Айнура Кыдыралиева:«ТОЮБУЗДА ЭКИ БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРДИ БЕЛЕККЕ АЛДЫК»

12-октябрь күнү «Береке» бий тобунун жетекчиси Айнура Кыдыралиева турмуш жолуна аттанып, көл жээгинде үлпөт тоюн өткөрдү.
– Тууруң туруктуу болсун, Айнура, жолдошуң Рустам менен кантип таанышып калдың эле?
– Рахмат! Рустам менен 5-6 жылдан бери жакшы тааныш болуп жүрүп, кыз-жигитке айландык. Кудай буюруп, минтип баш коштук. Жолдошум 30 жашта, мага анын чечкиндүүлүгү, мени сыйлап турганы жагат.
– Рустам, Айнуранын кайсы сапатына ашык болуп калдыңыз?
– Айнура абдан тыкан, таза кыз, анын бийлегени аябай жагат. Көп жылдан бери издеп жүрүп тапкан кызым (күлүп). Биз абдан бактылуубуз!
– Тойду эмне үчүн Ысык-Көлдө өткөрүүнү чечтиңер?
Р.: – Үлпөт тоюбуз оригиналдуу болсун дегенбиз. Азыр Бишкекте тойдон көп нерсе жок го.
– Үлпөт тойдо алган эсте калган белегиңер эмне болду?
А.: – Рустам экөөбүздүн эжелерибиз биригип бизге Бишкектен эки бөлмөлүү батир белек кылышты.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
куш боонор бек болсун, Айнура канчада ааа?
Акчасы бар киши да бул, болбосо жаш кызды кантип алмак эле?
Baha909090, сиз экөөнүн мамилесине күбө болуп жүрдүңүз беле? Көзү ачыктыгыңызды өзүңүздүн чөйрөңүздө калтырыңыз. Ушундай сыртынан тон бычып, бирөөнүн тагдырын өзүнүн билгениндей чечип койгон адамдар такыр жакпайт!!!
куйоосу жаман чонго,бактылуу жубайлардан болгула
Beka_89_kg, 30да эле экен, ото деле улуу эмес го кыясы, Айнура озу деле 30га жакындап калса керек
Бактылуу болгула. Ортосунда канча жаш айырма бар?
ainura eje kyzyndai ele bolup kalyptyr go emnesi bolso da baktyluu bolgula
чачы кантет... :-))))) бактылуу болушсун!!!!
Азыр кыздардын баары байлыкка кызыгат актриса ырчы кыздардын баары эле чоон кишилерге тийип кетишет бай бай
Бактылуу болушсун. Кудайым эч качан бактысынан ажыратбасын. 30жаш нормальный эле, эн негизгиси жубайын сыйлап аны тушунсо болду. Мен деле озумдон 13-15 жаш улуу болсо тие бермекмин анын эмнеси бар экен.
jo-jo, чечкиндуу кыз экенсин бактынды берсин
Айнура иштерман, таланттуу хореограф кыз. 20 жашында "Береке" бий тобун түзгөн.Жашы 27де. Байлык үчүн тийди деп,санааркабай эле койгула, Айнура кенедейинен эмгекке бышып, үй-бүлөсүн баккан.Өзү тапканды да бидет. Айнураны алган жигит бактылуу экен.
Куйоосу Сыймык Бейшекеевке окшошуп кетет экен))
ортолору 3 эле жаш) аябай соонун парочка.... а кыргыздар эч качан жакшы жерин айтышпайт..коро албастыктан болбогон создорду чукуп чыгыш керек . да ............... 10 жакынан бери бийлеп келгени учун жаш корунуп атат... элди койуп озунорду 27 жашынарда жакшылап карасанар 40жактагы эле апаларга окшоп каласынар...
Айнура она большой молодец! чын жүрөктөн үй- бүлөөлүк бакыт каалайм,кудай кошкон жарың менен бактылуу өмүр сүр, көп балалуу болгула.Тилен ой максатыңарга жеткиле. Дарежан))) красивая пара.я очень рада за вас, за ваш семейный союз, дорогая!