Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөр» боюнча чечим чыгарууну кийинкиге калтырып, «шайлоочулар менен жолугушабыз» деген шылтоо менен аймактарга кетип калышкан. Өлкө үчүн маанилүү ишти чечип жаткандай түр көрсөтүп, бири-бирине шылтоо менен өкмөт жана Жогорку Кеңеш маселенин чечилишин чоюп жатышат. Сыягы, жоопкерчиликтен качышты. Балким, депутаттык корпуска өкмөт жана «Кумтөр» менен жең ичинен соодалашууга кошумча убакыт керек болгондур? Балким, Жогорку Кеңеште дагы, өкмөттө дагы бул маселенин чечилбей жүрө беришине, «Кумтөр» азыр кандай иштеп жатса ошондой эле абалда иштей беришине кызыкдарлар бар чыгар?
«Алмазбек Атамбаев «Кумтөрдүн» адвокаты болуп алды» деген пикир жоон топ саясатчылар тарабынан коомчулукка таратылып, катуу талкууга алынып жаткан кези. Чындыгында, президент эмне деп айтты эле? Ал өкмөттүн алдына коюлган милдетти ушинтип «50 пайыздык үлүшкө жетишүү эң максималдуу чек» деп чечмеледи беле? Өлкө башчысынын 30-августта «Мир» телеканалына берген маегине көз чаптырдык. Ал минтип айткан: «Билбегендер үчүн айтайын, башында «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болгон. Кийин түрдүү себептерден улам акциялардын 17ден ашыгыраак пайызын сатып жиберишкен жана андан кийин жогорудагыдан башка эч кандай махинация болбосо, анда үлүшүбүз азыр 50 пайыз болмок. Эгерде аларды кайра алсак, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирген гана болот элек...»
Көрүнүп тургандай, Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстандын 50+17 (67) пайыздык үлүшү, ар кандай махинациялар боюнча сатылып кеткен акцияларды кайтарып алып, Кыргызстандын тиешесин калыбына келтирүү тарыхый адилеттүүлүк болору тууралуу айтып жатат жана анын пикири оппозиция менен позициянын пикирине төп келип эле турат.
«Кумтөрдү» иштетүүчү жаңы ишкана түзүп, Кыргызстандын 50 пайыздык үлүшкө ээ болуу сунушу өкмөттүн өзүн эле канааттандырбаса, коомдогу тараптардын көпчүлүгүн канааттандырган жок. Өкмөттүн алдындагы тапшырма Кыргызстандын «Центеррадагы» 33 пайызына 17 пайыздык акцияны кошуп сатып алып, 50 пайыз менен эле чектелүү эмес болчу. «Кумтөргө» байланыштуу ушул күнгө чейин болуп келген махинациялардын баарын эске алуу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген келишимге келүү тапшырмасы коюлган эле. Тилекке каршы, ал учурдагы Кыргызстандын үлүшүнө кошумча 17 пайыздык акцияларды 100 миллион долларга сатып алуу, ал акчаны 10 жыл ичинде «Кыргызалтынга» түшүүчү дивиденддердин эсебинен төлөп кутулуу деген жыйынтыкка гана келе алды. Мындай иши менен өкмөт президентти саясатчылардын соккусуна салып берди.
Гүлмайрам Сабырбекова,
Максат Кудайбердиев
koom@super.kg