Эрмек Маматов: «САТКЫН АДАМДЫ КЕЧИРҮҮ КЫЙЫН»

Адам чыныгы түгөйүн тапканда гана өзүн толук кандуу бактылуу сезет дешет. Бирок түйшүгү көп жашоодо бирин-бири таппай, жанаша жүрүп таанышпай кете бергендер канча. Бул жөнүндө ойлоп көрүп, “азырынча өз түгөйүмдү таба элекмин” деп эсептеген белгилүү бойдокторду сан сайын жаштарга тааныштырып туралы деп чечтик. Биринчи коногубуз ырчы Эрмек Маматов.

– Бош учурда?..
– Достор менен чогулуп көңүл ачмай. Мүмкүнчүлүк болгон учурда тоого, көлгө барып эс алганды жактырам.
– Адамдарда эмнени баа­лай­сың?
– Адамгерчиликти, жөнө­көй­лүктү, кайдыгер эместикти.
– Эгер апаң менен сүйүк­түүң­дүн ортосунда тандоо керек болуп калса, кандай чечим кабыл аласың?
– Апамды... Мындай тандоо башыма келбей эле койсун дечи, бирок ата-энени дайыма биринчи орунга коём. Ошентсе да өз ара сүйлөшүп, ортодо бир пикирге келүүгө болсо керек.
– Кандай кыздар жагат?
– Ак жуумал, чачы узун, жа­нагы Алтынбүбүнүн, Бегимай­дын ролун ойногон актриса бар го, Асел Эшимбековабы, ошондой кызга жолуксам деп кыялдана берем. А мүнөзү боюн­ча назик, түшүнүктүү кыздар жагат.
– Кыздар үчүн биринчи орунда эмне турат деп ой­лойсуң? Билим, карьерабы же үй­бү­лөбү?
– Аялдын орду ашканада деп таптакыр эле үйгө камап коюу туура эмес. Эбин таап карьераны да үйбүлөнү да чогуу алып кете алган аялзатына эмне жетсин.
– Түгөйүңдү кандай деп элес­те­тесиң?
– Асел Эшимбековадай элестетеримди айтып койбодумбу.
– Үй тиричилигинде сен ырахаттануу менен жаса­ган жана такыр моюнуң жар бербей турган жумуш?
– Тазалыкты жакшы көрөм, ошондуктан каалоом менен үйдү тазалап, жыйнай берем. Бирок ашканада бирдеме жасоо мен үчүн азап. Колум­дан келсе такыр эч нерсе жасамак эмесмин.
– Кыздардын жигиттер­ге биринчи келип таанышуу­суна, үйбүлө куруу туура­луу биринчи болуп сунуш айтуусуна кандай карайсың?
– Кыз деген кылыгын кылып, өз баасын, баркын билип турса эркекке жагымдуу, табышмактуу көрүнөт. Аны менен таанышып, жакындан билгиси келет. А эгер биринчи кадам кыз тараптан болсо, жигитте ачык айтпаса да “биринчи өзү келген” деген ой сакталып кала берет.
– Сенин табиятыңда романтикага орун барбы?
– Бир кезде кыялкеч болчумун. Анткени бир кызды катуу сүйгөм. Көзүн карап, кандай кылсам, эмне кылып кубантсам деген ой менен эле убара болчу элем. Ал үчүн ойго келбеген көп эле иштерди жасагам. Бирок андан кө­ңүлүм калгандан кийин абдан өзгөрүп, катуу болуп кеттим көрүнөт. Досторум “сенде жүрөк деген нерсе жок” деп тамашалап калышат го.
– Эмнени кечирбешиң мүмкүн?
– Эгер досторго байланыштуу болсо, саткынчылыкты, кыздарга келсек, башты аттаганды. Аялың эле эмес, сүйлөшкөн кызыңдын да көзүңө чөп салышы кечиримсиз деп ойлойм.
– Достор арасында сен...
– Уюштуруучу, тамашакөй­мүн.

Биздин Эрмек мына ушундай, достор. Аны менен кенен таанышып, баарлашып, дос болууну, а балким, олуттуу мамиле түзүп, өз бактысын сынап көрүүнү каалаган кыздар болсо, Эрмектин почтасына (erma1310@mail.ru) кат жазышса болот. Кыздарики, анда силерге ийгилик!

Анкетасы:

  • Жашы – 24
  • Бою – 170 см
  • Туулган күнү, айы, жылы – 13.10.1984
  • Жылдыз белгиси – Тараза
  • Окуган жери – Президенттин алдындагы башкаруу академиясы
  • Ким болгусу келчү – Бизнесмен
  • Ким болду – Экономист
  • Ырчылык, окуудан тышкары эмне иштер менен алектенет – Кечкисин баш калаадагы кафелердин биринде ырдайт, эркин күрөш
    менен машыгат
  • Жактырган киносу – “Троя”, “Гладиатор”
  • Жасай алган тамагы – Картошка кууруй алат

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 356, 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан