«Comedy Club» юмор клубунун резиденти Гарик Харламов 7 жыл бирге жашаган жубайы Юлия Лещенко менен акыры ажырашып тынды. Бирок Юлия куру кол кетпей, сот аркылуу квартирасынан тартып кымбат баалуу унаасына чейин өзүнө өткөрүп, Гарикке үй эмеректерин гана калтырган. Биринчи аялы менен ажырашуу боюнча соттун чечими чыкпай туруп Гарик жаш актриса Кристина Асмуска баш кошуп алганы жалпыга маалым. Муну да жөн койбой Юлия «Биз ажырашпай жатып, экөөнүн үйлөнүшү мыйзамга туура келбейт» деп арызданганынан сот Харламов менен Асмустун никесин жокко чыгарган. Эми сүйүшкөндөргө кайрадан үйлөнүүгө туура келет. Мындай чечимге Кристина капа эмес, «Гарик менин жолдошум бойдон кала бермекчи, негизгиси, мага болочок перзентибиз аман болсо болду» деген билдирүүлөрүн өзүнүн интернет баракчасында калтырып, өзүн-өзү жоошутууда.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg