Жаш-кары дебей күлкүгө сугарып келаткан «Тамашоу» долбоорунун 6-сезону старт алды. Бул сезондо жаңы командалар кошулуп, өкүндүргөнү, көз көнгөн «Ак кеме», «Моника Беллуччи» командаларысыз өттү. 12-октябрь күнкү оюндун жыйынтыгында «Мыкты оюнчу» наамын Адинай («Нур»), Азиз («Евраш») алышса, «Мыкты тамаша» наамына «Олимпик» жана «Бруклин» командалары татыктуу болушту. Ал эми «Ак-Өргө City» жана «Позитифф» «Мыкты команда» деп аталды. 13-октябрь күнү «Кыргыз двор» командасынын оюнчусу Кудайберди «Мыкты оюнчу», Алматыдан келген «Эксклюзив» командасынын тамашалары «Мыкты тамаша», ал эми «No name» командасы «Мыкты команда» деп табылды. Айта кетсек, «No name» «быйылкы сезонго жаш баладай таза келдик» дешкенине караганда сезондун чемпиону болобуз деген дымагы күч окшойт.