Ушул аптада Түштүк Америкада жана Европада футбол боюнча 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу турлары аяктады. Ошентип, Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 32 команданын 20сы белгилүү болду.
Түштүк Америка: Бир топ күчтүү атаандаштыктан кийин эң көп упай топтогон Аргентина, Колумбия, Чили жана Эквадор командалары мелдештин жолдомосун алышты. Бул континенттеги бешинчи команда – Бразилия үй ээси катары тандап алуу турларысыз мелдештин финалдык баскычында ойнойт.
Түндүк Америка: Планетадагы эң ири футболдук мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүн Түндүк Америкадан азырынча Гондурас, АКШ жана Коста-Рика курама командалары камсыздашты.
Европа: Тандап алуу турларында 9 тайпага бөлүнүп ойногон 53 команданын ичинен 9 жолдомо ээси белгилүү болду. Алар өз тайпаларында 1-орунду ээлеп чыккан Бельгия, Италия, Германия, Голландия, Швейцария, Орусия, Босния, Англия, Испания командалары болушту. Башкы жаңылык, 12 жылдан кийин Орусия курама командасы кайрадан Дүйнө чемпиондугуна чыкса, Босния көз карандысыз тарыхында биринчи ирет бул бийиктикти багындырды.
Азия: Япония, Австралия, Иран, Корея командалары катышмай болду.
КАЛГАН ЖОЛДОМОЛОР
Калган 12 орундун тагдыры жарым-жартылай чечилген.
5 жолдомо Африкага бөлүнгөн. Буркина-Фасо – Алжир, Кот-д'Ивуар – Сенегал, Эфиопия – Нигерия, Тунис – Камерун жана Гана – Египет командаларынын жеңүүчүсү Бразилияга аттанат.
2 жолдомо Континенттер аралык талашка түшөт. Түндүк Америкада 5-орунду ээлеген Уругвай менен Азия чөлкөмүндө 5-орунду ээлеген Иордания командаларынын тиреши бир билет ээсин аныктайт. Ошондой эле Түндүк Американын 4-орунду ээлеген командасы Мексика эгерде Океаниянын чемпиону Жаңы Зеландияны утса, Дүйнө чемпиондугунда оюн көргөзөт.
4 жолдомо үчүн европалыктар тирешет. Ал жолдомолор үчүн Европада жүргүзүлгөн тандап алуу оюндарынын жыйынтыгында өз тайпаларында 2-орунду ээлеп калган Греция, Португалия, Хорватия, Швеция, Франция, Украина, Румыния жана Исландия командалары чүчү кулактан кийин атаандаштарын таап, бөлүшүп алышмакчы. Чүчү кулак жана алар ойной турган дата 21-октябрда белгилүү болот.
Максат Кудайбердиев
koom@super.kg