Мерьем Узерли «Даңазалуу кылым» сериалынан кетип күйөрмандарынын көңүлүн түшүрдү эле. Баары бир тагдыры тасмага байланганын түшүнгөнбү, айтор, актриса кайрадан жаңы сериалга тартылуу алдында турат. Сериалдагы армян кызынын ролун Мерьем жаратса, анын сүйүктүүсүнүн ролун «Түркиянын Брэд Питти» атка конгон актёр Кыванч Татлытуг («Мезгилсиз махабат» сериалындагы Бехлюль) ойномокчу. Сериалды тартуу иштери келерки жылдын февраль айларында башталат да, экрандарга ошол эле жылдын күз айларында чыгуусу күтүлүүдө. Айта кетчү нерсе, Мерьем азыр кош бойлуу, экранда оттой ысык сүйүүнү чагылдыруу үчүн наристесин жарыкка келтирип, анан киришет, сыягы.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg