АКЧА ТОНОЙМ ДЕП БЫЧАК САЙГАН

Талас шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Мунира» дүкөнүнүн ээси Мунира Тербишалиеваны өткөн аптанын башында белгисиз бирөө дүкөндүн ичинен бычак менен сайып кеткен. Окуя тууралуу жабырлануучу буларды айтып берди.

«МЕН СЕНИ АКЫРЫ ӨЛТҮРӨТ ОКШОЙМ»
– 1-октябрь күнү кеч кирип калганда дүкөндө отургам. Бир жаш жигит кирип, арак куюп берүүмдү суранды. Куюп берген аракты шашпай ичип турганынан «эртерээк ичсе болмок» деп койдум ичимден. Аракты ичип бүткөн соң сыра сурады. «Муздаткычтан алып алгыла» десем, маңдайыма алып келип иче баштады. Адатта «бул жерден ичкенге болбойт» дечү элем, ошондо эч нерсе деген жокмун. Алысыраак турган нандарды жыйнап жатып артымды карасам, жанагы бала турган ордунда жок, шыр эле мени көздөй келе жатат. Мага жакындаганда күрмөсүнүн төшүн ачып, бычак сууруп чыкты. Коркуп кеттим. Оюма дароо акча келип, «Эй, берем, акча берем!» деп жибердим. Ал болсо «Жай сүйлө, үнүңдү бас!» деп сүйлөп жатты. Көрсө, мен коркуп кетип кыйкырып сүйлөп жаттым окшойт. Оюмда касса жакка жетелеп барса эле алып берейин деп жаттым. Бирок ага жетпей 2 жолу бычакты мага шилтеп жиберди. Берем деп жатсам деле эмнеге бычак сайып жатат деп ачуум келе түштү.
Мындай учурда бир күч пайда болот экен. Ичимден «сен баары бир мени өлтүрөт турбайсыңбы» дедим. Ал ортодо мен аны, ал мени ургулап жатып кандайча болду билбейм, жигит кулап калды. Колундагы бычак ары жакка ыргып кетти. Мен болсо кыйкырып жатам, эч ким жок. Ошентип жатып мен бычакка, ал мага жетип алды. Кандай болгонун түшүнбөй калдым, бычак анын колуна барып калды, ал мага тап берип жатып «мен сени өлтүрүп кетет окшойм» деген сөзүн уктум.

«ТАКСИСТ ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛДЫ»
– Ошол учурда дүкөндүн ичинен башка бирөөнүн үнүн угуп калып карасам, мен тааныган таксист байке экен. Ал качан келип калганын билбейм. Ага «кетпеңиз» же дагы бир нерсе деп айтайын десем айта албайм, үнүм бүтүп калыптыр. Сырттан келген байке «Эй, эмне кылганың?» деп алысыраак жакта турат. Кантсе да бычактын сүрү бар, ал да коркту окшойт. Тиги мени коё берип, үстүмөн аттап эле эшикти көздөй чыгып кетти. Байке «Ай, сенин кийимдериң кан го» деди. Улам бычагын мени көздөй шилтеп жатканда оң ийиниме, ичиме тийиптир. Бирок ички органдарым аман экен. Ооруканада дароо операцияга киргизишти. Кудайга шүгүр, учурда абалым жакшы. Ошол учурда төө буурчак алып, дүкөнгө келгендерге «азыр акча жок, түштөн кийин болот, түштөн кийин мага акча которулат» деп жаткам. Ошондон улам тоноюн деп кирген окшойт.

Азыркы заманда тоноо да ушундай оңой болуп калганбы деген ой келет. Учурда кылмышка шектүү кармала элек. Бул иш боюнча Талас ШИИБинин тергөө бөлүмчөсүнүн ага тергөөчүсү САМАТ СУБАНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– 1-октябрь күнү саат 16:30­дар чамасында болгон окуяны териштирип жатабыз. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү адамды издөө аракеттери көрүлүүдө. Азырынча ушул гана маалыматты айта алам.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Clara_Zh
2013-10-21 10:18:37
Таксисттин келип калганы абийир болуптур, эмесе ким билет эле эмне болоорун.
0
mayoral
2013-10-21 13:13:55
УУУууф жалан эле олумго.Ушундай жырткычтарды которуп жургон Жерге ырахмат.!
+1
Beka_89_kg
2013-10-21 17:48:43
олбой калыптыр коп жашан эже,биякта туруп мен коркуп кеттим
0
volk7
2013-11-04 22:04:26
Эмнеге мындайлар кобойуп жатат же биздеги диндин алсыздыгыбы
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан