Талас районунда катталган жол кырсыгынан улам 4 адам окуя болгон жерден каза болду. 8-октябрь күнү саат 9:00 чамасында Талас районунун Өтмөк ашуусунан, Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 6-чакырымынан Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну өзүнүн Даймлер-Крайслер-Е үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, жолдун түндүк тарабындагы сайга түшүп, аласалып кеткен. Натыйжада унаадагы айдоочу жана жанындагы 3 жүргүнчү алган жаракаттарынан окуя болгон жерден каза болушкан. Аталган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg