«АКЫЛДУУ» ЭСЕПТЕГИЧ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН УУРДАТПАЙБЫ?

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү «акылдуу» электр эсептегичтер орнотула баштагандан тартып, эл арасында ар кандай сөздөр айтылууда. Кээ бирлер «Анын бизге кереги жок, себеби алдын ала акча төлөп, ал түгөнөрү менен жарыксыз калат экенсиң» дешүүдө. Ал эми кээ бирлери «Жакшы оокат экен, уурулардын санын кыскартууга чоң жардам бермек. Бирок «акылдуу» эсептегичтин күчү байларга жетет болду бекен?» деген суроого такашууда.

«АКЫЛДУУ» ЭСЕПТЕГИЧ ТУУРАЛУУ
Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык өлчөө системинде (ЭЭКЭААМӨС) иштеген электр эсептегич жаңы муундагы эсептегич болуп саналат. Жөн гана «акылдуу» эсептегич деп койсок да болчудай. Анткени анын жардамы менен электр энергиясын сатуучу ишкананын кызматкерлери кеңсесинен чыкпай туруп абоненттерди көзөмөлгө алса болот. Акчасын төлөбөгөндөрдүн жарыгын өчүрүп, төлөгөн соң кошуп, ашыкча электр энергиясын сарптап жатса чектеп турушат. Электрондук пломбасын жасалма жол менен жасоого да мүмкүнчүлүк жок. Аны бүлдүрүп, тетири айлантып же дагы бир нерсе кылып уурдайм деген кандайдыр бир аракет жасалса, ал тууралуу дароо ишкананын маалымат борборуна белги берилет.

БИШКЕК ШААРЫНЫН БАРДЫК АБОНЕНТТЕРИНЕ ОРНОТУЛАТ
"Түндүк электр" ишканасы алгач «акылдуу» эсептегичтерди электр энергиясы көп жоготууга учураган Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер, Арча-Бешик, Ак-Өргөө сыяктуу аймактарына орнотуудан баштаган. Ушул жылдын соңуна чейин жалпысынан 15 миң даана эсептегич орнотуу пландалса, анын 4 миңи учурда коюлуп бүттү. Ал эми 2015-жылы бардыгы болуп 110 миң 136 даана коюлмакчы.
Германиянын Өнүктүрүү банкы каржылаган бул ишке 15 миллион евро жумшалууда. Долбоорду каржылоодо насыяны бөлүп берип жаткан Германиянын Өнүктүрүү банкы өзү тендер өткөрүп, түркиялык ишкана утуп чыкты. Ал ишкана Молдовадан чыккан эсептегичтерди сатып алып бизге алып келүүдө.

«АКЫЛДУУ» ЭСЕПТЕГИЧТЕР ЖЕҢИЛДИК АЛЫП КЕЛЕТ»
Эсептегичти орнотууну колго алган «Түндүк электр» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү САПАРБЕК АРГЫНБАЕВге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Жаңы эсептегичтер уурдагандардын санын азайтуу жана электр энергиясын ченеминен ашыкча жаккандарга бөгөт коюуга багытталган. Техникалык шарт боюнча, бир турак үйгө 5 киловатт кубаттуулуктагы электр энергиясы берилет. Бул үйдөгү электр тогу менен иштөөчү тиричилик буюмдарын (муздаткыч, сыналгы, лампалар, чаң соргуч жана башка) бир убакта иштетүүгө жетет. Ал эми 5 киловаттан ашык кубаттуулукту талап кылган үй жылыткычтарды иштетүүгө жол бербейт. Эгер үйдү жылытууга электр энергиясын колдоном десеңиз, эсептегич жарыкты өзү өчүрүп коёт да, аны өчүрмөйүнчө жарык күйбөйт. Бул өз кезегинде электр жарыгын кардарларга сапаттуу берүүгө да шарт түзөт. Себеби электр жарыгын үй жылытууга колдонгондуктан, кээ бир жерлердин жарыгы үлбүрөп эле күйүп турчу. Ошол аймактар эми сапаттуу жарык менен камсыз болушууда. Мындан сырткары айдын соңунда кардарлардын телефон номерлерине СМС түрүндө алдын ала маалымат берилет.
Электр энергиясын колдонуу эрежесинде мурда бир турак үйгө 3,5 киловатт деп белгиленген экен. Биз аны 5 киловатт деп көбөйттүк. Ал эми мурда 10-15 киловаттка уруксат алгандарга ошол бойдон эле беребиз. Бирок жаңыдан 10-15 киловаттка уруксат алам дегендерге азырынча берилбейт. Өкмөттүн буйругуна ылайык, «Датка-Кемин» көмөк чордону ишке киргенден кийин гана бериле баштайт.

«ЖОГОТУУНУ КЫСКАРТАТ»
– Жаңы эсептегичтер орнотулган кардарлардын 50 пайызы жакшы деген баасын берсе, 30-35 пайызы айырмасы жок дегендей мамиледе. Ал эми 10-15 пайызы каршылыгын билдирүүдө. Каршы болгондор бир үйдүн короосуна 10-20 бөлмө салып, батирге берип бизнес кылгандар, кафе, ресторан иштеткен ишкерлер.
Май айынан баштап 26 коммерциялык структурага жаңы эсептегичтерди коюп, былтыркы бир айда сарптаган электр энергиясы менен быйылкы бир айдыкын салыштырып көрдүк. Жыйынтыгында 700 миң киловатт электр энергиясын ашыкча колдонуу болгондугу аныкталды. Булар юридикалык жак болгон үчүн киловаттына 1,5 сомдон төлөшөт. Акчага айлантсак, 1 миллион сомдон ашык каражат ушул ишканалардан эле жоготууга учурап турган. Атап айтсак, «Ала-Тоо» эс алуу борбору эски эсептегич менен 1 айда 95 миң киловатт жакканын көрсөтсө, жаңы эсептегич менен 280 миң киловатт пайдаланганы билинди.
Бишкек эркин экономикалык зонасы өткөн жылы 88 миң киловатт десе, быйыл 150 миң киловатт коротору ачыкталды. Ал эми хан сарайлардын ээлери он эсеге чейин көп жаккандыгын жашырып келген фактылар катталууда. Мисалы, ЖКнын депутаты Игорь Гусаров үйүнө киши киргизбей, эски эсептегичи көрсөткөндөй «айына 3 миң киловатт саат электр энергиясын жактым» деп, ошого гана төлөп келсе, жаңы эсептегич орнотулгандан бери 24-27 миң киловатт саат керектегендиги билинди. Мына ушундай жол менен жоготууну жойсок болот.

«ОРТОМЧУ КОМПАНИЯЛАРДЫ ЖОГОТУУ КЕРЕК»
– Эң чоң жоготууларга өнөр жай ишканаларга сатылуучу тарифтерди менчиктеп алган ортомчу компаниялар себепчи. Ишканалар 1 сом 50 тыйындан төлөөдөн качып, ортомчу компания аркылуу 27ден 50 тыйынга чейин сатып алып иштешет. Мисалы, «Корунд гидроток» (Таатан) 68,50 тыйындан алса, "Глобал энержи" ЖЧКсы 55 тыйындан алат. Мына ушундай жол менен миллиондогон сомдорду биздин энергетика тармагынан чыгарып кетишүүдө.
Электр станциялардын ортомчу компанияларга түздөн-түз сатуусун чектеш керек. Баягы «Ширшовдун схемасы» деп аталган коррупциялык системдин бири ушул жерде иштейт. Мына ушундай жол менен байып, байлык топтоп жаткандар бул системдин талкаланышына каршы чыгып, ар кандай реформаны сунуштамыш болуп убакытты созууга аракет кылышууда. Алар «биздин бул системди жойбой эле калтыргыла, жетпей жаткан каражаттарды тарифтерди көтөрүү менен элден жыйнап алсаңар болот» деп жан талашып жатышат. Себеби жылына 400-450 миллион сомду чөнтөктөрүнө солошот.
Ортомчу компанияларды жоюп, электрди таратуучу ишканаларга гана берип, алар эсептегич менен сатууну колго алса Ширшовдун схемасы талкаланат.
Былтыркы жылдын 9 айында жоготуу 19,27 пайыз болсо, быйылкы жылдын тогуз айында аны 13,38 пайызга кыскарттык. Муну менен орто эсеп менен 140 миллион сомго кирешебиз көбөйдү. Бул акчага трансформаторлорду алып, электр чубалгыларын жаңылап жатабыз. Жыл соңуна чейин жоготууну 12 пайызга чейин түшүрсөк, 300 миллион сом кошумча кирешеге ээ болобуз. 1 пайыздык жоготуу болжол менен 50 миллион сомду түзөт.

«Супердин» сурак бурчу
"АКЫЛДУУ" ЭЛЕКТР ЭСЕПТЕГИЧИН ОРНОТУУГА МАКУЛСУЗБУ?

Замира Шайымкулова, Жалал-Абад облусу:
– «Акылдуу» эсептегичтерди орнотуу керек деп жакшы ойлоп чыгышыптыр. Бирок бул эсептегичтин чоңдорго алы жетер бекен? Ал эми карапайым калкка анын зыяны деле тийбейт деп ойлойм.

Рахат Жумакадыров, Нарын облусу:
– Андай эсептегичке каршымын. Ал деле коррупцияланып кетет. Ошол эле колунда барлар дагы бир нерсени ойлоп табат да. Канча электр колдонуп жатканымды контролёр менен бирге көзөмөлдөп, көрсөткүчтү жаздырып, төлөйм. Офисинде отуруп алып кандай эсептээрин ким билсин?

Валентина Токтобаева, Нарын облусу:
– Бул эсептегич төлөнгөн акча түгөнгөндө светти берүүнү токтотуп коёт экен. Мен буга каршымын. Биз бир жакка чыгып кетип, үйдө болбой калган учурда балдар жарыксыз калса эмне болот? Көп балалуу катары мен буга макул эмесмин.

Расул Үсөналиев, Чүй облусу:
– Заңгыраган хан сарайлардын ээлери пенсионерлердей эле колдонду деп эч ким элди алдай албай калат. Тойкана, кафе, ресторандар деле арзыбаган акча төлөшөт. «Акылдуу» эсептегичтер коюлса уурдабай калышса керек.

Зейнура Осмонова, Баткен облусу:
– Бардык эле нерсенин эки тарабы болот. Биз азыр колдонуп жаткан эсептегичтерге эле көнүп калганбыз. Акчаны ай сайын келип алып кетип турушат. Эми карыздын айынан кышында свет өчүрмөй токтошу мүмкүн. Бирок мындай учурда жумуш орду да кыскарса керек.

Адылбек Сулайманов, Ош облусу:
– Ошондо эле светти уурдабай калат дегенге ишенбейм. Антип элдин башын айлантпай, электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирип, тейлөө маданиятын көтөрсө болмок. Совет доорундагы эсептегичти колдонуп, уурдабай деле колдонгондор бар. Жаңы эсептегичтерди коюу жөн гана чыгым.

Улан Жумалиев, Талас облусу:
– Мындай «акылдуу» электр эсептегичтер бүгүнкү күндө өтө керек деп ойлойм. Анткени анын орнотулушу менен электр энергиясын уурдоого бөгөт коюлуп, уурдагандардын саны азаят эле да.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Venka86
2013-10-21 09:52:15
Орнотууну биринчи жаны конуштардан эмес чиновниктердин уйунон баштаганда болмок, жылда алар карыздарын толобой журушпойбу....
0
Clara_Zh
2013-10-21 10:56:13
Venka86, Ал чон курсактарга бул счётчиктин деле таасири тийбейт. Келемиштерге сооп жок да. Баягы эле карапайым калк зыянын тартат болуш керек.
0
golyak
2013-10-21 10:49:45
сапаттуу берууго шарт тузотмуш, айткан созун кара, андан коро озунор сапаттуу иштебейсинерби? базар экономикасында жашап жатабыз, а бул жерде базар экономикасынын мыйзамын бузуп авторитардык режимди жандандырып жатасынар.
0
buduz-80
2013-10-21 12:40:40
контралерлор эми кыдырып журуп урдабай отуруп алып урдайт турбайбы,тигил жактан козомолдоп турса,тааныш к/к болуп калат го..кимдин тамы 150м2 ашат ошолорго биринчи
орнотпойбу,Энергосбыт коррупциянын так ордосу да,буну кимден жашырабыз
0
AZIK01
2013-10-21 13:52:50
Бийликте иштегендерге да счетчик коюп коюш керек.Иштебей атса депутаттык мандаттарын алып коё турган.
0
ilgez
2013-10-22 13:20:40
андан коро ар адамга воздухомер илиш керек моюндарына, мамлекет ошондо байып кетет,.
Дагы эле карапайым эл азабын тартат.
20,30 батир салып алган болсо эмне, эл жашап жатат эптеп тамагын таап. Окмотко окшоп жулуп, уурдап жебей.
0
Sweet-Lika
2013-10-25 21:55:42
Бул да болсо саясий оюн, жон гана бюджетке чыгым...
0
netsa
2013-10-27 11:11:50
чын эле эмнеге жаны конуштардан башташат? Ал жакта кобу эптеп жер алып,2болмолуу уй салып жашап жатышат.Андан коро ЦАРСКОЕ селолордон башташпайбы? Алардын укуругу узун да.Айланып келип эле карапайым калкка басым кылмай!
0
netsa
2013-10-27 11:44:21
Жаны конуштарды бутсонор айылдарга келгиле "акылдуу эсептегичинер" менен.Бизде Бакиев убагынан арткан тезектер бар!
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан