Жакында эле борбор шаарыбызда адам өмүрү кыйылган кандуу окуя катталды. Иликтөөнүн версиясы боюнча ажал коштогон бул окуя кызганычтын айынан келип чыккан.
ИЧКИЛИКТЕН УЛАМ ЧЫР ЧЫККАН
2013-жылдын 13-октябрь күнү Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБине борбор калаабыздагы Лущихин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери айтылган даректеги үйгө барышып, бычактан алган жаракаттан улам каза болгон адамдын денесин табышкан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, маркум 29 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Талант Акматжанов экендиги аныкталган. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда кылмышка далил буюм катары ашкана бычагы, ичимдиктердин бөтөлкөлөрү табылган. Ал эми кылмышка шектелип маркум менен жарандык никеде жашап жүргөн Мээрим Орозалиева аттуу айым кармалган.
«КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН УРУША КЕТТИК»
Кылмышка шектүү аял тергөө учурунда эмне себептен бул кылмышка кириптер болгондугун түшүндүрүп берген:
– 1984-жылы Нарын облусундагы Жумгал районунда төрөлгөм. Талант экөөбүз 2005-жылдан тарта жарандык никеде жашаганбыз. Ортодо келишпестиктерден улам ажырашып кетип, 9 ай мурун кайра Бишкектеги 215-маршруттук таксинин акыркы аялдамасынан жолугуп калдык. Талант ошол каттамда диспетчер болуп иштечү. Анан кайра табышып, экөөбүз Ак-Өргөө жаңы конушунда батирде чогуу жашап жүргөнбүз.
Ошол каргашалуу күндөн бир күн мурун мен сиңдимдикине барып жатып калып, эртеси кечки саат 7лерде келгем. Күйөөм ал күнү бош болчу, мен келер замат «Каякта жүрөсүң, ким менен жаттың?» деп эле атырылып баштады. Экөөбүз уруша кеттик. Андан соң жараштык да, чогуу арак ичтик. Арак түгөнүп, түн ортосунда Талант сыртка чыгып дагы 1 бөтөлкө арак алып келип, кайра уланттык. Талант экөөбүз ага чейин да кызганычтын айынан урушуп жүрчүбүз. Бир коңшумдун «сен жокто күйөөң бир келинди үйгө алып келди» дегенин күйөөмө айткам. Бирок ал коңшум менен Талант экөөнү беттештиргенде, күйөөмдөн коркуп, айтканын танып койгон. Бир маалда ошол окуя эске түшүп, аны айта коюп экөөбүздүн ортобузда дагы чыр чыгып кетти. Ал тура калып мени сабай баштады. Түнкү саат 2лер чамасы болчу. Мен тамак ичкен столду айланып качып, коргонууга аракет кылып жаттым. Андан аркысы эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Ачуум менен столдун үстүндө турган ашкана бычагын колума алып Таланттын жүрөк тушуна шилтеп калганымды бир билем. Ал жерге бүк түшүп кулаганда гана эмне кылар айламды таппай коркуп кеттим. Анан кан болгон бычакты сууга жуудум да, «Тез жардам» чакырдым. «Тез жардам» келбей койгонунан кайра милицияга чалдым.
Азыр кылган ишиме өкүнүп жатам, мындай кылайын деген оюм жок болчу. Бардыгы кызганыч менен арактын айынан болуп кетти.
«КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛДЫ»
Жогорудагы факт боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:– Бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Мээрим Орозалиева аттуу айым кармалды. Ал маркумдун жарандык никедеги аялы. Милиция кызматкерлерин өзү чакырып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg