САРУУЛУКТАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШАТ...

  • Август айынын аягына карата Кыргызстандын тышкы карызы 143 МИЛЛИАРД сомду түздү.
  • Өкмөт башчы Бишкек шаарында окуучулардын 14 пайызы МЕКТЕПТЕГИ РЭКЕТТИН зомбулугунан сабакка барбай жатканын, бир нече күн мурда 13 жаштагы бала мушташтан каза болгонун айтып мэриянын жооптуу кызматын сынга алды.
  • Кыргызстанга 8 ай ичинде Бириккен Араб Эмираттарынан 1 МИЛЛИОН 91 413 ДААНА уюлдук телефон алынып келинип, өлкө казынасына 128,4 миллион сом киреше салык иретинде түшкөн. Мындай маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
  • Мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин билдиришинче, Кыргызстанда ЭХИНОКОККОЗ ООРУСУНА чалдыккандар 9 пайызга, ГЕПАТИТКЕ кабылгандардын саны 26 пайызга өскөн.
  • «Кумтөрдүн» топ-менеджеринен 3 миллион доллар талап кылган» деп шектелип убактылуу абакта жаткан балдардын 20га чукул тарапташы АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАНЫ жатышат.
  • «Быйылкы жылуулук берүү сезонунда электр энергиясы боюнча тарифтер көтөрүлбөйт»,- деди ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ. Ал жылуулук берүү сезону аяктагандан кийин энергетика тармагындагы баа саясатынын бир нече варианты карала турганын, бардык сунушталган долбоорлор коомдук талкуудан өтө турганын кошумчалады.
  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Ал 17-18-октябрдагы сапар алкагында Нарындагы Көкөмерен көпүрөсүнүн жана Ак-Талаа районундагы асфальт заводунун ачылыш аземине катышат.
  • Бишкекте коомдук унаалардын айдоочулары арасында «МЫКТЫ АЙДООЧУ» аттуу сынак башталды. Борбор шаардагы коомдук унаалардын жүргүнчү тейлөө сапатын жакшыртууну максат кылган сынакка кичи автобус, автобус жана троллейбустардын айдоочулары катыша алат.
  • Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууга болжол менен 850 МИЛЛИОН доллар керектелет. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов билдирди.
  • Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына карата «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылган «Центерра Голд Инк.» ишканасынын акциясы Торонтодогу Канада биржасында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ҮЧ ЭСЕГЕ арзандап кеткен. Учурда «Центерранын» бир акциясы 48 сомдун тегерегинде бааланууда.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
uluk1982
2013-10-21 10:09:58
"Өкмөт башчы Бишкек шаарында окуучулардын 14 пайызы МЕКТЕПТЕГИ РЭКЕТТИН зомбулугунан сабакка барбай жатканын, бир нече күн мурда 13 жаштагы бала мушташтан каза болгонун айтып мэриянын жооптуу кызматын сынга алды" жоопкерчилике тартса болбойбу!!
0
kolya121212
2013-10-24 07:36:47
Ачарчылык жарыялагандар гана сахнага чыгып оозун тиксин. Антпесе биз кайдан билели мумкун тамак жеп жаткандыр. Тамаша.
Бала чаканы ойлобойбу ошол ачкачылчылар. Баласы кантип тамак жейт апасы ачка отурганда. Эхх, кур дуйно, куруп кал.
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан