дармек алуу же тойго баруу дегендей. Жеке жашоого келсек, сүйүүнүн азабын тартуудан эч ким кутула элек. Капаланбаңыз, сизди жаңы таанышуулар күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үй-бүлөлүүлөр сүйүктүүсү менен компромисске барууга даярдануулары кажет. Дегеле жакындары менен жумшак болуу талап кылынат. Жеке мамилелер жумушка терс таасирин тийгизбеши зарыл. Кимдир бирөө менен урушсаңыз, өзүңүздү колго алыңыз. Акчаны үнөмдөп, эч нерсе сатып албай туруу керек. Сейилдеп же таң эрте чуркап энергия топтоңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бойдоктордо эски достук мамилелер сүйүүгө өсүп жетүүлөрү мүмкүн. Албетте, сиз муну кааласаңыз. Үйдө оор иштерден качыңыз, болбосо оору тилеп аласыз. Жумушта тажрыйбага таянуу жана жакшы кеңештердин арты менен алмашылгыс кызматкерге айланууга мүмкүнчүлүк бар. Апта ичинде чыгашалар көбөйүп, карыз сурооңуз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жаңы тааныштарга жакшылап баам салыңыз. Алар сиз ойлогондон башка адам болуп чыгуулары ыктымал. Суукта көп жүрүүгө туура келип, жыйынтыгында суук тийип, дары ичүүгө аргасыз болосуз. Иште тырышып көп иштерди бүткөрбөсөңүз, жетекчиден тил угууңуз мүмкүн. Акчанын бул аптада болушу күтүлбөйт.


АРСТАН (23.07-23.08)
Сүйүү фронтунда жымжырттык. Эмне кылсам деп баш катырбай, хобби менен алектениңиз. Жеп-ичкениңизге көңүл буруңуз, болбосо толуп кетүү коркунучу бар. Жумушта билимди жогорулатуу мамилеси келип чыгат. Мүмкүн, кандайдыр бир ийримге жазыласыз. Акчаны бекем катпасаңыз, уурдатып жиберүү коркунучу күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакшы көргөн адамыңыз экөөңүздөрдүн мамиле жаңы деңгээлге өтүшү үчүн шашылбай туруңуз. Ал өзү чечим кабыл алуусу зарыл. Остеохондроздон кутулуу үчүн массаж алууга жана бетти тазалоо үчүн маскаларды жасоого киришиңиз. Айрым карьерадан өспөй жаткан кызматкерлер жумуш ордун алмаштыруу боюнча чечим кабыл алышат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сүйүүдөн көңүлүңүз калат. Башты шылкыйтпай, оптимист болуңуз. Уйкусуздук бейпайга сала баштайт, көбүрөөк эс алып, тынчтандыруучу чөп чайларды ичиңиз. Жумушта күнүмдүк иштер менен отуруп тажасаңыз, командировкага барууну сураныңыз. Топтогон каражатты заматта коротуп отуруп калуудан сактануу керек.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жүрөгүңүзгө жакын адам оройлук кылып маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн. Ага таарынбаңыз, маселеси чачтан көп. Жакын аралыкта энергияңыз аз болот. Андыктан ооруп калбайын десеңиз жакшылап тамактанып, эс алууга убакыт бөлүңүз. Жумушта жетекчинин көзүнө көрүнүү үчүн так, туура иштөө керектелет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта чыгармачыл жөндөмдү көрсөтүп, сынактарга катышууга, жаңы идеяларды сунуштоого ылайыктуу. Акчаны туура бөлүштүрүү сиздин моюнга жүктөлөт. Баалаган адамыңыз мамилени териштире баштайт. Сиздин милдет – чоң чырга жол бербөө. Стресстен чыгуу үчүн дүкөн кыдырыңыз же сулуулук салонуна баш багыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бойдоктор жагымдуу адамдар менен таанышып, кээ бирлери мамиле курууга өтүшөт. Көзүңүз жетпеген ишке акча жумшабаңыз. Туугандар менен карым-катнаш мамилесиндеги таарынычтар жоюлат. Машина же жер тилкесин сатып алууну көздөгөндөр алданып калбоо үчүн документ жана башкаларды дыкат текшерүүсү зарыл.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Келбетти сактоо үчүн майлуу тамактардан баш тартып, кара жумушка аралашыңыз. Жаңы иш издегендер сунушталган айлык аз болуп, башка жумушту күтө турууларына туура келет. Тобокелге барып лотерея сатып алгандардын утушка ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Сүйүктүүңүздүн көптөн берки кыялын ишке ашырып, мактоого татыйсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта окуяларга бай болот: жолугушуулар, командировка... Алдын ала энергияңызды топтой бериңиз. Сүйүүдө абалды өзгөртүү кажет. Бир нече убакыт сүйүктүүңүздүн көзүнө көрүнбөй турсаңыз, баары ордуна келет. Өнөкөт оорулар козголбосу үчүн ашыкча тамак жебеңиз, ичимдик ичпеңиз. Апта киреше апкелет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан