Москванын Бирюлево районундагы баш аламандык 17-октябрга карата эки мигранттын мыкаачылык менен өлтүрүлүүсүнө алып келди. Владимир Путин Бажы союзу сыяктуу түзүмдөргө «архитектор» болуу менен орус державасынын таасирин КМШ аймагында күчөтүү аракетинде. Бирок шайлоо кампанияларында улутчулдарды пайдалануу, аларды кремлдик айрым чиновниктердин жең ичинен тымызын колдоосу, көкүтүүсү Путиндин аракеттеринин таш-талканын чыгарып отурат.
«ЖАШЫЛЧАЛАР» РЕВОЛЮЦИЯСЫ
10-октябрга караган түнү кавказ улутундагы, кийинчерээк такталгандай, Азербайжандын жараны Орхан Зейналов тарабынан Бирюлево районунун жашоочусу Егор Щербаковду өлтүрүү окуясы катталган. Мындан ары окуя чагылгандай тездикте өнүгүп, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу райондун жашоочулары жергиликтүү жашылчалар базасын жабууну үгүттөп башташты. Айтымдарында, бул базада көбүнчө легалсыз мигранттар иштешет. Жыйынтыгында 13-октябрдагы акция массалык баш аламандык жана соода түйүндөрүн талкалоо менен аяктады. Шаар бийлигинин буйругу менен жашылчалар базасы да жабылды.
Баш аламандыктан кийин анын катышуучулары жана мигранттар болуп отуруп миңден ашуун киши камакка алынды. Анын ичинде 14 кыргызстандык да бар болчу. 16-октябрдагы Орусиядагы кыргыз элчилигинин берген маалыматына таянсак, алардын сегизи бошотулду.
Орхан Зейналовдун 15-октябрда колго түшүрүлүп, күнөөсүн мойнуна алганы орус улутчулдарынын массалык мыкаачылыгын басаңдаткан жок. Эртеси ошол эле Бирюлево районунда мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн Өзбекстан жаранынын сөөгү табылды. Дагы бир күндөн кийин 17-октябрда Москванын чыгышында Азербайжан жаранынын бычакталган денеси табылганын укук коргоо органдары маалымдашты.
Улутчулдардын мындай мыйзамдан чочулабастыгын сентябрда болуп өткөн Москва мэрин шайлоого байланыштыргандар көп. Мэр болом деген талапкерлер көбүрөөк добуш алуу максатында улутчулдук маанайды күчөтүп, «мигранттар жоголсун» деген москвалыктардын тилегинде упай топтоого аракет жасашкан. Жай бою жүргөн кампания минтип күзүндө ксенофобиянын легалдаштырылган түрдөгү «түшүмүн» алды. Эске салсак, август айында «Матвеев» базарындагы дагестандык мигранттардын полиция кызматкерине кол салуусунан пайда болгон массалык куугунтук эмгек мигранттары үчүн чатыр лагерлеринин ачылуусуна чейин алып келген эле.
МИГРАНТТАРГА ДАГЫ БИР СЮРПРИЗ
Өкмөт Орусияга иштегени бараткан мекендеш мигранттардан пенсиялык фондго деп акча топтоону киргизмекчи болуп турат. Таң калтырганы, мигранттардан акчаны Соцфонд эмес, Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жана орусиялык жеке компания ээлик кылышкан «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фонду чогултат экен. Мындан ары Орусияда иштеген Кыргызстандын жарандары пенсия үчүн жылдык орточо кирешесинин 2 пайызын, тагыраагы, 6 миң сомдон төлөшү керек болот. Бул акчаны эмгек мигранттары өз ыктыяры менен каалоосуна жараша берет дешет. Демек, Бишкектеги мектептерде «ата-энелер фондуна акча чогултуу ата-энелердин өз ыктыярына жараша жүргүзүлөт» деп айтылып, иш жүзүнө келгенде милдеттүү түрдө төлөнүп жаткандай эле көрүнүшкө айланышы толук мүмкүн.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын санын расмий түрдө 800 миңдин тегереги дешет, айрым маалыматтарда
1 миллиондон ашуун деп айтылып жүрөт. Эгерде алардан жылына 6 миң сомдон акча чогултулса, Шамиль Атахановдун уулу менен орусиялык «Экспоспецмаш» ЖЧКсы ээлик кылган ишкананын эсебине
жыл сайын 5 миллиард сомго чукул акча түшүп турат экен.
Бул аралыкта Владимир Жириновский баштаган Либерал-демократтар партиясы мигранттардын, анын катарында кыргызстандыктардын да өз мекенине акча которуусуна убактылуу тыюу салуу киргизүүнү көтөрүп чыкты. «Мигранттар тапканын жакындарына жөнөтүү жолун таппай, мекенине барып келүүгө мажбур болушат. Мына ошондо Орусияга кирерде катаал текшерүүдөн өткөрүү керек» дешет либерал-демократтар.
Ал эми Орусияда эмгектенген мекендеш мигранттар которгон акча каражаты жыл ичинде 2 миллиард долларга чейин барат. Элди өкмөт эмес, сыртта иштеп жүргөн эмгек мигранттары эле багып жатышат. Алардын акча которууларынан улам өлкөдөгү жана Орусиядагы банктар деле бир топ пайда көрүшөт. Мигранттар акча жөнөтүп турушканынан улам миңдеген үй-бүлөлөр күн көрүп, өз иштери менен алек. Эгер эмгек мигранттары бакпаса, балким, болор-болбос акчага митингдерге чыгуу Кыргызстанда массалык мүнөзгө өтүп кетмек... Андыктан Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттүк курам мигранттардын кызылдай пулуна кызыгып, алардын кирешесинин бир бөлүгүн жеке менчик ишкананын колуна тапшыруунун ордуна алардын Орусияда иштөө-жашоо шарттарына жакшыраак көңүл буруп, кам көрүшсө. Расмий Москва менен Бишкектин, Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле соңку жылдарда абдан жакшырды. Жаңы деңгээлге чыкты. Бирок, тилекке каршы, Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин абалы жылдан-жылга оорлоп барат.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg