Азыр кайда «Кызыл өрүк» ыры талкууга алынбасын, ошол жерде Мирлан Алыкулов деген мырза жүрөт укугун «коргоп». Бир кезде ушундай ырды жаратып койгон экен, мына азыр багы ачылып эле калды. Мирлан редакциябызга келип, жакында эле Алматыга барып, «Кызыл өрүктү» казакча которуп ырдап жүргөн Акылбек Жеменей менен жолукканын айтты.
«Мени Акылбек эки күн коноктоп, үй-бүлөсү менен тааныштырып, кетеримде «ырыңыз үчүн ыраазычылык» деп колума 3 миң доллар карматты. Ал акчага мен Ауди үлгүсүндөгү темир тулпар алдым. Мирлан Баеков силерге берген маегинде «ыр үчүн казактардан акча алган эмесмин» деп айтыптыр. Мен ошол сөзүн төгүнгө чыгарам, Акылбек Жеменей Мирлан Баеков «Жоролор» тобу менен Казакстанга барганда 100 миң теңге (30 миң сом) бергенин
айтты»,- дейт «Кызыл өрүктүн» автору.