Күз келген сайын Кыргызстандагы белгилүү бойдок мырзалардын саны азайып барат. Кыздар, бүгүн жүрөгү, башы бош мырзаларды тизмектеп, төмөнкүлөрдү силердин сыныңарга коюуну чечтик. Байкаштырып көргүлө, балким, кыялыңыздагы ханзаадаңыз бул тизменин арасындадыр.
КУБАТТЫН ЖУБАЙЫ ЭЧ КИМДИКИНЕ ОКШОБОШ КЕРЕК
Толук аты – Кубат Кубанычбеков
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Жашы – 25те
Бою – 188 сантиметр
Салмагы – таразага түшө элек
Кайсы сыйлуу концерт, сынак болсо төбөсү ошол жерден көрүнгөн «тамашоучу» Кубаттын алпаруучулук өнөрдү өздөштүргөнүнө көп болду. Жигит тың, алпаруучулук менен кошо той-кечелердин көркүн ачып тамадалык да кылат. Учурда бопбойдок, бирок аны өзүнө имерип алгысы келген кыздарга койгон талабы да катуу. Кубанын жары болчу кызда 200 пайыз ыйман, 300 пайыз мээ болуш керек. «Кыз кишиде акылмандык болбосо калган жакшы жактарын жөн эле жууп кетет» дейт. Анан да Кубанын чийилген дубал үчүн деле бир саат бою наалып, чукуп сүйлөп, тийишип, мээни жеп салмай «вредный привычкасы» бар экен, ошого чыдаш үчүн сизге 400 пайыз сабырдуулук талап кылынат. Жөнү жок кызгана берген кыздарды өзүнө ишенбеген, өзүнө баа бере албаган айымдар деп эсептейт. Кыскасы, тамашакөй жигиттин болочоктогу жубайы эч кимге окшобой, тескерисинче, элдики аныкына окшошу керек. Үй жумуштарын жасаганды билбесеңиз кам санабаңыз, Куба 2-классында уй сааганды, 3-классында камыр жууруганды, 4-классында кир жууганды үйрөнгөн. Үйдө болочок келинчегине жардам берип, кол кабыш кылууну уят деп эсептебейт. Андыктан эртерээк «реакция» кылып, тамашакөй жигиттин жүрөгүнө кетчү жолду издеңиз.
КУМАРДЫН ЖЫЛМАЮУСУ ЭЛЕ БИР ТАЙЛЫК
Толук аты – Кумар Сагын уулу
Туулган жери – Ош облусу
Жашы – 19да
Бою – «Жебе» тобунун узуну
Салмагы – орто эле
Баш көтөрбөй Кенже Дүйшееванын айтканын айткан, дегенин дегендей аткарышкан «Жебе» деген топ бар. Кенже эжекебиз атайын келбетине карап тандаганбы, курамдагы жигиттердин өң-келбети келишкен, модель болуп алышса деле жарашчудай. Арасынан Кумарга ашык болгон кыздар оголе көп. Социалдык желеде илинген ар бир сүрөтү талкуусуз калбаган ырчыга ар кандай мүнөздөгү кыздар жагып калышы мүмкүн. Келбетиңиз жакпаса башка жакшы сапаттарыңыз менен деле Кумардын бал ширинине айлансаңыз болот. «Сүйүктүүм көзүмө чөп салса, токтоосуз мамилемди үзөм» дейт Кумар. Андыктан эки фронтто жүргөндү жактырган кыздарга Кумар деген абонент түбөлүк «недоступен». Ал эми мүнөзүнө келсек, ырчы жигит сылык, жумшак, кээде уялчаак, айтор, ар кандай. Достукка бекем, сүйүүгө туруктуу Кумардын сүйүктүүсү болгуңуз келсе, анда азыртадан аракетти баштаңыз.
БЕКТЕМИРДИН КАДАМДАРЫН АҢДЫЙ БЕРБЕҢИЗ
Толук аты – Бектемир Мамаюсупов
Туулган жери – Бишкек шаары
Жашы – 27де
Бою – 183 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Жаш актёр Бектемир Мамаюсуповдун «Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы ролунан кийин көп кыздар «эх» деп кыялданып калса керек. Ооба, кыздар, актёр жигит тамшанчудай эле бар. Алыңар жетсе эртерээк чаап алганга шашкыла, антпесе атаандаштык күчтүү. Бектемир жалгыз, баарыңарга үлгүрө албайт. Кара каш актёр эркиндигин чектеген кыздарды жактырбайт. Ашыкча кызганчаак болсоңуз иштин бүткөнү, андан көрө анын оң-солго кеткен кадамдарын аңдыбай, тилиңизди тишке катып көрмөксөнгө салып койсоңуз жеңиш сиз тарапта болот. Бектемир «Кыздардын арасында чоңойгонмун, алардын психологиясын, эмнени каалап жатканын сүйлөгөнүнөн эле билем» дейт. Демек, аңдап сүйлөп, тыңдап укканга үйрөнөт экенсиз. Актёрдун жубайы болууга жигиттер менен көп сүйлөшпөгөн кыздардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөктөй, анткени бойдок мырза дал ушундай кыздарды сыйлайт.
Ии, баса, бул жигит баш айланткан атактуулуктан тажаган окшойт, айтор, акыркы күндөрү тынчтыкты самап калганын айтты. Эмне дейбиз, Бектемирдин талантына таазим эткен кыздар, чамдагыла, балким, «финишке» сиз биринчи жетерсиз.
МИРСУЛЖАН ЖУБАЙЫНЫН ҮЙДӨ ОТУРУШУН КААЛАБАЙТ
Келечектен көптү үмүттөндүргөн коомдук ишмер Мирсулжан Намазаалы да көз күйдүргөн бойдок жигиттердин катарын толуктайт. Жаш саясатчы кыздарды улутуна, динине карап бөлбөйт. Мирсулжан: «Мага көздөрү жанардай күйүп турган, жөндөмдүү, аракетчил, билимдүү, негиздүү максаттары бар кыздар жагат. Максаты жок кыздар менен баарлашып, ой алмашуу мен үчүн кызыксыз. Эң негизгиси, бизди байланыштырган кызыктуу тема болуш керек. Кыздар кыргыз жана орус тилдерин билүү менен чектелбестен, англис жана башка тилдерди өздөштүрүүлөрү абзел. Үй-бүлө куруу бул абдан чоң жоопкерчилик, андыктан «үйлөнүш керек» деп шашкалактабайм»,- дейт.Толук аты – Мирсулжан Намазаалы
Туулган жери – Талас облусу
Жашы – 26да
Бою – 171 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
АТАЙДЫН КЫРС МҮНӨЗҮНӨ ЧЫДАШ КЕРЕК
Толук аты – Атай Өмүрбеков
Туулган жери – Чүй облусу
Жашы – 28де
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Атай Өмүрбеков «Ээнсиреген үй» тасмасына тартылгандан кийин жамбаш булчуңуна суктанган кыздар пайда болгонун айткан эле. Дегени менен, актёр жигит «Мен өтө эле «старомодныймын» кыздар жигиттерге эмес, жигиттер кыздарга биринчи сөз айтыш керек деген принциптин модасы кетип калса деле тутунам. Ошон үчүн эгер кыз мени жактырып калса, жагынуунун айласын издебей жөн гана мага жактыруу сезимдерин билдирип койсо, калганын өзүм улап кетем» дейт.
Жөнөкөй, чачы узун, тыкан, таза айымдар Атайдын табитинде. Талаптарды коюп, «мындай-тигиндей бол» деп да айтпайт, ким болсоңуз да Атайдын чыгармачылыгын колдоп, аны түшүнсөңүз болду. Кемчилиги, жини бат келет, чагылгандай чарт-чурт болгон мүнөзүнө чыдабайм десеңиз, ак жоолугуңузду азырынча сандыкта эле катып турганыңыз оң. Тамакты даамдуу жасай албасаңыз ага деле көз жумуп коёт, болгону картошка менен эт кууруганды билсеңиз болду, калганын өздөштүрүп кетет деген үмүттө.
Лунара Бекиева
star@super.kg