Биз социалдык тармакта

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КИЧИНЕ БАЛА КАЗА ТАПТЫ

Өткөн аптада Манас районунда жол кырсыгынан жаш өспүрүм каза тапты. Бул туурасында Талас ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка таянсак, аталган райондун Үч-Коргон айылынын тургуну өзүнүн ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып жол кырсыгына кабылган. Манас районунун Чоң-Капка айылындагы Манас көчөсүнөн жолго чуркап чыккан 2010-жылы туулган жаш баланы койдуруп кеткен. Натыйжада бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kg_07
2013-10-21 09:30:38
Chon kapka ayilindagi owol jol kanduu jol.kop.kichinekei baldardi mawina koiup ketet bir nerse oilop tapsa bolot ele jawoochular
0
kolya121212
2013-10-24 07:25:45
Атанелер машина алганда детское автокресло алганды унутпагыла. Баланын омурунон откон кымбат нерсе барбы. Акчанарды аябагыла.
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан