АВТОУНАА УУРДАГАНДАР КАРМАЛДЫ

Автоунааны белгисиз тарапка айдап качып кеткен адам кармалды. Бул туурасында Талас ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын тургуну Ауди 80 үлгүсүндөгү машинасын дөңгөлөк оңдоочу жайга токтотуп кеткен. Аны белгисиз адамдар уурдап качып кетишкен. Ал эми бул иштин жүзү Кара-Буура РИИБинин кызматкерлери тарабынан ачылган. Кылмышка шектүү делинип Ж.Ж. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү адам камакка алынып, сурак берүүдө.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан