ИЗДЕЙМ СЕНИ

«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1993-жылы төрөлгөн курбум Токтомамат кызы Жайнагүлдү издейм. Биз Бишкек шаарындагы №58-орто мектепте чогуу окуганбыз. Жайнагүл, эгер бул катты окуган болсоң мага кат жаз.

Рабия Алмасбек кызы,
rkochkonova@inbox.ru

«АГАМ ОРУСИЯГА КЕТИП КАБАРЫ ЖОК»
– Агам Абдыганы Абдубалиевди издейм. Ал 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айылында туулган. 2012-жылы январь айында Орусиянын Свердлов облусуна иштегени кетип, ошол жылдын 12-июлунда «жакшы жетип алдым, иштеп жатам» деп телефон чалган. Ошондон кийин кабары жок болуп кетти. Эгерде агамды тааныгандар болсо, бизди табыштырганга жардам беришиңиздерди суранам.

Карындашы Арзыгүл Абдубалиева,
тел.: 0777 17-83-63, 0702 17-83-63

«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 1990-1995-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунун (азыркы Агрардык университет) зооинженерия факультетинде чогуу окуган группалаш досторум Канат Максутов жана Эмил Оморовду издейм. Тааныгандар болсо мага чалып коюшуңуздарды өтүнөм.

Мирлан Чоюбеков,
тел.: 0773 36-53-25

«ДОСУМДУ ТАППАЙ КЕЛЕМ»
– Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында 1959-жылы туулган Искендер Абдылдаев аттуу досумду издейм. Экөөбүз 1979-жылы Политехникалык институтта (азыркы Техникалык университет) чогуу окуганбыз. Анан ал аскерге кызмат өтөгөнү кеткен. Башында кат алышып турчубуз, кийин байланыша албай калдык. Бишкекте деп угам, бирок издеп таба албай койдум.

Турдумамат Сыдыков,
тел.: 0777 89-92-70

«КУРБУЛАР, КАЙДАСЫҢАР?»
– Ош технологиялык техникумунун тигүү бөлүмүн 1993-94-жылдары сырттан окуган курбум, 1972-жылы Кара-Суу районунда туулган Гүлчехра Кадырованы издейм. Андан тышкары Чынара аттуу курбумду да издейм. Анын Ибадат аттуу эжеси 1999-2000-жылдары Казакстандын Алматы шаарында мугалим болуп эмгектенчү. Жогорудагы курбуларымды тааныгандар болсо байланыштырып коюуңарды суранам.

Элмира,
тел.: 0552 97-08-04

«ИНИМ 5 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ»
– Мындан 5 жыл мурда бир тууган иним Назбек Алыбаев апама таарынып үйдөн чыгып кеткен. Кийин тааныштардан Бишкек шаарындагы Бакай-Ата жаңы конушунда жашайт деп угуп, көп жолу издеп барып, таппай койдум. «Тюменге барып иштеп келем» деп жүргөнүн угуп калчумун, балким, ошол жакка кетип калдыбы деп ойлойм. Ал 1970-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында төрөлгөн. Апам былтыр каза болуп калды. Инимди көргөн-билгендер болсо мага телефон чалып коюшун суранам.

Бейшеке Алыбаев,
тел.: 0773 21-26-35

«АГАМДЫ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– Мен бир тууган агам Калтабаев Чыңгыз Каныбековичти издейм. Ал 1987-жылы 1-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Совет айылында туулган. Агамды таанып-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.

Кундуз,
тел.: 89251775441

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан