«Мен бир сүйлөсөм сүйлөп отуруп «запойго» түшүп кеткенимди билбей калам» деп күлдүрдү куудул, актёр Эрнест Бөрүбаев.
– Кош келипсиз, бүгүн катылган сырларды чыгаралыбы?
– Ачалы сырларды.
– Сизди «Бешилик» куудулдар тобунан тааныйбыз, ошол жерден агарып-көгөрдүңүзбү?
– Мектептен эле сынак, кечелерге калбай катышчумун. Атам чыгармачыл инсан, Бек Борбиевдин продюсери болуп жүргөн. Атам аркылуу көп артисттер менен аралашып өстүм. Аларды көрүп, мен да ушул агалардай артист болом деп кыялданчумун. Шаарга келип ыр жаздырып, ырчы болуп баратканыма 6 ай болгондо Рахман Разыков «Бешиликке» продюсерликке атамды сунуштап калды. «Бешилик» бир сыйра чачылып кеткен жеринен атам кайра чогултуп, арасына мени кошту. 1,5 жыл жүрдүм, бир аз келишпестиктер болгондуктан, Санжар Бердибеков экөөбүз топтон чыгып кеткенбиз.
– Пикир келишпестик кимден кетти эле?
– Эми «косяк» сөзсүз түрдө башчылардан кетет да. Кайра кайрылып барбадык, бирок мамилебиз мурункудай ата-бала, бир туугандай болуп сакталып калды. Бизден кийин бир жылдай иштеп калган достор тарады. Бизде эки кочкордун эмес, беш кочкордун башы бир казанда кайнап жүргөн. Бая күнү бир чогулуп көрөлү деп гастролдосок эл сагынып калыптыр, кубатташты, кубандык. Анткен менен балдар чоңойду, мүнөздөрү өзгөрдү, үй-бүлөсү бар дегендей, анан ар кимибиз өз жолубуз менен эле жүрөлү дедик.
– Клиптерден көрүнүп жүрүп эле актёрлукка ооп кеттиңиз...
– Мен бир нерсени аткара аларыма көзүм жетсе, ошону аткармайынча уктай албайм. Бизде кыска метраждуу комедиялар жок болчу. Бизге ушул нерсе керек, баары бир кылам деп жүрүп, «Кычкыл тамаша» деген долбоор ачып, тамашаларды тарттык. Кийин ырчылардын клиптерин тартып, актёр жетишпей калганда өзүм ойной калып жүрүп киного да аралашып кеттим.
– «Эркектер» деген тасмада таякесин сол жакка үндөгөн, шок жигиттин ролун келиштире аткаргансыз...
– Актёр Орозбек Кутманалиев тамак ичип отурса, бир киши келип ичип жаткан лагманын башына куюп жибериптир. Көрсө, жини келген киши үйүнөн «Ак кеме» фильмин көрүп чыккан болот. Ал кинодо Орозкул аялын кордоп, сабайт эмеспи. Азыркы заманда адамдардын нерви жука, ошентип көрсүнчү, мушташып кетет. Ошол замандын тарбия көргөн кишилерин карабайсыңбы, тиги көрүүчүгө жаман сөз айткандын ордуна ыйлап сүйүнгөн экен «мен жеткире ойногон турбаймынбы» деп. Анын сыңары мага да суроо беришет, жок, суроо болсо мейли го, «сиз жашоодо да ошондойсуз. Көрүнүп эле турбайбы» дешет. Анан мен да жеткирип ойногон окшойм деп сүйүнөм.
– Жеңебиз гастролго чыгууңузга кандай карайт?
– Учурда бойдокмун. Артисттин аялы болуу кыйын. Анын жумушун түшүнгөн, элдин алдына чыккан адамды уят кылбай, жаман жагын жаап, жакшысын ашырган адам керек. Атактуулукту багынткандардын жубайларынын сабыры күчтүү. Жок болуп кетип жаткандардын себеби жубай, жолдошторунун колдобогонунан. «Жакшы аял жаман эркекти да хан кылат» дейт го.
– Сизди хан кыла албадыбы?
– Мен бул деңгээлге жете электе ал нерсе чечилип калган болчу. Эки балам бар. Сурай беришет «демейде бала апасы менен кетчү эле го» деп. Мен баласаакмын, ошондуктан балам менде.
– Кылчайып кыздарды караган убактан өтө элек турбайсызбы анда?
– Сулуу кыз суйкайып өтүп баратса аны бир кылчайып карабаган эркек толук кандуу эркек эмес болуш керек. 16-январь – өзүмдүн туулган күнүмдө үйлөнөм деп жүрөм, бирок сүйлөшкөн кызым жок. Мен сүйүп калсам катуу сүйөм, ошон үчүн сүйбөгөнгө аракет кылам. Сүйгөм. Башымдан өткөн. Сүйүү жөн эле адамды кыйнайт, берилип алган болбойт.
– Кайсы учурда абдан капа болгонсуз?
– Үй-бүлөдө улуусу болгондуктан, кичинемден чоң кишилердин жумушун моюнума алып көнгөм. Бир ойлонгондо өзүмдү-өзүм чүнчүтүп жиберем. Жан дүйнөм кыйналып, өзүмдү алаксыта албай калган күндөргө көп кездешем. Мисалы, үй-бүлөдө көңүлгө туура келбеген нерселер болсо... Чоң энемден айрылганда эки айдай кыйналгам. Маанай жакшы кезде шайырлыгым өзүмө да билинет. Досторум айтат «отуруш сен жок кызыксыз» деп. Кээде дуңкуюп отуруп келе бергенде «эмне болуп калгансың?» деп нааразы болушат.
– Көпчүлүк «артисттерге эле жыргал, ырдап же элди күлдүрүп коюп акча табат» деп, анын артындагы түмөн түйшүктү биле беришпейт...
– Ооба, ошентип ойлошот. Концертке келгенде концертти көрбөй, «канча адам келиптир?» деп элди санап отургандар да бар. «Сеники жыргал, тойго барып сүйлөп кете бересиң» дешет. Тойго 2-3 күн барсаң жыргал, кечке барсаң даңк-дүңк, ызы-чуудан башың ооруйт. Тойдо масы, соосу, базарда иштегени, министрликте иштегени да келет. Мен кыйынмын деп коркуткандары да бар. Кыскасы, эл менен тил табышып иштешүү керек. Үйдө кара жумуш жасайм. Таш, цемент ташып иштеп, аябай чарчасам жыргап уктайм. Тойдон келгенде уктай албай кыйналам, анткени мээден чарчайсың.
– Балалыкка бактылуу көз ирмемдеги эскерүүлөр менен гана барат эмеспизби...
– Мен 1981-жылы Өзгөн районунун Жыл-Алды айылында төрөлгөм. Чоң энемдин колунда эркелеп өстүм. Эшек минип, чөп ташып, тентек кылчумун. Балдар менен мушташып, таяк жеп ыйлаган балалык кездер өттү. Апам Кара-Кулжанын кызы. Азыр менин колумда. Төрүбүздүн көркү, сыйлуу адам. 9 бир туугандын улуусумун.
– Бала кездеги тентектик, маселени муштум менен чечүү азыр барбы?
– Кээ бир адамдарда кээде болушу мүмкүн. Менде мушташуу тез-тез болуп турат. Ачуум деле чукул эмес, адам катары 5-6 жолу айтам, түшүнбөсө катуу айтам, ага да болбосо... Негизи, адам каалап калат окшойт муштумду, анан каалаган нерсесин бериш керек да, байкушту кыйнап, кечке жалдыратып тура бербей. Чындыкты чукулап тура берем. Талашып кетсем, чындыгына жетмейинче тынбайм. Кээлери «майдалап не кыласың?» деши мүмкүн, башка үчүн майда болсо, кийин чоң бир окуяга айланып кетиши ыктымал.
– Айнура Салахидинова аткарган ырга пародия жазган экенсиз, дагы барбы катканыңыз?
– Ошко гастролдоп барып калдык. Мен алпаруучу элем. Айнура «Арманым батпай калды, кадамым баспай калды...» деген ырды ырдады. Аны карап туруп идея келип, 1 куплет токуп ийгем. Чыга калып эле «тойго деп алган шымым, саныма батпай калды» деп айттым. Эл аябай күлдү. Ильяз Абдыразаков ырдамак, Айнурадан кийин. Ильяз көзүнө жаш алып чыгып келатат, ырдап жатып да күлүп жүрөт. Көрсө, мен айткан сөзгө сахнанын артындагы артисттин баары күлүшкөн экен. Айнура болсо «ой, Эрнест байке, шүмшүк элесиз» деп күлүп, «кайра айтып бериңизчи» деп соткасына жаздырып алган.Илхам келгенде ушинтип айтып коём.
– Тойдо айтчу сөздөрдү алдын ала жаттап айтасызбы?
– Жок, жаттабайм. Жаттап айткандарга кыжырым келет. Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жакын болот. Тойдо ойнолчу оюндарды өзүм ойлоп табам.Бирок тойдо кээсин ойнотсоң жакпай калып «атылып» кеткен учурларым да болот. Андайда өзүмдү-өзүм урушуп «жиндисиң сен, экинчи ойнотпо» деп жемелейм. Ушинтип электен өтүп отуруп жакшыларын бир сезонго даярдап алам.
– Азыр анда ишиңиз жүрүшүп жаткан экен, ак төөнүн карды жарылып, той артынан той болуп...
– 90-жылдары элибиз той дегенди унуткан эле. Той эмес, бир үй-бүлөнү багуу кыйынга турган. Азыр Кудайга шүгүр, бири-бирине атаандашып деле той өткөрөт. Барчылыктын белгиси. Элдерди каргап коёбуз, «ылайым бизге ишиңер көп түшсүн» деп. Жакшы ниет менен каргайбыз да :)
– Өзүңүз тарткан «Атымды башка коёмун» деген киноңузда «Өзгөндө Атаңдын чокусу деген киши бар...» деп баяндап башталат эмеспи, чын элеби?
– Жок, бул менин фантазиям. Төрөп койгон балам бул – кино. Экинчиси да бар, «Атымды башка койдум» деген сценарийи даяр, эми тартылат. Азыр «Эркектер-3кө» тартылып жатам.
Бурул Исмаилова
star@super.kg