Ислам дининин беш түркүгүнүн бири болгон ажылык милдетти аткаруу – ар бир мусулмандын милдети. Бирок милдетин аткарууну каалаган мусулмандар бул жылы бир катар маселелерге кабылышууда.
Ажылыкка эмне тоскоол болот?
Быйылкы жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга 4500 адамга квота бөлгөн. Бирок дүйнөгө кулач жайып келе жаткан чочко тумоосу сауд арабиялыктарды тынчсыздандырбай койгон жок. Алар чек арадан өтө турган адамдарды өтө сактык менен көзөмөлдөп, медициналык маалымдамасы менен гана өткөрүшөрүн билдиришкен.Тагыраак айтканда, “талапка ылайык маалымдамасы жок жарандар ажылык кыла алышпайт жана кайра өлкөсүнө кайтарылат” деген билдирүү берилген.
Ал эми биздин Республикалык санитардык-эпидемиялык департаментинин пикиринде ажылыкка бара турган адамдардын ал жактан чочко тумоосун жуктуруп келүү коркунучу да турат. Албетте, кооптонууга негиз бар. Анткени Сауд Арабия өлкөсүндө 150гө жакын адам чочко тумоосу менен ооруганы катталган. Бирок кандай тынчсыздануу болсо да Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандык мусулмандарды ажылык сапарга барууга тыюу сала албайт. Эми башкы маселе ажыга бара турган адамдарды кантип эмдөө керек? Бул оорунун алдын алуу үчүн 8 миңден ашык кишини дарылоого тамифлю дарысы бар. Эгерде оору массалык түрдө таркап кетпесе, бул дарынын жардамы менен оорунун алдын алууга болот. Ажыга бара турган адамдарды эмдөөдө айрым маселелер октябрь айына чейин каралары күтүлүүдө.
Мына ушундай суроолорго жооп алуу үчүн өлкөнүн муфтийи Мураталы ажы Жумановго кайрылганыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп берди.
– Бул тумоо тууралуу бир катар маселелер болуп жатканы чын. Бирок мусулмандардын ыйык парзы болгон ажылык сапар бул илдет үчүн токтоп калбайт.
– Ал эми Сауд Арабиясынын чек арасында бизден баргандардан чочко тумоосуна каршы вакцина тууралуу маалымдама талап кылышабы?
– Талап кылынат. Бул үчүн биз ар бир ажылыкка бара турган жаранды медициналык каттоодон өткөрөбүз. Ар бир адам өзүнүн катталган жеринен эмдөө алуусу керек. Негизи эле ажыга бара турган адамдардын маалымдамасы, чек арадан өтүүсү биздин моюнубузда. Муфтият аркылуу барган жаран бул маалымдама менен камсыз болот. Эч кандай тынчсызданууга жол берилбейт. Алардын коопсуздугуна биз кепил боло алабыз.
– Ал эми ажыга баруучуларга вакцина жетеби?
– Бул маселени Саламаттыкты сактоо министрлиги чечүүдө.
Кыргызстанда август айында чочко тумоосу менен ооруган 2 адам катталды. Бул оорулуу 10-августтан 14-августка чейин Дубайда болгон. Дубайдан Алматыга учуп келип, ал жактан Кыргызстанга келген. 14-августта оорунун белгиси башталган.17 августта ошол эле кишинин келинчеги өзүн жаман сезе баштаган. Оорулуулардын анализи Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмундагы «Рефренс» жана Новосибирсктеги «Вектор» лабораториясына жиберилген. Аларда А H1N1 вирусу бар экени белгилүү болду. Учурда булар республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып чыгышты.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg