Бири-бирине төп келген кош жылдыздар Урмат менен Неля бойдок кездегидей көп көрүнбөй калышты. Муну Неля «биз дагы да болсо ыр менен алпурушуп жүрөбүз. Бирок таскагыбыз басаңдап калганын моюнубузга алабыз. Анткени биз үчүн үй-бүлө биринчи орунда. Ырга эмес, балдарыбызга көбүрөөк көңүл буруп калдык» деп
түшүндүрөт.
– Салам, Неля! Телефон чалсак «балам ооруп калыптыр, ооруканадамын» дейсиң, жакшыбы?
– Баланы бөпөлөп караган сайын ошончолук назик, эрке болот окшойт. Мен тез-тезден эле колдорун жууп, дарыгер айткан рецепт менен тамак берем. Ошого карабай ооруп калышат. Шаардыктарга караганда көчөдө топурак-чаң болуп ойноп жүргөн айылдын балдары бышык, чыйрак келишет окшойт деп ойлоп калам. Нурэл да, Жазэл да бир аз сыркоолоп ооруканага жатып чыктык. Азыр экөө тең жакшы.
– Жиниң келгенде күчүңдү балдардан чыгарып кагып-силкпейсиңби?
– Жинимди балдардан чыгарбайм, албетте. Бирок чектен чыгып баратышканда урушам, кээде чаап да коём. Урмат баласаак, балдарга үнүн бийик да чыгарбайт. Экөөбүз тең такыр урушпасак, анда башыбызга чыгып алышпайбы.
– Айрым эркектер келинчегин кызгана беришет го, Урматта ушундай сапат барбы?
– Ага жол бербейм. Эртеден-кечке үйдө отурам. Эртең менен туруп балдарга ботко жасайм. Анан кайра түшкү тамагын даярдайм, ошентип отуруп кеч кирет. Күнүм эмне болуп өткөнүн билбей калам. Тойго барсак, Урмат экөөбүз чогуу барабыз. Кээде Урмат жалгыз барып калганында «сен жок жаман экен» деп калат. Жакында эле Кытайга гастролдоп барып келдик.
– Курман айтты кандай тостуңар, айттадыңарбы?
– Айттадык. Биздикине да келишти. Кытайга барганыбызда Урмат бир аз кырсыктап калган. Кан чыгарып, кырсыктын баары ушуну менен чыгып кетсин деп Кудайга жалындык.
– Урматка жиниң келгенде, таарынганда кандай ойлорго барасың?
– Мен Урматка түбөлүктүү жар болоюн деп турмушка чыккам. Ошондуктан жаман ойлорго эч качан жетеленбейм. Тултуңдап сүйлөбөй калмайым бар. Бирок бир үйдө жашап жаткандыктан, балдар турганда тез эле сүйлөшкөнгө туура келет. Балдар келип «апа, ата, мындай, тигиндей» деп ар нерсени сурап жатып сүйлөштүрүп коюшат.
– «Эжелүү кызга эски тон» деп коёт эмеспизби. Байкесинин кийимдерин Жазэл киеби?
– Кызыма жаңы кийим аз сатып берем. Дүкөнгө барганда «Жазэлге албай эле кой, байкесиникин кийгизип коём» десем, Урмат «койчу, кызыма деле жаңы алып береличи» дей берет. Кызымдын чачы атасы жагын тартып тармалдашып турат. Түз болсун деп устара менен кыра берем. Чачы кырылган, эркек баланын кийимин кийип жүрсө аны баары эле эркек деп ойлошот.
– Кызы атасына, уулу апасына жакын го турмушта, силерде да ушундайбы?
– Биздики тескерисинче. Уулум менен кызым удаа да. Кызымды төрөгөндөн кийин аны карап уулума көп көңүл бура албай калгам. Аны Урмат карап калды, тамак берип, сыртка ойнотуп, уктатып дегендей. Ошондонбу деп калам, уулум атасына, кызым мага жакын. Бирок кийин тескерисинче болсо керек. Анткени мен деле атама жакын болчумун, Урмат апасына жакын. Кызым аябай жароокер. Бизди бир саат эле көрбөй калса «апа, ата, сагындым» деп кучак жайып тосуп алат. Уулум болсо эч нерсе менен иши жок жүрө берет.
– Гастролго кеткенде ким карап калат балдарды?
– Бала багуучубуз жок, ишенбейт экем аларга. Ар түрдүү окуяларды уга берип коркуп калат экенсиң. Нурэлди бала бакчага берели деп жазылып койдук. Биз алыска кеткенде Таластан апам келет же таенеси карайт. Кайнежем да каралашат кээде. Ишенген үч адамыбыз бар.
– Кайненең сени кандай келин дейт экен, укканың барбы?
– Ооба, угуп эле жүрөм, өзүмдүн апама да айтат. Мен жөнүндө жакшы ойдо. Жөн жерден мактап жаткан жокмун, апам чынында абдан түшүнүктүү адам. «Балаңарды мен эле багам, силер иштегиле. Эмне теледен чыкпай калдыңар, гезитте да көрүнбөйсүңөр, жаңы клибиңер жок го?» деп тынчсыздана берет. Биз үчүн баарына даяр.
– Айрым ырчылар азан чакырылган атына кайтып келип жатканын билебиз. Сен качан Элмира болосуң же андай ой жокпу?
– Туугандарымдын баары Элмира дешет. Кайын журтум Неля деп көнүп калышкан. Мен өзүм жан дүйнөмдө Элмира элемин. Паспортумда Нуркул кызы Элмира болчумун. Чет жерге чыгарда, башка документтер менен иштегенде көп кыйынчылыктар жаралат экен. Ошондуктан паспортумду Неля Нуркулова кылып өзгөртүп алгам. Ушу менен эле калдым окшойт. Чоң эне болгондо деле Неля апа бойдон калам.
– «Кайып булак» тасмасын көргөндө жиниң келбейби?
– Ал ролум мага жагат. Сонун кезди баштан өткөрдүк. Көргөндө ошол убакытка барып келгендей элес калтырат. Мен профессионал актриса болбогондуктан, мындай ойноптурмун деп маанайымды чөгөрбөйм.
– Төркүнгө оокат ташыйсыңбы?
– Жардам берип турам. Апам өзү деле мугалим болуп иштейт, таптакыр биздин колду карап калган эмес. Кээде Урмат мага айтпай туруп деле жардам берип коёт.
– Турмушка чыгар алдында апаңа бизнес ачып берип жаттың беле?
– Жалгыз ачып бердим деп айтсам болбой калат, жапа тырмак кабаттуу үйүбүздү бүтүрүп, жанына ижарага берүү үчүн дагы бир үй салганбыз. Үй-бүлөдө үч кызбыз да, мен ортончусумун. Тың чыкмасы мен болдум окшойт. Анткени ата-энем үй-бүлөлүк бюджетти мага карматышчу. Кимге, кайсыга канча керек экенин ата-энем чогуу талкуулашып, анан менден алышчу. Мен мынча кетти деп кагазга жазып турчумун.
– Чыгармачылык өз нугунда дейсиң, ушу тапта ыр жаздырып жатасыңбы?
– Атамдын көзү өтүп кеткенине он жылдай болуп калды. Анын жаркын элесине арнап "Атаке" аттуу ырыма клип тартып бүттүм. Тексттин идеясы апама таандык.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg